Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 13
Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике" · гл. 2Статус: действует

Статья 13. Права и обязанности организаций здравоохранения

1.

Организации здравоохранения, оказывающие медико-санитарную помощь, имеют право:

1) участвовать в реализации национальных, государственных программ;

2) получать своевременный и полный финансовый расчет в системе Единого плательщика в соответствии с заключенными договорами;

3) получать от граждан, обратившихся за медико-санитарной помощью, необходимые сведения о состоянии их здоровья, результатах лечения, проведенного другими организациями, осуществляющими медицинскую деятельность;

4) запрашивать с согласия гражданина сведения у других организаций, проводивших его обследование или лечение;

5) выдавать листки временной нетрудоспособности, справки о рождении, смерти и иные медицинские документы в порядке, установленном законодательством Кыргызской Республики в сфере охраны здоровья;

6) получать информацию о вредном воздействии окружающей среды на человека;

7) создавать или входить в профессиональные медицинские общественные организации;

8) получать необходимую достоверную информацию от организаций здравоохранения независимо от форм собственности о количестве выявленных лиц, страдающих инфекционными и неинфекционными заболеваниями;

9) внедрять в практику здравоохранения достижения современной медицинской науки.

2.

Организации здравоохранения, оказывающие медико-санитарную помощь, обязаны:

1) осуществлять деятельность в соответствии со своим уставом (положением);

2) обеспечивать доступную, своевременную, квалифицированную медицинскую помощь необходимого объема в соответствии с выделенными материальными и финансовыми ресурсами;

3) предоставлять скорую и неотложную медицинскую помощь;

4) своевременно перенаправлять и обеспечивать транспортировку пациента в адекватном состоянии на соответствующий уровень оказания медицинской помощи;

5) обеспечивать готовность к работе в экстремальных условиях (эпидемии, чрезвычайные ситуации, военное положение, стихийные бедствия, работа в труднодоступных и опасных условиях);

6) проводить специальные профилактические медицинские мероприятия по предупреждению, диагностике и лечению заболеваний, представляющих опасность для окружающих;

7) соблюдать санитарно-гигиенический и противоэпидемический режим;

8) взаимодействовать и обеспечивать преемственность между смежными службами здравоохранения;

9) вести пропаганду здорового образа жизни и мероприятия по санитарно-гигиеническому воспитанию населения;

10) проводить флюорографическое обследование населения в соответствующие сроки;

11) проводить цитологическое обследование;

12) проводить динамическое наблюдение за лицами из группы риска по инфекционным и неинфекционным заболеваниям, а при выявлении признаков заболеваний направлять их на дообследование к соответствующим специалистам;

13) оказывать паллиативную помощь;

14) обеспечивать правильное ведение учета и отчетности по заболеваниям;

15) проводить систематический анализ эпидемиологии инфекционных и неинфекционных заболеваний, а также эффективности мероприятий по снижению заболеваемости населения;

16) участвовать в разработке и реализации государственной политики по защите и пропаганде исключительно грудного вскармливания детей, особенно детей в возрасте до тридцати шести месяцев, в порядке, установленном настоящим Законом;

17) проводить аудит перинатальной, младенческой и материнской смертности.

3.

Администрация и медицинский персонал психиатрического/наркологического стационара обязаны создать условия для осуществления прав пациентов и их законных представителей, предусмотренных настоящим Законом, в том числе:

1) обеспечивать условия для переписки, направления жалоб и заявлений пациентов в органы представительной и исполнительной власти, суд, прокурору, а также адвокату;

2) в течение 24 часов с момента поступления пациента в психиатрический стационар в недобровольном порядке принимать меры по оповещению его родственников, законного представителя или иного лица по его указанию;

3) информировать родственников или законного представителя пациента, а также иное лицо по его указанию об изменениях состояния его здоровья и чрезвычайных происшествиях с ним;

4) обеспечивать безопасность находящихся в стационаре пациентов, контролировать содержание посылок и передач;

5) выполнять функции законного представителя в отношении пациентов, признанных в установленном законом порядке недееспособными, но не имеющих такого представителя;

6) устанавливать и разъяснять верующим пациентам правила, которые должны в интересах других находящихся в психиатрическом стационаре пациентов соблюдаться при исполнении религиозных обрядов, порядок приглашения священнослужителя, содействовать в осуществлении права на свободу совести верующих и атеистов;

7) выполнять иные обязанности, установленные настоящим Законом.

4.

Администрация психоневрологического учреждения для социального обеспечения или специального обучения обязана не реже одного раза в год проводить освидетельствование лиц, проживающих в нем, врачебной комиссией с участием врача-психиатра с целью решения вопроса об их дальнейшем содержании в этом учреждении, а также о возможности пересмотра решения о их недееспособности.

