Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 8
Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике" · гл. 2Статус: действует

Статья 8. Полномочия Кабинета Министров в области охраны здоровья граждан

К полномочиям Кабинета Министров в области охраны здоровья граждан относятся:

1) обеспечение конституционных прав граждан Кыргызской Республики в области охраны здоровья;

2) утверждение единой государственной политики в области охраны здоровья граждан и мер по ее осуществлению, а также стратегии развития здравоохранения;

3) разработка, принятие, финансирование и контроль реализации национальных, государственных, целевых программ по охране здоровья граждан и развитию системы государственного здравоохранения, направленных на реализацию прав граждан в сфере охраны здоровья, включая профилактику, лечение и социальную защиту населения;

4) утверждение нормативных правовых актов в сфере охраны здоровья, включая вопросы управления организациями здравоохранения;

5) утверждение перечня гарантированных государством услуг по охране здоровья и оказание медико-санитарной помощи бесплатно и на льготных условиях в рамках Программы государственных гарантий;

6) развитие, осуществление руководства и координации научных исследований по проблемам здоровья населения и обеспечение организаций здравоохранения высокотехнологичными изделиями медицинского назначения;

7) координация и руководство деятельностью органов государственной власти по вопросам охраны здоровья граждан;

8) реализация мер, направленных на спасение жизни людей и защиту их здоровья при чрезвычайных ситуациях, недопущение их возникновения, информирование граждан об обстановке в зоне чрезвычайной ситуации и принимаемых мерах;

9) создание учреждений, оказывающих внебольничную, стационарную, реабилитационную и паллиативную помощь, а также оказание содействия в создании и функционировании предприятий и учреждений милосердия;

10) внедрение информационно-цифровых технологий в деятельность организаций здравоохранения и телемедицинских технологий (дистанционное обучение) в образовательных организациях до и последипломного медицинского образования;

11) создание условий для подготовки, переподготовки и повышения квалификации специалистов, оказывающих медицинскую помощь населению;

12) создание условий для повышения уровня информированности населения, в первую очередь, среди лиц из группы риска о мерах по профилактике НИЗ;

13) обеспечение финансирования для создания полугодового запаса инсулина, бесплатное обеспечение необходимыми сахароснижающими препаратами и льготное обеспечение средствами самоконтроля лиц с сахарным диабетом;

14) льготное обеспечение лиц с сахарным диабетом при наличии показаний: ортопедической обувью и стельками, протезами и средствами передвижения; проведение лазерной фотокоагуляции сетчатки, стентирование сосудов (при стенозе артерий сердца и ног) и т.д.;

15) создание и укрепление материально-технической базы организаций здравоохранения по оказанию медицинской помощи населению;

16) предоставление полной и достоверной информации о состоянии среды обитания, потенциальной опасности для здоровья человека выполняемых работ и услуг;

17) бесплатное обеспечение больных в терминальной стадии заболевания наркотическими и обезболивающими препаратами.

Кыргызча
Министрлер Кабинетинин жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктары Министрлер Кабинетинин жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет: 1) Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттык сактоо жаатындагы конституциялык укуктарын камсыздоо; 2) жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жана аны жүзөгө ашыруу боюнча чараларды, ошондой эле саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн стратегиясын бекитүү; 3) жарандардын саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү укуктарын ишке ашырууга, анын ичинде алдын алууга, дарылоого жана калкты социалдык коргоого багытталган жарандардын саламаттыгын сактоо жана мамлекеттик саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүү боюнча улуттук, мамлекеттик, максаттуу программаларды иштеп чыгуу, кабыл алуу, каржылоо жана алардын ишке ашырылышын контролдоо; 4) саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды, анын ичинде саламаттык сактоо уюмдарын башкаруу маселелерин бекитүү; 5) саламаттыкты сактоо боюнча мамлекет тарабынан кепилденген кызматтардын тизмесин бекитүү жана Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык-санитардык жардамды акысыз жана жеңилдетилген шарттарда көрсөтүү; 6) калктын саламаттыгынын көйгөйлөрү боюнча илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү, жетектөөнү жана координациялоону жүзөгө ашыруу жана саламаттык сактоо уюмдарын медициналык багыттагы жогорку технологиялык буюмдар менен камсыздоо; 7) жарандардын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын ишин координациялоо жана жетектөө; 8) өзгөчө кырдаалдарда адамдардын өмүрүн сактоого жана алардын саламаттыгын коргоого багытталган чараларды ишке ашыруу, алардын пайда болушуна жол бербөө, өзгөчө кырдаал чөлкөмүндөгү жагдай жана көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жарандарга маалымдоо; 9) ооруканадан тышкары, стационардык, реабилитациялык жана паллиативдик жардам көрсөтүүчү мекемелерди түзүү, ошондой эле боорукердик ишканаларын жана мекемелерин түзүүгө жана алардын иштөөсүнө көмөк көрсөтүү; 10) саламаттык сактоо уюмдарынын ишине маалыматтык-санариптик технологияларды жана дипломго чейинки жана андан кийинки медициналык билим берүү уюмдарына телемедициналык технологияларды (аралыктан окутуу) киргизүү; 11) калкка медициналык жардам көрсөтүүчү адистерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү; 12) калктын, биринчи кезекте тобокелдик тобундагы адамдар арасында инфекциялык эмес ооруну алдын алуу боюнча чаралар тууралуу кабардар болушунун деңгээлин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү; 13) инсулиндин жарым жылдык запасын түзүү үчүн каржылоону камсыздоо, кант диабети менен ооруган адамдарды кантты азайтуучу зарыл болгон препараттар менен акысыз камсыздоо жана өзүн-өзү контролдоо каражаттары менен жеңилдетилген шартта камсыз кылуу; 14) көрсөтмөлөр болгон учурда кант диабети менен ооруган адамдарды төмөнкүлөр менен жеңилдетилген түрдө камсыз кылуу: ортопедиялык бут кийим жана батектер, протездер жана жүрүү каражаттары менен камсыздоо; көздүн торчосуна лазердик фотокоагуляция жүргүзүү, кан тамырларга стент коюу (жүрөк жана бут артерияларынын стенозунда) ж.б.; 15) калкка медициналык жардам көрсөтүү боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын түзүү жана чыңдоо; 16) жашоо чөйрөсүнүн абалы, аткарылуучу жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн адамдын ден соолугу үчүн потенциалдуу коркунуч жаратышы жөнүндө толук жана анык маалыматтарды берүү; 17) оорунун терминалдык баскычындагы оорулууларды баңгизат жана ооруну басуучу препараттар менен акысыз камсыздоо.