Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 9
Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении" · гл. 2Статус: действует

Статья 9. Полномочия местных государственных администраций и органов местного самоуправления в сфере общественного здравоохранения

1.

К полномочиям местных государственных администраций на соответствующей территории в сфере общественного здравоохранения относятся:

1) обеспечение реализации государственной политики в сфере общественного здравоохранения;

2) обеспечение во взаимодействии с уполномоченным государственным органом в сфере здравоохранения реализации государственных, целевых и региональных программ по развитию общественного здравоохранения, профилактике заболеваний и укреплению здоровья, управлению распространением и уменьшению последствий инфекционных и неинфекционных заболеваний;

3) обеспечение согласованной деятельности государственных органов в сфере общественного здравоохранения и их взаимодействие с органами местного самоуправления;

4) организация взаимодействия организаций независимо от форм собственности, местного сообщества с организациями здравоохранения по вопросам проведения периодических медицинских осмотров и профилактических мероприятий;

5) (утратил силу в соответствии с Законом КР от 7 августа 2024 года № 163)

6) создание и развитие инженерной, коммунальной и телекоммуникационной инфраструктуры для обеспечения инфраструктурной доступности услуг общественного здравоохранения и организаций здравоохранения для населения;

7) предоставление на безвозмездной основе муниципальной собственности государственным организациям общественного здравоохранения;

8) обеспечение взаимодействия между гражданским обществом, средствами массовой информации по вопросам содействия развитию здорового образа жизни и минимизации факторов риска заболеваний среди населения, профилактики инфекционных и неинфекционных заболеваний, информирования об особо опасных видах инфекционных заболеваний;

9) проведение информационной и разъяснительной работы среди населения по вопросам организации первичной медико-санитарной помощи, санитарно-противоэпидемических (профилактических) мероприятий и вакцинации;

10) информирование уполномоченного государственного органа в сфере здравоохранения о текущей ситуации для принятия оперативных совместных решений;

11) создание благоприятных условий для развития организаций общественного здравоохранения.

2.

К полномочиям органов местного самоуправления в сфере общественного здравоохранения на соответствующей территории относятся:

1) организация предоставления и развития услуг в сфере общественного здравоохранения;

2) оказание содействия в реализации мероприятий по формированию здорового образа жизни, санитарно-гигиеническому просвещению населения на соответствующей территории;

3) оказание содействия в обеспечении своевременного проведения санитарно-противоэпидемических (профилактических) мероприятий,

4) оказание содействия в обеспечении своевременного проведения карантинно-ограничительных мер;

5) (утратил силу в соответствии с Законом КР от 7 августа 2024 года № 163)

6) (утратил силу в соответствии с Законом КР от 7 августа 2024 года № 163)

3.

Местная государственная администрация и органы местного самоуправления на соответствующей территории во взаимодействии создают и развивают инженерную, коммунальную, телекоммуникационную инфраструктуру и условия для реализации конституционных прав человека и гражданина по укреплению здоровья, развития здорового образа жизни, а также благоприятную для здоровья окружающую среду в сфере общественного здравоохранения.

(В редакции Закона КР от 7 августа 2024 года № 163)

Кыргызча
Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары 1. Тиешелүү аймакта коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет: 1) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылуу; 2) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүүдө коомдун саламаттыгын сактоону өнүктүрүү, оорулардын алдын алуу жана ден соолукту чыңдоо, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын таркап кетүүсүн жана алардын кесепеттерин азайтууну башкаруу боюнча мамлекеттик, максаттуу жана региондук программаларды ишке ашырууну камсыз кылуу; 3) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын макулдашылган ишин жана алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу; 4) мезгил-мезгили менен медициналык кароолорду жана алдын алуу иш-чараларын өткөрүү маселелери боюнча менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, жергиликтүү коомчулуктун саламаттык сактоо уюмдары менен өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу; 5) (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 6) коомдун саламаттыгын сактоонун жана калк үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн инфратүзүмдүк жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн инженердик, коммуналдык жана телекоммуникациялык инфратүзүмдү түзүү жана өнүктүрүү; 7) мамлекеттик коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарына акысыз негизде муниципалдык менчикти берүү; 8) сергек жашоо мүнөзүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана калк арасында оорулардын тобокелдик факторлорун азайтуу, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, жугуштуу оорулардын өзгөчө кооптуу түрлөрү жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосунда өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу; 9) алгачкы медициналык-санитардык жардамды, санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чараларды жана вакцинациялоону уюштуруу маселелери боюнча калк арасында маалыматтык жана түшүндүрүү иштерин өткөрүү; 10) ыкчам биргелешкен чечимдерди кабыл алуу үчүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга учурдагы кырдаал жөнүндө маалымдоо; 11) коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү. 2. Тиешелүү аймакта коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет: 1) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүнү жана өнүктүрүүнү уюштуруу; 2) тиешелүү аймакта сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу, калкты санитардык-гигиеналык агартуу боюнча иш-чараларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү; 3) санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чаралардын өз учурунда өткөрүлүшүн камсыз кылууга көмөк көрсөтүү; 4) карантиндик-чектөө чараларынын өз учурунда өткөрүлүшүн камсыз кылууга көмөк көрсөтүү; 5) (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 6) (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 3. Тиешелүү аймактын жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ара аракеттенүүдө ден соолукту чыңдоо, сергек жашоо мүнөзүн өнүктүрүү, ошондой эле коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө ден соолук үчүн жагымдуу айлана-чөйрөнү түзүү боюнча адамдын жана жарандын конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн инженердик, коммуналдык, телекоммуникациялык инфратүзүмдү жана шарттарды түзөт жана өнүктүрөт. (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)