Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 5
Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении" · гл. 1Статус: действует

Статья 5. Основные направления государственной политики в сфере общественного здравоохранения

Основными направлениями государственной политики в сфере общественного здравоохранения в Кыргызской Республике являются:

1) профилактическая направленность здравоохранения и формирование у населения приверженности к здоровому образу жизни;

2) создание условий для охраны и укрепления здоровья людей на основе равенства и доступности услуг общественного здравоохранения;

3) укрепление психического и физического здоровья, как фактора, повышающего качество жизни и уровень социального благополучия всего населения;

4) развитие общественного здравоохранения в соответствии с потребностями населения в сфере охраны и укрепления здоровья, создание равных условий для функционирования организаций общественного здравоохранения;

5) обеспечение граждан объективной и достоверной информацией по вопросам профилактики заболеваний, охраны и укрепления здоровья;

6) координация деятельности в сфере общественного здравоохранения на основании принципа единого здоровья;

7) сотрудничество и взаимодействие общественных и других организаций с активным участием населения в решении вопросов охраны и укрепления здоровья населения;

8) обеспечение упорядоченным доступом граждан к качественным, эффективным, безопасным лекарственным средствам и медицинским изделиям;

9) ответственность государственных органов, местных государственных администраций и органов местного самоуправления в пределах делегированных государственных полномочий, юридических и физических лиц за состояние здоровья населения и качество оказываемых услуг общественного здравоохранения;

10) ответственность человека и гражданина за сохранение и укрепление своего здоровья и здоровья других людей;

11) экономическая заинтересованность физических и юридических лиц в охране и укреплении здоровья населения;

12) научная обоснованность профилактических мероприятий;

13) принятие государственных, целевых и региональных программ по развитию общественного здравоохранения, укреплению здоровья, управлению распространением и уменьшению последствий инфекционных и неинфекционных заболеваний;

14) установление льгот и компенсаций за работу в особых условиях труда (вредные и опасные условия труда) в порядке и на условиях, предусмотренных в соответствии с трудовым законодательством и законодательством в сфере пенсионного и социального обеспечения;

15) отнесение инфекционных и неинфекционных заболеваний к профессиональным заболеваниям в порядке и на условиях, предусмотренных трудовым законодательством и законодательством в области здравоохранения, социальной защиты;

16) внедрение и развитие информационных технологий в сфере общественного здравоохранения;

17) защита структурированных персональных медицинских данных о состоянии здоровья физического лица и оказываемой ему медицинской помощи, формируемых субъектами цифрового здравоохранения из электронных источников на протяжении всей жизни и доступных как физическому лицу, так и работникам здравоохранения;

18) включение в учебные программы организаций образования независимо от форм собственности тематических разделов по вопросам укрепления здоровья, профилактики инфекционных и неинфекционных заболеваний;

19) международное сотрудничество в сфере общественного здравоохранения.

Кыргызча
Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары Кыргыз Республикасында коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары төмөнкүлөр болуп саналат: 1) саламаттык сактоонун алдын алууга багытталгандыгы жана калктын сергек жашоо мүнөзүнө берилүүсүн калыптандыруу; 2) коомдун саламаттыгын сактоо кызмат көрсөтүүлөрүнүн калыстыгынын жана жеткиликтүүлүгүнүн негизинде адамдардын ден соолугун коргоо жана чыңдоо үчүн шарттарды түзүү; 3) бүтүндөй калктын жашоо сапатын жана социалдык бейпилдик деңгээлин жогорулатуучу фактор катары психикалык жана физикалык ден соолукту чыңдоо; 4) ден соолукту коргоо жана чыңдоо чөйрөсүндө калктын керектөөлөрүнө ылайык коомдун саламаттыгын сактоону өнүктүрүү, коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарынын иштөөсү үчүн бирдей шарттарды түзүү; 5) оорулардын алдын алуу, ден соолукту коргоо жана чыңдоо маселелери боюнча объективдүү жана анык маалымат менен жарандарды камсыз кылуу; 6) бирдиктүү ден соолук принцибинин негизинде коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү ишти координациялоо; 7) калктын активдүү катышуусу менен калктын саламаттыгын коргоо жана чыңдоо маселелерин чечүүдө коомдук жана башка уюмдардын кызматташтыгы жана өз ара аракеттенүүсү; 8) жарандардын сапаттуу, натыйжалуу, коопсуз дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга тартипке салынган жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу; 9) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чегинде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жана жеке жактардын калктын саламаттыгынын абалы жана коомдун саламаттыгын сактоо боюнча көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты үчүн жоопкерчилиги; 10) өзүнүн жана башка адамдардын ден соолугун коргоо жана чыңдоо үчүн адамдын жана жарандын жоопкерчилиги; 11) калктын саламаттыгын коргоодо жана чыңдоодо юридикалык жана жеке жактардын экономикалык кызыкчылыгы; 12) профилактикалык иш-чаралардын илимий негиздүүлүгү; 13) коомдун саламаттыгын сактоону өнүктүрүү, ден соолукту чыңдоо, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын таркап кетүүсүн жана алардын кесепеттерин азайтууну башкаруу боюнча мамлекеттик, максаттуу жана региондук программаларды кабыл алуу; 14) эмгек мыйзамына жана пенсиялык жана социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык каралган тартипте жана шарттарда өзгөчө эмгек шарттарында (зыяндуу жана кооптуу эмгек шарттары) иштегендиги үчүн жеңилдиктерди жана компенсацияларды белгилөө; 15) эмгек мыйзамдарында жана саламаттык сактоо, социалдык жактан коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте жана шарттарда жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруларды кесиптик ооруларга киргизүү; 16) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө маалыматтык технологияларды ишке киргизүү жана өнүктүрүү; 17) адамдын саламаттыгынын абалы жана ага көрсөтүлүүчү медициналык жардам жөнүндө санариптик саламаттык сактоо субъекттери тарабынан электрондук булактардан өмүр бою түзүлүүчү, жеке жакка, ошондой эле саламаттык сактоо кызматкерлерине жеткиликтүү болгон түзүмдөштүрүлгөн жеке медициналык маалыматтарды коргоо; 18) менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарынын окуу программаларына ден соолукту чыңдоо, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу маселелери боюнча тематикалык бөлүмдөрдү киргизүү; 19) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө эл аралык кызматташуу.