Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 5
Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике" · гл. 1Статус: действует

Статья 5. Основные принципы государственной политики в области охраны здоровья граждан в Кыргызской Республике

Основными принципами государственной политики в области охраны здоровья граждан в Кыргызской Республике являются:

1) соблюдение прав граждан на охрану здоровья и недопущение дискриминации при оказании медико-санитарной помощи, учет половозрастных потребностей разных социальных групп и обеспечение социальной защиты при утрате здоровья гражданами;

2) доступность медико-санитарной и санитарно-профилактической помощи для всех групп населения, создание равных возможностей для получения медико-санитарной помощи ЛОВЗ;

3) развитие сектора здравоохранения в соответствии с потребностями всех групп населения формированием комплексной интегрированной системы предоставления медико-санитарной помощи и созданием равных условий для функционирования организаций здравоохранения независимо от форм собственности;

4) бесплатное/льготное пользование гражданами медико-санитарными и санитарно-профилактическими услугами в рамках Программы государственных гарантий;

5) ответственность граждан за сохранение и укрепление своего здоровья, здоровья детей, родителей и окружающих;

6) научная обоснованность проведения медико-санитарных мероприятий;

7) профилактическая направленность здравоохранения с формированием у населения приверженности к здоровому образу жизни при активном участии населения, общественных организаций в решении вопросов охраны здоровья;

8) ответственность органов государственной власти и органов местного самоуправления, юридических лиц и должностных лиц за необеспечение государственных гарантий в сохранении и укреплении здоровья граждан;

9) ответственность лиц, оказывающих медико-санитарную помощь, за необеспечение ее безопасности и качества;

10) добровольность донации крови и ее компонентов, а также гарантия сохранения здоровья и соблюдения прав донора при выполнении им донорской функции, с обеспечением государственных гарантий, социальной защиты;

11) приоритетность соблюдения прав и свобод человека при реализации сексуальных и репродуктивных прав;

12) ориентированность государственных программ на улучшение демографического развития Кыргызской Республики;

13) выполнение общепризнанных принципов и норм международного права, а также международных обязательств Кыргызской Республики.

Кыргызча
Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат: 1) жарандардын саламаттыкты коргоого укуктарын сактоо жана медициналык-санитардык жардам көрсөтүүдө басмырлоого жол бербөө, түрдүү социалдык топтордун жыныстык-курактык муктаждыктарын эсепке алуу жана жарандарды саламаттыгынан ажыраган учурда социалдык коргоону камсыз кылуу; 2) калктын бардык топтору үчүн медициналык-санитардык жана санитардык-алдын алуу жардамдарынын жеткиликтүүлүгү, ДМЧАлардын медициналык-санитардык жардам алуусу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү; 3) медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн комплекстүү интеграцияланган тутумун түзүү жана менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын иштөөсү үчүн бирдей шарттарды түзүү менен саламаттык сактоо тармагын калктын бардык топторунун муктаждыктарына ылайык өнүктүрүү; 4) Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында жарандардын медициналык-санитардык жана санитардык-алдын алуучу кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз/жеңилдетилген шартта пайдалануусу; 5) жарандардын өздөрүнүн саламаттыгын, балдарынын, ата-энелеринин жана айланасындагылардын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо үчүн жоопкерчилиги; 6) медициналык-санитардык иш-чараларды жүргүзүүнүн илимий негиздүүлүгү; 7) калктын, коомдук уюмдардын саламаттыкты сактоо маселелерин чечүүгө жигердүү катышуусунда калктын сергек жашоо образын жактоосун калыптандыруу менен саламаттык сактоонун алдын алуучу багытталуусу; 8) жарандардын саламаттыгын сактоодо жана чыңдоодо мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылбагандыгы үчүн мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын жана кызмат адамдарынын жоопкерчилиги; 9) медициналык-санитардык жардам көрсөткөн адамдардын анын коопсуздугун жана сапатын камсыздабагандыгы үчүн жоопкерчилиги; 10) кан жана анын компоненттерин берүүнүн ыктыярдуулугу, ошондой эле донордук функцияларды аткаруу учурунда мамлекеттик кепилдиктерди, социалдык коргоону камсыздоо менен донордун ден соолугунун жана укуктарынын сакталышына кепилдиктер; 11) сексуалдык жана репродуктивдик укуктарды ишке ашырууда адамдын укуктарын жана эркиндиктерин сактоонун артыкчылыгы; 12) мамлекеттик программалардын Кыргыз Республикасынын демографиялык өнүгүүсүн жакшыртууга багытталуусу; 13) эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу.