Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 6
Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике" · гл. 1Статус: действует

Статья 6. Государственная политика в области охраны здоровья

Государственная политика в области охраны здоровья граждан направлена на:

1) развитие и совершенствование системы охраны здоровья граждан;

2) обеспечение многосекторального подхода к решению вопросов охраны здоровья населения, усиление партнерства органов государственного управления и местного самоуправления, международных и неправительственных организаций, общественных и местных сообществ, частного сектора здравоохранения;

3) определение перечня гарантированных государством услуг по охране здоровья;

4) разработку, принятие и финансирование целевых государственных программ, осуществление контроля и координации за их реализацией, разработку и исполнение стандартов охраны здоровья граждан;

5) создание условий для подготовки, переподготовки и повышения квалификации специалистов, оказывающих медико-санитарную помощь;

6) обеспечение юридической, социальной, информационно-методической поддержки в рамках государственных программ;

7) создание равных условий для добросовестной конкуренции организациям здравоохранения всех форм собственности, оказывающим услуги в области охраны здоровья;

8) применение информационных технологий в здравоохранении, направленных на обеспечение граждан в Кыргызской Республике доступной и качественной медико-санитарной помощью;

9) ориентированность на практическую реализацию закона и эффективную систему мониторинга и оценки, с использованием информационных систем здравоохранения с дезагрегацией всех данных по полу и возрасту, с целью улучшения результатов и подотчетности, а также использование существующих данных для анализа и разработки политики, программ по здоровью;

10) проведение научных исследований в области охраны здоровья граждан, внедрение современных методов и технологий для улучшения здоровья;

11) всестороннее укрепление института семьи;

12) профилактику, раннее выявление и лечение заболеваний, снижение материнской и младенческой смертности, формирование у детей и их родителей мотивации к здоровому образу жизни;

13) проведение конфиденциального аудита материнской, перинатальной смертности и исследование критических случаев в перинатологии;

14) охрану здоровья детей независимо от их социального статуса, а также надлежащее обеспечение правовой защиты их интересов при предоставлении медико-санитарных и медико-социальных услуг, включая право на кормление грудью и адекватное питание;

15) формирование сознательного отношения мужчин и женщин к рождению здоровых, желанных детей путем формирования у родителей равной ответственности за их рождение, предупреждение ранних и незапланированных беременностей;

16) создание условий, обеспечивающих равенство возможностей женщин и мужчин, в том числе несовершеннолетних, при реализации их сексуальных и репродуктивных прав;

17) обеспечение безопасности донорской крови и ее компонентов.

Кыргызча
Саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик саясат Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы мамлекеттик саясат төмөнкүлөргө багытталган: 1) жарандардын саламаттыгын сактоо тутумун өнүктүрүүгө жана жакшыртууга; 2) калктын саламаттыгын сактоо маселелерин чечүүгө көп секторлуу мамилени камсыздоо, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын, коомдук жана жергиликтүү коомдоштуктардын, саламаттык сактоонун жеке секторунун өнөктөштүгүн күчөтүүгө; 3) саламаттыкты сактоо боюнча мамлекет тарабынан кепилденген кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин аныктоого; 4) максаттуу мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга, кабыл алууга жана каржылоого, алардын ишке ашырылышын контролдоого жана координациялоого, жарандардын ден соолугун коргоо стандарттарын иштеп чыгууга жана аткарууга; 5) медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү адистерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө; 6) мамлекеттик программалардын алкагында юридикалык, социалдык, маалыматтык-методикалык колдоону камсыздоого; 7) саламаттык сактоо жаатында кызмат көрсөтүүчү менчиктин бардык түрлөрүндөгү саламаттык сактоо уюмдарына ак ниеттүү атаандаштык үчүн бирдей шарттарды түзүүгө; 8) саламаттык сактоодо Кыргыз Республикасында жарандарды жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык-санитардык жардам менен камсыздоого багытталган маалыматтык технологияларды колдонууга; 9) мыйзамды иш жүзүндө ишке ашырууга жана натыйжаларды жана отчеттуулукту жакшыртуу максатында саламаттык сактоонун маалыматтык тутумдарын бардык маалыматтарды жыныстык айырмасы жана жаш курагы боюнча бөлүштүрүү менен пайдалануу аркылуу мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалуу тутумуна багытталууга, ошондой эле саламаттык боюнча саясатты, программаларды талдоо жана иштеп чыгуу үчүн болгон маалыматтарды пайдаланууга; 10) жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, саламаттыкты жакшыртуу үчүн заманбап методдорду жана технологияларды киргизүүгө; 11) үй-бүлө институтун ар тараптуу чыңдоого; 12) ооруларды алдын алууга, эрте аныктоого жана дарылоого, энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн азайтууга, балдарда жана алардын ата-энелеринде сергек жашоо образына шыктанууну калыптандырууга; 13) энелердин өлүмүнө, перинаталдык өлүмгө купуя аудит жүргүзүүгө жана перинатологиядагы оор учурларды изилдөөгө; 14) балдардын социалдык статусуна карабастан алардын саламаттыгын коргоого, ошондой эле медициналык-санитардык жана медициналык-социалдык кызматтарды көрсөтүүдө алардын кызыкчылыктарын укуктук коргоону, анын ичинде эмчек эмизүүгө жана адекваттуу тамактанууга болгон укугун талаптагыдай камсыздоого; 15) балдардын төрөлүүсү үчүн ата-энелерде бирдей жоопкерчиликти калыптандыруу аркылуу дени сак жана каалап күткөн баланын төрөлүшүнө эркектердин жана аялдардын аң-сезимдүү мамиле кылуусун калыптандырууга, эрте жана пландалбаган кош бойлуулуктарды алдын алууга; 16) сексуалдык жана репродуктивдик укуктарын ишке ашырууда аялдардын жана эркектердин, анын ичинде жашы жете электердин мүмкүнчүлүктөрүнүн бирдейлигин камсыздаган шарттарды түзүүгө; 17) донордук кандын жана анын компоненттеринин коопсуздугун камсыздоого. 2-глава. Кыргыз Республикасынын комплекстүү интеграцияланган саламаттык сактоо тутуму