Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 8
Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении" · гл. 2Статус: действует

Статья 8. Полномочия уполномоченного государственного органа в сфере здравоохранения

1.

К полномочиям уполномоченного государственного органа в сфере здравоохранения по направлению "общественное здравоохранение" относятся:

1) разработка и реализация государственных, целевых и региональных программ по развитию общественного здравоохранения, профилактике заболеваний и укреплению здоровья, управлению распространением и уменьшению последствий инфекционных и неинфекционных заболеваний;

2) координация деятельности организаций здравоохранения по исполнению национальных, государственных и целевых программ в сфере общественного здравоохранения;

2-1) утверждение санитарно-эпидемиологических правил и нормативов в порядке, определяемом Кабинетом Министров;

2-2) утверждение минимальных санитарных требований в порядке, определяемом Кабинетом Министров;

3) разработка и реализация мер в сфере санитарно-эпидемиологического благополучия населения;

4) разработка и внедрение системы управления качеством, безопасностью медицинских услуг;

5) координация проведения мероприятий по санитарной охране территории республики от завоза (заноса) и распространения инфекционных заболеваний;

6) координация проведения санитарно-эпидемиологического надзора и организация противоэпидемических, профилактических мероприятий по своевременной локализации и ликвидации вспышек инфекционных заболеваний и пищевых отравлений;

7) надзор за выполнением требований нормативных правовых актов в сфере общественного здравоохранения;

8) государственный санитарно-эпидемиологический надзор (контроль) выполнения требований нормативных правовых актов в сфере технического регулирования, а также санитарно-эпидемиологических правил и нормативов, минимальных санитарных требований;

9) участие во взаимодействии с государственными органами, местными государственными администрациями и органами местного самоуправления в решении вопросов, связанных с ликвидацией последствий чрезвычайных ситуаций и в период чрезвычайного положения;

10) осуществление мобилизационной подготовки по организации мер в сфере общественного здравоохранения в мирное и военное время;

11) осуществление мероприятий по реализации гражданской защиты в сфере здравоохранения;

12) координация деятельности государственных органов, местных государственных администраций и органов местного самоуправления, юридических и физических лиц независимо от форм собственности, включая иностранных, действующих на территории Кыргызской Республики в сфере профилактики инфекционных и неинфекционных заболеваний;

13) наблюдение, оценка и прогнозирование степени распространения инфекционных и неинфекционных заболеваний среди населения, эффективности проведения медицинских услуг;

14) внесение на рассмотрение Кабинета Министров предложений по развитию общественного здравоохранения, укреплению здоровья, управлению распространением и уменьшению последствий инфекционных и неинфекционных заболеваний;

15) подготовка медицинских кадров в сфере общественного здравоохранения;

16) координация и мониторинг деятельности государственных организаций общественного здравоохранения;

17) определение стандартов предоставления услуг общественного здравоохранения;

18) проведение мониторинга и оценки мероприятий в сфере общественного здравоохранения;

19) обеспечение дальнейшего развития и улучшения системы общественного здравоохранения;

20) анализ норм международного права, международной правоприменительной практики в сфере общественного здравоохранения;

21) анализ развития науки и новейших технологий в сфере общественного здравоохранения;

22) организация и осуществление мероприятий по профилактике заболеваний, а также по формированию здорового образа жизни у граждан Кыргызской Республики.

2.

Уполномоченный государственный орган в сфере здравоохранения является Национальным координатором Кыргызской Республики по ММСП.

3.

Национальный координатор Кыргызской Республики по ММСП (далее - Национальный координатор) в порядке, определяемом Кабинетом Министров, осуществляет координацию деятельности органов исполнительной власти и местного самоуправления по предотвращению международного распространения болезней, предохранению от них, борьбе с ними и принятию ответных мер на уровне общественного здравоохранения и взаимодействует с международными организациями и иностранными государствами по вопросам ММСП.

4.

