Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 64
Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике" · гл. 5Статус: действует

Статья 64. Права лиц с неинфекционными и инфекционными заболеваниями

1.

Лица с неинфекционными и инфекционными заболеваниями в дополнение к общим правам граждан и пациентов имеют право на:

1) медицинское наблюдение в организациях здравоохранения независимо от их ведомственной подчиненности и форм собственности;

2) получение паллиативной помощи под руководством врача в медицинских учреждениях или в форме амбулаторной помощи;

3) получение бесплатной специализированной, квалифицированной медико-санитарной помощи для пациентов с инфекционными заболеваниями и осложнениями неинфекционных заболеваний в рамках Программы государственных гарантий;

4) бесплатный доступ к лабораторно-диагностическим исследованиям в соответствии с Программой государственных гарантий для пациентов с инфекционными и неинфекционными заболеваниями;

5) получение препаратов из перечня жизненно-важных лекарственных средств бесплатно и на льготных условиях для пациентов с инфекционными заболеваниями и осложнениями неинфекционных заболеваний в соответствии с Программой государственных гарантий;

6) бесплатный проезд (туда и обратно) за счет средств республиканского и местного бюджетов при направлении на лечение в специализированные организации здравоохранения для лиц, заболевших туберкулезом.

2.

Кроме того, лица с сахарным диабетом имеют право:

1) на обучение самоконтролю диабета;

2) на доступ к инсулину при необходимости его введения;

3) на предоставление необходимого времени для получения инъекций инсулина и своевременного приема пищи в процессе обучения;

4) обеспечение средствами самоконтроля и диагностики.

3.

Все лица с психическими расстройствами, а также с расстройствами, вызванными употреблением психоактивного вещества, при оказании им медицинской помощи в дополнение к общим правам граждан и пациентов имеют право на:

1) психиатрическую и наркологическую помощь лицам с психическими и поведенческими расстройствами на основе принципов законности, милосердия, гуманности и соблюдения прав и свобод человека и гражданина в наименее ограничительных условиях, по возможности - по месту жительства;

2) приглашение по их требованию любого специалиста, участвующего в оказании психиатрической помощи, с согласия последнего, для работы во врачебной комиссии;

3) применение ограничений прав и свобод граждан, связанных с психическим и поведенческим расстройством, лишь в случаях, предусмотренных законодательством Кыргызской Республики. Ограничение прав и свобод лиц с психическими расстройствами только на основании психиатрического диагноза, фактов нахождения под динамическим наблюдением в психиатрическом или наркологическом стационаре, в социальном стационарном учреждении или специального обучения, не допускается;

4) выбор методов и видов психиатрической, наркологической помощи, включенных в национальные клинические руководства и протоколы;

5) получение препаратов из перечня жизненно-важных лекарственных средств бесплатно и на льготных условиях в соответствии с Программой государственных гарантий;

6) получение достоверной информации о процедуре психиатрического, наркологического обследования, освидетельствования, лечения, психиатрических, психолого-психиатрических, наркологических экспертиз и их результатах; о причинах и правомерности их направления для прохождения лечения, той или иной экспертизы;

7) приглашение своего законного представителя по своему выбору при защите своих прав и законных интересов по вопросам проведения медицинского освидетельствования и наркологической экспертизы.

4.

За лицами, проходящими стационарное лечение от психических расстройств и расстройств, вызванных употреблением психоактивного вещества, сохраняется право на жилое помещение по месту их постоянного жительства в течение всего времени пребывания в них.

5.

Лица, страдающие злокачественными новообразованиями, имеют право на льготный проезд один раз в год в специализированные организации здравоохранения, предоставляющие онкологическую помощь на территории Кыргызской Республики, для получения консультативной или лечебной помощи.

6.

Лица, заболевшие туберкулезом, имеют право на лечение в специализированных стационарах. Лица, впервые заболевшие туберкулезом, или с рецидивом туберкулеза имеют право на листок временной нетрудоспособности, длительность которого определяется по медицинским, социальным и эпидемиологическим показаниям в пределах до 12 месяцев со времени наступления нетрудоспособности. Продление листка временной нетрудоспособности сверх указанного срока или установление стойкой нетрудоспособности осуществляется в порядке, определенном Кабинетом Министров.

7.

Детям, получающим лечение от туберкулеза в государственных и муниципальных организациях здравоохранения, предоставляется возможность обучения по образовательным программам дошкольного, общего (начального, основного и среднего) образования в порядке и объеме, определяемом уполномоченными государственными органами в сфере здравоохранения и образования.

