Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 44
Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике" · гл. 3Статус: действует

Статья 44. Биомедицинские исследования

1.

Биомедицинские исследования могут проводиться на живых людях и животных, биологических образцах живого и умершего человека и животного, а также на основе использования клинико-эпидемиологических данных и иной медицинской информации.

Биомедицинские исследования включают фундаментальные и прикладные биомедицинские исследования. Прикладные биомедицинские исследования включают (медико-биологические исследования, доклинические (неклинические) исследования, клинические исследования и исследования в области общественного здоровья).

2.

Создание человеческих эмбрионов для целей биомедицинских исследований и клонирование человека запрещены.

3.

Биомедицинские исследования эмбрионов человека или плодов человека, во время которых или после которых человеческий эмбрион или человеческий зародыш разрушается, запрещены.

4.

Клинические исследования проводятся при условии получения положительных результатов медико-биологических исследований, доклинических (неклинических) исследований.

5.

Прикладные биомедицинские исследования могут проводиться при соблюдении следующих требований:

1) биомедицинские исследования направлены на получение новых научных данных и внедрение их в практическое здравоохранение;

2) обеспечены защита интересов субъекта исследования и конфиденциальность его медицинской информации;

3) получено согласие субъекта исследования или его законного представителя на участие в исследовании или использование его биологических образцов и медицинской информации в научных целях в письменной форме на бумажном носителе либо в форме электронного документа, подписанного электронной подписью в соответствии с законодательством Кыргызской Республики в области защиты персональных данных;

4) интервенционные клинические исследования лекарственных средств, медицинских изделий проводятся с разрешения уполномоченного органа.

6.

Запрещается проведение биомедицинских исследований на:

1) несовершеннолетних, не имеющих законных представителей;

2) беременных женщинах, за исключением случаев, если проводятся клинические исследования медицинских технологий и лекарственных средств, предназначенных для беременных женщин, когда необходимая информация может быть получена только при клинических исследованиях на беременных женщинах и когда полностью исключен риск нанесения вреда беременной женщине и плоду;

3) военнослужащих;

4) лицах, отбывающих наказание в местах лишения свободы, и лицах, содержащихся в изоляторах временного содержания и следственных изоляторах;

5) лицах, признанных судом недееспособными, за исключением клинических исследований медицинских технологий и лекарственных средств, предназначенных для лечения психических расстройств (заболеваний), на больных психическими расстройствами (заболеваниями).

7.

При получении письменного согласия на участие в биомедицинском исследовании добровольцу или пациенту, законному представителю несовершеннолетнего лица, опекуну недееспособного лица должна быть предоставлена информация:

1) о медицинской технологии, лекарственном средстве, сущности и продолжительности медицинского исследования;

2) о степени безопасности, рисках и ожидаемой эффективности медицинской технологии, лекарственного средства;

3) о действиях в случае непредвиденных эффектов применения медицинской технологии, лекарственного средства на состояние здоровья;

4) об условиях страхования здоровья.

При этом до начала исследований доброволец или пациент, законный представитель несовершеннолетнего лица, опекун недееспособного лица должны быть информированы о возможности отказа от биомедицинских исследований на любой стадии исследования.

Письменное согласие составляется в трех и более экземплярах: по одному экземпляру для каждой из сторон и один экземпляр направляется в уполномоченный государственный орган в сфере здравоохранения. Уполномоченный государственный орган в сфере здравоохранения обязан вести реестр письменных согласий, а также определять порядок и форму их составления.

8.

Биомедицинские исследования прекращаются на любом этапе:

1) по требованию участвующего в исследованиях несовершеннолетнего лица, его законного представителя, опекуна недееспособного лица, пациента или добровольца;

2) в случае возникновения угрозы жизни, здоровью добровольца или пациента, несовершеннолетнего лица, недееспособного лица.

9.

Обязательными условиями проведения биомедицинских исследований являются положительное заключение этического экспертного органа, а для интервенционных клинических исследований также оформление документов о страховании жизни и здоровья участника исследования.

10.

Порядок проведения клинических и медико-биологических исследований, применения новых методов диагностики и лечения определяется Кабинетом Министров.

