Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 70
Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике" · гл. 6Статус: действует

Статья 70. Согласие на лечение и отказ от лечения лица с психическим расстройством

1.

Лечение лица с психическим и поведенческим расстройством проводится после получения его письменного информированного согласия, за исключением случаев, предусмотренных частью 4 настоящей статьи.

2.

Врач обязан предоставить лицу с психическим и поведенческим расстройством в доступной для него форме и с учетом его психического состояния информацию о характере психического расстройства, целях, методах, включая альтернативные, и продолжительности рекомендуемого лечения, а также о возможном риске, побочных эффектах и ожидаемых результатах. О предоставленной информации делается запись в медицинской документации.

3.

Согласие на лечение несовершеннолетнего в возрасте до 18 лет, а также лица, признанного в установленном законом порядке недееспособным, дается их законными представителями после сообщения им сведений, предусмотренных частью 2 настоящей статьи.

4.

Лечение может проводиться без согласия лица с психическим и/или поведенческим расстройством, или без согласия его законного представителя только при применении принудительных мер медицинского характера по основаниям, предусмотренным уголовным законодательством Кыргызской Республики, а также при недобровольной госпитализации по основаниям, предусмотренным частью 1 статьи 90 настоящего Закона. В этих случаях, кроме неотложных, лечение применяется по решению комиссии врачей-психиатров.

5.

В отношении лиц, указанных в части 4 настоящей статьи, применение для лечения психических и поведенческих расстройств хирургических и других методов, вызывающих необратимые последствия, а также проведение испытаний медицинских средств и методов не допускается.

6.

Лицо, страдающее психическим и поведенческим расстройством, или его законный представитель имеют право отказаться от предлагаемого лечения или прекратить его, за исключением случаев, предусмотренных частью 1 статьи 90 настоящего Закона.

7.

Лицу, отказывающемуся от лечения, либо его законному представителю должны быть разъяснены возможные последствия прекращения лечения. Отказ от лечения с указанием сведений о возможных последствиях оформляется записью в медицинской документации за подписью лица, отказывающегося от лечения, или его законного представителя и врача-психиатра.

Кыргызча
Психикасы бузулган адамдын дарылоого макулдугу жана дарылоодон баш тартуусу 1. Психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамды дарылоо ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, анын жазуу жүзүндөгү маалымдалган макулдугу алынгандан кийин жүргүзүлөт. 2. Дарыгер психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамга ал үчүн жеткиликтүү формада жана анын психикалык абалын эске алуу менен психикасынын бузулуу мүнөзү, дарылоонун максаттары, методдору, анын ичинде альтернативдик ыкмалары жана сунуш кылынган дарылоонун узактыгы, ошондой эле мүмкүн болуучу тобокелдик, кошумча таасирлер жана күтүлүүчү натыйжалар жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү. Берилген маалымат жөнүндө медициналык документтерге жазылат. 3. 18 жаш куракка чейинки жашы жете электи, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамды дарылоого макулдук ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган маалыматтар аларга билдирилгенден кийин алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан берилет. 4. Дарылоо психикасы жана/же жүрүм-туруму бузулган адамдын макулдугусуз же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган негиздер боюнча медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулганда, ошондой эле ушул Мыйзамдын 90-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча мажбурлап ооруканага жаткырууда гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Мындай учурларда, кечиктирилгис учурларды кошпогондо, дарылоо врач-психиатрлардын комиссиясынын чечими боюнча колдонулат. 5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарга карата психикасынын жана жүрүм-турумунун бузулууларын дарылоо үчүн орду толгус кесепеттерге алып келүүчү хирургиялык жана башка методдорду колдонууга, ошондой эле медициналык каражаттарга жана методдорго сыноо жүргүзүүгө жол берилбейт. 6. Ушул Мыйзамдын 90-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, психикасы жана жүрүм-туруму бузулуудан жабыр тарткан адам же анын мыйзамдуу өкүлү сунуш кылынган дарылоодон баш тартууга же аны токтотууга укуктуу. 7. Дарылоодон баш тарткан адамга, же болбосо анын мыйзамдуу өкүлүнө дарылоону токтотуунун мүмкүн болуучу кесепеттери түшүндүрүлүүгө тийиш. Мүмкүн болуучу кесепеттери жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен дарылоодон баш тартуу дарылоодон баш тарткан адамдын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн жана врач-психиатрдын колдору коюлган медициналык документтерге жазуу менен таризделет.