Кыргызча
Инфекциялык эмес оору жана инфекциялык оору менен ооруган адамдардын укуктары 1. Инфекциялык эмес оору жана инфекциялык оору менен жабыркаган адамдар жарандардын жана бейтаптардын жалпы укуктарына кошумча төмөнкүлөргө укуктуу: 1) саламаттык сактоо уюмдарында алардын ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан медициналык байкоо жүргүзүүгө; 2) врачтын жетекчилиги астында медициналык мекемелерде же амбулатордук жардам түрүндө паллиативдик жардам алууга; 3) инфекциялык оору жана өтүшүп кеткен инфекциялык эмес оору менен ооруган бейтаптар үчүн Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында акысыз адистештирилген, квалификациялуу медициналык-санитардык жардам алууга; 4) инфекциялык жана инфекциялык эмес оору менен ооруган бейтаптар үчүн Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык лабораториялык-дарт аныктоо изилдөөлөрүнө акысыз жетүүгө; 5) инфекциялык оору жана өтүшүп кеткен инфекциялык эмес оору менен ооруган бейтаптар үчүн Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын тизмегиндеги препараттарды акысыз жана жеңилдетилген шарттарда алууга; 6) кургак учук менен ооруган адамдар үчүн саламаттык сактоонун адистештирилген уюмдарына дарыланууга жөнөтүүдө республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен акысыз барууга (барууга жана кайра келүүгө). 2. Мындан тышкары кант диабети менен ооруган адамдар төмөнкүлөргө укуктуу: 1) диабетти өзү контролдоого окутууга; 2) инсулин алуу зарыл болгон учурда ага жетүүгө; 3) окутуу процессинде инсулиндин инъекцияларын алуу жана тамакты өз учурунда ичүү үчүн керектүү убакыттын берилишине; 4) өзүн контролдоо жана диагноздоо каражаттары менен камсыз болууга. 3. Психикасы бузулган, ошондой эле психикалык активдүү затты колдонуудан улам пайда болгон бузулуулары бар бардык адамдар, аларга медициналык жардам көрсөтүлгөндө жарандардын жана бейтаптардын жалпы укуктарына кошумча төмөнкүлөргө укуктуу: 1) психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамдар үчүн мыйзамдуулук, боорукердик, гумандуулук жана адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндигин сактоо принциптеринин негизинде өтө аз чектөө шарттарында, мүмкүн болушунча жашаган жери боюнча психиатриялык жана наркологиялык жардамга; 2) алардын талабы боюнча психиатриялык жардам көрсөтүүгө катышып жаткан кандай болбосун адисти анын макулдугу менен врачтык комиссияда иштөө үчүн чакырууга; 3) психикасы жана жүрүм-туруму бузулуусуна байланыштуу жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөлөрдүн Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган учурларда гана колдонулушуна. Психикасы бузулган адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин психиатриялык аныкталган дартынын, психиатриялык же наркологиялык стационарда, социалдык стационардык мекемеде динамикалык байкоодо жүргөн фактылардын же атайы окутуунун негизинде эле чектөөгө жол берилбейт; 4) улуттук клиникалык колдонмолорго жана протоколдорго киргизилген психиатриялык, наркологиялык жардамдын методдорун жана түрлөрүн тандоого; 5) Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын тизмегиндеги препараттарды акысыз жана жеңилдетилген шарттарда алууга; 6) психиатриялык, наркологиялык текшерүү жол-жобосу, күбөлөндүрүү, дарылоо, психиатриялык, психологиялык-психиатриялык, наркологиялык экспертизалардын жол-жоболору жана алардын жыйынтыктары жөнүндө; дарылануу, тигил же бул экспертизадан өтүү үчүн аларды жөнөтүүнүн себептери жана укук ченемдүүлүгү жөнүндө анык маалыматты алууга; 7) медициналык күбөлөндүрүү жана наркологиялык экспертиза жүргүзүү маселелери боюнча өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо өзүнүн тандоосу боюнча мыйзамдуу өкүлүн чакырууга. 4. Психикасы бузулуудан жана психикалык-активдүү затты колдонуудан улам пайда болгон бузулуулардан стационардык дарыланып жаткан адамдарда анда жүргөн бүткүл убакыттын ичинде алардын туруктуу жашаган жери боюнча турак жайга болгон укугу сакталат. 5. Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында онкологиялык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоонун адистештирилген уюмдарына консультациялык же дарылоо жардамын алуу үчүн жеңилдетилген шартта жылына бир жолу баруу укугуна ээ. 6. Кургак учук менен ооруган адамдар адистештирилген стационарларда дарыланууга укуктуу. Кургак учук менен биринчи жолу ооруп жаткан же кургак учук менен кайрадан ооруган адамдар убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасын алууга укуктуу, анын узактыгы эмгекке жарамсыз болгон убакыттан тартып 12 айга чейинки чекте медициналык, социалдык жана эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча аныкталат. Убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасын белгиленген мөөнөттөн ашыкча узартуу же туруктуу эмгекке жарамсыздыкты белгилөө Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат. 7. Мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында кургак учуктан дарыланып жаткан балдарга мектепке чейинки, базалык жана баштапкы жалпы, негизги жалпы жана орто билим берүү программалары боюнча окутуу мүмкүндүгү саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аныкталуучу тартипте жана көлөмдө берилет.