Ответственным лицом Национального координатора по должности является Главный государственный санитарный врач Кыргызской Республики, полномочия которого в качестве ответственного лица Национального координатора определяются Кабинетом Министров.

(В редакции Закона КР от 29 октября 2025 года № 245 )

Кыргызча
Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары 1. "Коомдун саламаттыгын сактоо" багыты боюнча саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет: 1) коомдун саламаттыгын сактоону өнүктүрүү, оорулардын алдын алуу жана ден соолукту чыңдоо, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын таркап кетүүсүн жана алардын кесепеттерин азайтууну башкаруу боюнча мамлекеттик, максаттуу жана региондук программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; 2) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө улуттук, мамлекеттик жана максаттуу программаларды аткаруу боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын ишин координациялоо; 2-1) Министрлер Кабинети аныктаган тартипте санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана ченемдерди бекитүү; 2-2) Министрлер Кабинети аныктаган тартипте минималдуу санитардык талаптарды бекитүү; 3) калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; 4) медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, коопсуздугун башкаруу системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү; 5) республиканын аймагына жугуштуу оорулардын кирүүсүнөн жана алардын таркап кетүүсүнан санитардык коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүүнү координациялоо; 6) санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүнү жана жугуштуу оорулардын чыгышын, тамак-аштан ууланууларды өз убагында токтотуу жана жоюу боюнча эпидемияга каршы, профилактикалык иш-чараларды уюштурууну координациялоо; 7) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө; 8) техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарын, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин, минималдуу санитардык талаптардын аткарылышына мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө (контролдоо); 9) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан маселелерди чечүүдө жана өзгөчө абал мезгилинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүгө катышуу; 10) тынч жана согуш мезгилинде коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү чараларды уюштуруу боюнча мобилизациялык даярдыкты жүзөгө ашыруу; 11) саламаттык сактоо чөйрөсүндө жарандык коргонууну ишке ашыруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу; 12) жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген чет өлкөлүк жактардын ишин координациялоо; 13) калк арасында жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын таркап кетүү деңгээлине, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугуна байкоо жүргүзүү, баа берүү жана божомолдоо; 14) Министрлер Кабинетинин кароосуна коомдун саламаттыгын сактоону өнүктүрүү, ден соолукту чыңдоо, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын таркап кетүүсүн жана алардын кесепеттерин азайтууну башкаруу боюнча сунуштарды киргизүү; 15) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө медициналык кадрларды даярдоо; 16) мамлекеттик коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарынын ишин координациялоо жана мониторинг жүргүзүү; 17) коомдун саламаттыгын сактоо боюнча кызмат көрсөтүү стандарттарын аныктоо; 18) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү иш-чараларга мониторинг жүргүзүү жана баа берүү; 19) коомдун саламаттыгын сактоо системасын андан ары өнүктүрүүнү жана жакшыртууну камсыз кылуу; 20) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө эл аралык укуктун ченемдерине, эл аралык укук колдонуу тажрыйбасына талдоо жүргүзүү; 21) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө илимди жана жаңы технологияларды өнүктүрүүгө талдоо жүргүзүү; 22) Кыргыз Республикасынын жарандарында оорулардын алдын алуу, ошондой эле сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу. 2. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ЭМСЭ боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук координатору болуп саналат. 3. ЭМСЭ боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук координатору (мындан ары - Улуттук координатор) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте оорулардын эл аралык таркап кетүүсүна жол бербөө, алардан сактануу, аларга каршы күрөшүү жана коомдун саламаттыгын сактоо деңгээлинде жооптуу чараларды көрүү боюнча аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишин координациялайт жана ЭМСЭ маселелери боюнча эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттер менен өз ара аракеттенет. 4. Улуттук координатордун жооптуу адамы кызмат орду боюнча Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачы болуп саналат, анын Улуттук координатордун жооптуу адамы катары ыйгарым укуктары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамынын редакциясына ылайык)