Кыргызча
Биомедициналык изилдөөлөр 1. Биомедициналык изилдөөлөр тирүү адамдарга жана жаныбарларга, тирүү жана өлгөн адамдын жана жаныбардын биологиялык үлгүлөрүнө, ошондой эле клиникалык-эпидемиологиялык маалыматтарды жана башка медициналык маалыматты пайдалануунун негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн. Биомедициналык изилдөөлөр фундаменталдык жана колдонмо биомедициналык изилдөөлөрдү камтыйт. Колдонмо биомедициналык изилдөөлөр медициналык-биологиялык изилдөөлөрдү, клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөрдү, клиникалык изилдөөлөрдү жана коомдук саламаттык жаатындагы изилдөөлөрдү камтыйт. 2. Биомедициналык изилдөөлөр жана адамды клондоо максаттары үчүн адам эмбриондорун түзүүгө тыюу салынат. 3. Адамдын эмбриондорун же адамдын түйүлдүгүн биомедициналык изилдөө учурунда жана андан кийин бузулууга дуушар кылган биомедициналык изилдөөлөргө тыюу салынат. 4. Клиникалык изилдөөлөр медициналык-биологиялык изилдөөлөрдүн, клиникага чейинки (клиникалык эмес) изилдөөлөрдүн оң натыйжалары алынган шартта жүргүзүлөт. 5. Колдонмо биомедициналык изилдөөлөр төмөнкүдөй талаптар сакталган учурда жүргүзүлүшү мүмкүн: 1) биомедициналык изилдөөлөр жаңы илимий маалыматтарды алууга жана аларды практикалык саламаттык сактоого жайылтууга багытталса; 2) изилдөө субъектисинин кызыкчылыктарын коргоо жана анын медициналык маалыматтарынын купуялуулугу камсыздалса; 3) изилдөө субъектисинин же анын мыйзамдуу өкүлүнүн изилдөөгө катышууга же анын биологиялык үлгүлөрүн жана медициналык маалыматын илимий максаттарда пайдаланууга макулдугу кагазда жазуу жүзүндө же жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук кол тамга коюлган электрондук документ түрүндө алынса; 4) дары каражаттарын, медициналык буюмдарды интервенциялык клиникалык изилдөөлөр ыйгарым укуктуу органдын уруксаты менен жүргүзүлсө. 6. Биомедициналык изилдөөлөрдү төмөнкүлөргө жүргүзүүгө тыюу салынат: 1) мыйзамдуу өкүлдөрү жок жашы жете электерге; 2) кош бойлуу аялдарга клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүү учурунда гана керектүү маалымат алынышы мүмкүн болгон жана кош бойлуу аялга жана түйүлдүккө зыян келтирүү тобокелчилиги толугу менен жокко чыгарылган учурда кош бойлуу аялдар үчүн багытталган медициналык технологияларга жана дары каражаттарына клиникалык изилдөөлөр жүргүзүлүп жаткан учурларды кошпогондо, кош бойлуу аялдарга; 3) аскер кызматчыларына; 4) эркиндигинен ажыратуу жайларында жаза өтөп жаткан адамдарга жана убактылуу камоо изоляторлорунда жана тергөө изоляторлорунда кармалып турган адамдарга; 5) психикасы бузулган (ооруган) оорулууларга психикалык бузулууларын (ооруларын) дарылоо үчүн багытталган медициналык технологияларды жана дары каражаттарын клиникалык изилдөөнү кошпогондо, сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга. 7. Биомедициналык изилдөөгө катышууга жазуу жүзүндө макулдук алуу учурунда ыктыярчыга же бейтапка, жашы жете элек адамдын мыйзамдуу өкүлүнө, аракетке жөндөмсүз адамдын камкорчусуна төмөнкүдөй маалымат берилүүгө тийиш: 1) медициналык технология, дары каражаты, медициналык изилдөөнүн маңызы жана узактыгы жөнүндө; 2) медициналык технологиянын, дары каражатынын коопсуздук даражасы, тобокелдиктер жана күтүлүүчү натыйжалар жөнүндө; 3) медициналык технологияны, дары каражаттарын пайдаланууда ден соолуктун абалына күтүлбөгөн таасирлер берилген учурдагы иш-аракеттер жөнүндө; 4) ден соолукту камсыздандыруу шарттары жөнүндө. Мында изилдөөлөр башталганга чейин ыктыярчы же бейтап, жашы жете элек адамдын мыйзамдуу өкүлү, аракетке жөндөмсүз адамдын камкорчусу изилдөөнүн кандай болбосун баскычында биомедициналык изилдөөлөрдөн баш тартуу мүмкүндүгү жөнүндө кабарландырылууга тийиш. Жазуу жүзүндөгү макулдашуу үч жана андан ашык нускада түзүлөт: тараптардын ар бири үчүн бирден нускадан жана бир нускасы саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жазуу жүзүндөгү макулдашуулардын реестрин жүргүзүүгө, ошондой эле аларды түзүү тартибин жана формасын аныктоого милдеттүү. 8. Биомедициналык изилдөөлөр төмөнкү учурларда кандай болбосун баскычта токтотулат: 1) изилдөөлөргө катышып жаткан жашы жете элек адамдын, анын мыйзамдуу өкүлүнүн, аракетке жөндөмсүз адамдын камкорчусунун, бейтаптын же ыктыярчынын талабы боюнча; 2) ыктыярчынын же бейтаптын, жашы жете элек адамдын, аракетке жөндөмсүз адамдын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч жаралган учурда. 9. Биомедициналык изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн милдеттүү шарттары болуп этикалык эксперттик органдын оң корутундусу, ал эми интервенциялык клиникалык изилдөөлөр үчүн изилдөөнүн катышуучусунун өмүрүн жана ден соолугун камсыздандыруу жөнүндө документтерди тариздөө дагы саналат. 10. Клиникалык жана медициналык-биологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн, диагноздоонун жана дарылоонун жаңы методдорун колдонуунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.