Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 68
Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике" · гл. 6Статус: действует

Статья 68. Право пациентов на информацию о состоянии здоровья

1.

Каждый пациент имеет право в доступной для него форме получить имеющуюся информацию о состоянии своего здоровья, включая сведения о результатах обследования, наличии заболевания, его диагнозе и прогнозе, методах лечения, связанном с ними риске, возможных вариантах медицинского вмешательства, их последствиях и результатах проведенного лечения.

2.

Информация о состоянии здоровья пациента предоставляется ему, а в отношении лиц, не достигших возраста 16 лет, и пациентов, признанных в установленном законом порядке недееспособными, их законным представителям лечащим врачом, заведующим отделением организации здравоохранения или другими специалистами, принимавшими непосредственное участие в обследовании и лечении. Если такой пациент в состоянии принимать рациональные решения, информация о состоянии здоровья предоставляется лично ему, и он имеет право запретить разглашение информации.

3.

Информация о состоянии здоровья не может быть предоставлена пациенту против его воли. В случае неблагоприятного прогноза развития заболевания информация должна сообщаться пациенту и членам его семьи с соблюдением медико-этических норм, если пациент не запретил сообщать им об этом и (или) не назначил лицо, которому должна быть передана такая информация.

4.

Информация, содержащаяся в медицинских документах пациента, составляет врачебную тайну и может предоставляться без согласия пациента только по основаниям, предусмотренным статьей 168 настоящего Закона.

5.

При реализации гражданином своих прав и свобод требования предоставления сведений о состоянии его психического здоровья либо обследования его врачом-психиатром допускаются лишь в случаях, установленных законами Кыргызской Республики.

6.

Пациенты имеют право на получение достоверной информации от медицинского работника:

1) о видах и порядке оказываемых медицинских услуг;

2) о наличии аттестата аккредитации организации здравоохранения;

3) об имени, фамилии, должности и квалификации медицинского персонала, участвующего в его обследовании и лечении;

4) о режиме труда и питания, занятиях физкультурой и спортом, реабилитационных мероприятиях в связи с его заболеванием;

5) о порядке приема лекарственных средств, возможных побочных эффектах.

Кыргызча
Бейтаптын ден соолугунун абалы жөнүндө маалыматты алуу укугу 1. Ар бир бейтап өзүнүн ден соолугунун абалы жөнүндө маалыматты, анын ичинде текшерилүүнүн жыйынтыктары, оорусунун бар экендиги, анын аныкталган дарты жана божомолу, дарылоо методдору, алар менен байланышкан тобокелдиктер, медициналык кийлигишүүнүн мүмкүн болуучу варианттары, алардын кесепеттери жана жүргүзүлгөн дарылоонун натыйжалары жөнүндө маалыматтарды өзүнө жеткиликтүү формада алууга укуктуу. 2. Бейтаптын ден соолугунун абалы жөнүндө маалымат анын өзүнө, ал эми 16 жаш куракка чыга элек адамдарга жана мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган бейтаптарга карата алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө дарылоочу врач, саламаттык сактоо уюмунун бөлүм башчысы же жүргүзүлгөн текшерүүгө жана дарылоого түздөн-түз катышкан башка адистер тарабынан берилет. Эгерде мындай бейтап рационалдуу чечимдерди кабыл ала тургандай абалда болсо, саламаттыгынын абалы жөнүндө маалымат жеке өзүнө берилет жана ал маалыматты ачыкка чыгарууга тыюу салууга укуктуу. 3. Ден соолугунун абалы жөнүндө маалымат бейтапка анын эркине каршы берилиши мүмкүн эмес. Оорунун өөрчүшүнүн жагымсыз болжолу болгон учурда, эгерде бейтап үй-бүлө мүчөлөрүнө бул жөнүндө билдирүүгө тыюу салбаса жана (же) ушундай маалымат берилүүгө тийиш болгон адамды дайындабаса, медициналык-этикалык ченемдерди сактоо менен маалымат бейтапка жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө билдирилүүгө тийиш. 4. Бейтаптын медициналык документтеринде камтылган маалымат врачтык жашыруун сырды түзөт жана бейтаптын макулдугусуз ушул Мыйзамдын 168-беренесинде каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн. 5. Жаран өзүнүн укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырууда анын психикалык саламаттыгынын абалы жөнүндө маалыматтарды берүү же болбосо аны дарыгер-психиатр тарабынан текшерүү талаптарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда гана жол берилет. 6. Бейтаптар медицина кызматкеринен төмөнкүлөр тууралуу анык маалыматтарды алууга укуктуу: 1) көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын түрлөрү жана тартиби жөнүндө; 2) саламаттык сактоо уюмун аккредитациялоо аттестатынын бар экендиги жөнүндө; 3) аны текшерүүгө жана дарылоого катышып жаткан медициналык персоналдын аты, фамилиясы, кызмат орду жана квалификациясы жөнүндө; 4) эмгек жана тамактануу режими, дене тарбия жана спорт менен машыгуу, анын оорусуна байланыштуу реабилитациялык иш-чаралар жөнүндө; 5) дары-дармек каражаттарын кабыл алуу тартиби, мүмкүн болуучу кошумча таасирлери жөнүндө.