Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 60
Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике" · гл. 5Статус: действует

Статья 60. Права беременных женщин и матерей

1.

Каждая женщина в период подготовки к беременности, во время беременности, во время и после родов имеет право на обеспечение необходимой медико-санитарной помощью в организациях здравоохранения бесплатно в рамках Программы государственных гарантий.

2.

Беременные женщины имеют право на работу в условиях, отвечающих их физиологическим особенностям и состоянию здоровья, предоставление дородового и послеродового отпуска.

3.

Женщина имеет право на социальную поддержку со стороны государства во время беременности и после родов, а также во время ухода за больными детьми в порядке, установленном законодательством Кыргызской Республики о труде и государственных пособиях.

4.

Женщины имеют право на поддержку грудного вскармливания, в том числе на защиту и пропаганду грудного вскармливания, включая:

1) обеспечение условий для подготовки и реализации грудного вскармливания детей в возрасте до шести месяцев и последующего продолжения грудного вскармливания детей в течение двух и более лет (дополнительные перерывы в течение рабочего дня для кормления детей раннего возраста, неполное рабочее время, внеочередное обслуживание в организациях здравоохранения, пользование услугами комнат матери и ребенка и другое);

2) оказание кормящим матерям (родителям) квалифицированной поддержки, консультирование медицинскими работниками, обученными по вопросам исключительно грудного вскармливания и дополнительного кормления;

3) поддержку практики грудного вскармливания, которую реализуют организации здравоохранения, дружественные к ребенку;

4) информирование о преимуществах исключительно грудного вскармливания детей в возрасте до шести месяцев и продолжения грудного вскармливания со здоровым прикормом до двух лет и более;

5) бесплатный провоз грудных детей и детей раннего возраста воздушным, водным, железнодорожным, городским пассажирским транспортом и автомобильным транспортом общего пользования.

5.

В целях создания благоприятных условий кормящим матерям в органах государственной власти и местного самоуправления, а также на предприятиях, в учреждениях и организациях независимо от форм собственности предусматриваются специальные помещения для матери и ребенка. Требования к организации таких помещений определяются Кабинетом Министров.

Кыргызча
Кош бойлуу аялдардын жана энелердин укуктары 1. Ар бир аял кош бойлуулукка даярдануу мезгилинде, кош бойлуу кезинде, төрөт учурунда жана төрөттөн кийин Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында саламаттык сактоо уюмдарында зарыл болгон медициналык-санитардык жардам менен акысыз камсыз болууга укуктуу. 2. Кош бойлуу аялдар алардын физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө жана ден соолугунун абалына жооп берген шарттарда иштөөгө, төрөткө чейинки жана төрөттөн кийинки өргүүнү алууга укуктуу. 3. Аял кош бойлуу кезинде жана төрөттөн кийин, ошондой эле оорулуу балдарын баккан мезгилде эмгек жана мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте мамлекет тарабынан социалдык колдоо алынууга укуктуу. 4. Аялдар эмчек эмизүүнү колдоо, анын ичинде эмчек эмизүүнү коргоо жана жайылтуу укугуна ээ, анын ичинде төмөнкүлөргө укуктуу: 1) алты айга чейинки курактагы балдарга эмчек эмизүүнү жана балдарды эки жаш жана андан көп убакытка чейин эмчек эмизүүнү андан ары улантууну даярдоо жана жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу (кенже курактагы балдарды тамактандыруу үчүн жумушчу күн ичинде кошумча тыныгуулар, толук эмес жумуш күнү, саламаттык сактоо уюмдарында кезексиз тейлөө, эне жана баланын бөлмөлөрү кызматтарын пайдалануу жана башка); 2) бала эмизген энелерге (ата-энелерге) квалификациялуу колдоо көрсөтүү, жалаң гана эмчек эмизүү жана кошумча тамактандыруу маселелери боюнча окутулган медициналык кызматкерлер тарабынан консультация берүү; 3) балага достук мамиледеги саламаттык сактоо уюмдары ишке ашырып жаткан эмчек эмизүү практикасын колдоо; 4) алты айга чейинки балдарга жалаң гана эмчек эмизүүнүн жана эмчек эмизүүнү туура кошумча тамактандыруу менен эки жашка чейин жана андан көп убакытка улантуунун артыкчылыктары жөнүндө маалымат берүү; 5) эмчектеги балдарды жана кенже курактагы балдарды аба, суу, темир жол, шаардык жүргүнчүлөр транспорту жана жалпы пайдалануудагы автомобиль транспорту менен акысыз ташуу. 5. Бала эмизген энелерге жагымдуу шарттарды түзүү максатында мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда эне жана бала үчүн атайын орун жайлар каралат. Мындай орун жайларды уюштурууга талаптар Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.