Кыргызча
Саламаттык сактоо уюмдарынын укуктары жана милдеттери 1. Медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары төмөнкүлөргө укуктуу: 1) улуттук, мамлекеттик программаларды ишке ашырууга катышууга; 2) түзүлгөн келишимдерге ылайык Бирдиктүү төлөөчү тутумунда өз убагында жана толук финансылык эсептешүү алууга; 3) медициналык-санитардык жардам алуу үчүн кайрылган жарандардан алардын саламаттыгы, медициналык ишти жүзөгө ашырып жаткан башка уюмдар тарабынан жүргүзүлгөн дарылоонун жыйынтыктары тууралуу керектүү маалыматтарды алууга; 4) жаранды текшерген же дарылаган башка уюмдардан маалыматтарды анын макулдугу менен сурап алууга; 5) убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчаларын, туулгандыгы, өлгөндүгү жөнүндө маалымкаттарды жана башка медициналык документтерди саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берүүгө; 6) адамга айлана-чөйрөнүн зыяндуу таасири жөнүндө маалыматты алууга; 7) кесиптик медициналык коомдук уюмдарды түзүүгө же кирүүгө; 8) менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынан инфекциялык жана инфекциялык эмес оорулардан жабыр тарткан адамдардын аныкталган саны жөнүндө керектүү анык маалыматты алууга; 9) заманбап медициналык илимдин жетишкендиктерин саламаттык сактоо практикасына киргизүүгө. 2. Медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) ишин өзүнүн уставына (жобосуна) ылайык жүргүзүүгө; 2) керектүү көлөмдөгү жеткиликтүү, өз убагындагы, квалификациялуу медициналык жардамды бөлүнгөн материалдык жана финансылык ресурстарга ылайык камсыздоого; 3) тез жана кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүүгө; 4) адекваттуу абалдагы бейтапты медициналык жардам көрсөтүүнүн тиешелүү деңгээлине өз убагында кайра жөнөтүүгө жана жеткирүүнү камсыздоого; 5) экстремалдык шарттарда (эпидемиялар, өзгөчө кырдаалдар, согуштук абал, табигый кырсыктар, жетүүгө кыйын болгон жана кооптуу шарттарда иштөө) иштөөгө даярдыкты камсыздоого; 6) айланадагылар үчүн коркунуч жараткан ооруларды алдын алуу, дартын аныктоо жана дарылоо боюнча атайын алдын алуучу медициналык иш-чараларды жүргүзүүгө; 7) санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы режимди сактоого; 8) саламаттык сактоонун байланышкан кызматтары менен өз ара аракеттенүүгө жана алардын ортосундагы укук улантуучулукту камсыздоого; 9) сергек жашоо образын пропагандалоону жана калкты санитардык-гигиеналык тарбиялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө; 10) калкты флюрографиялык текшерүүнү тиешелүү мөөнөттөрдө жүргүзүүгө; 11) цитологиялык текшерүүнү жүргүзүүгө; 12) инфекциялык оорулар жана инфекциялык эмес оорулар боюнча тобокелдик тобундагы адамдарга динамикалуу байкоо жүргүзүүгө, ал эми оорулар аныкталган учурда аларды тиешелүү адистерге жеткире текшерүү үчүн жөнөтүүгө; 13) паллиативдик жардам көрсөтүүгө; 14) оорулар боюнча эсепке алууну жана отчеттуулукту туура жүргүзүүнү камсыздоого; 15) инфекциялык оорунун жана инфекциялык эмес оорунун эпидемиологиясына, ошондой эле калктын ооруга чалдыгуусун азайтуу боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугуна системалуу талдоо жүргүзүүгө; 16) балдарды, өзгөчө отуз алты айга чейинки курактагы балдарды жалаң эмчек менен эмизүүнү коргоо жана пропагандалоо боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга ушул Мыйзамда белгиленген тартипте катышууга; 17) перинаталдык өлүмгө, ымыркайлардын жана энелердин өлүмүнө аудит жүргүзүүгө. 3. Психиатриялык/наркологиялык стационардын администрациясы жана медициналык персоналы бейтаптардын жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн ушул Мыйзамда каралган укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө, анын ичинде төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) өкүлчүлүктүү жана аткаруу бийлигинин органдарына, сотко, прокурорго, ошондой эле адвокатка бейтаптардын кат жазышуулары, даттанууларын жана арыздарын жөнөтүү үчүн шарттарды түзүүгө; 2) бейтап психиатриялык стационарга ыктыярдуу эмес тартипте келип түшкөн учурдан тартып 24 сааттын ичинде анын туугандарына, мыйзамдуу өкүлүнө же анын көрсөтмөсү боюнча башка адамга кабарлоо боюнча чараларды көрүүгө; 3) бейтаптын туугандарына же мыйзамдуу өкүлүнө, ошондой эле анын көрсөтмөсү боюнча башка адамга анын ден соолугунун абалынын өзгөрүүлөрү жана аны менен болгон өзгөчө окуялар тууралуу маалымдоого; 4) стационардагы бейтаптардын коопсуздугун камсыздоого, аманат жиберүүнүн жана сырттан берилгендердин ичин контролдоого; 5) мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган, бирок мындай өкүлү жок бейтаптарга карата мыйзамдуу өкүлдүн функцияларын аткарууга; 6) динге ишенген бейтаптарга диний ырым-жырымдарды аткарууда психиатриялык стационардагы башка бейтаптардын кызыкчылыгы үчүн сакталууга тийиш болгон эрежелерди, динге ишенгендердин жана атеисттердин абийиринин эркиндигине болгон укуктарын жүзөгө ашырууга көмөктөшүүгө дин кызматкерин чакыруу тартибин белгилөөгө жана түшүндүрүүгө; 7) ушул Мыйзамда белгиленген башка милдеттерди аткарууга. 4. Психоневрологиялык мекеменин администрациясы социалдык камсыздоо же атайын окутуу үчүн ошол мекемеде жашаган адамдарды алардын ал жерде андан ары кармалуусу, ошондой эле алардын аракетке жөндөмсүздүгү жөнүндө чечимди кайра кароо мүмкүндүгү тууралуу маселени чечүү максатында врач-психиатрдын катышуусу менен врачтык комиссия тарабынан бир жылда бирден кем эмес жолу күбөлөндүрүү жүргүзүүгө милдеттүү.