Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 43
Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике" · гл. 3Статус: действует

Статья 43. Оказание медико-санитарной помощи лицам, свобода которых ограничена

1.

Лицам, свобода которых ограничена на законном основании без вынесения приговора суда, отбывающим наказание по приговору суда вне мест лишения свободы, помещенным в изоляторы временного содержания, специальные учреждения уголовно-исполнительной системы, медико-санитарная помощь оказывается ведомственными медико-санитарными службами либо государственными или муниципальными организациями здравоохранения на основе заключенных договоров в порядке, устанавливаемом Кабинетом Министров.

2.

Порядок и организация онкологической помощи лицам, страдающим злокачественными новообразованиями, находящимся в местах лишения свободы, осуществляется в соответствии с порядком и условиями, определяемыми уполномоченным государственным органом в сфере исполнения наказания и уполномоченным государственным органом в сфере здравоохранения.

3.

Лица, страдающие злокачественными новообразованиями в терминальной стадии, освобождаются из мест лишения свободы.

4.

Порядок и организация психолого-психиатрической помощи лицам, свобода которых ограничена на законном основании, оказывается ведомственными медико-санитарными службами, либо государственными или муниципальными организациями здравоохранения на основе заключенных договоров в порядке, устанавливаемом Кабинетом Министров.

Кыргызча
Эркиндиги чектелген адамдарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүү 1. Соттун өкүмү чыгарылбастан мыйзамдуу негизде эркиндиги чектелген, соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларынан сырткаркы жазасын өтөп жаткан, убактылуу камоо изоляторлоруна, жаза-аткаруу тутумунун атайын мекемелерине жайгаштырылган адамдарга медициналык-санитардык жардамды түзүлгөн келишимдердин негизинде ведомстволук медициналык-санитардык кызматтар же болбосо мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары Министрлер Кабинети тарабынан белгилеген тартипте көрсөтөт. 2. Эркиндигинен ажыратуу жайларына жүргөн, зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга онкологиялык жардам көрсөтүүнүн тартиби жана аны уюштуруу ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталуучу тартипке жана шарттарга ылайык жүзөгө ашырылат. 3. Терминалдык баскычтагы зилдеме жаңы шишиктерден жапа чеккен адамдар эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулат. 4. Мыйзамдуу негизде эркиндиги чектелген адамдарга психологиялык-психиатриялык жардам көрсөтүүнүн тартиби жана аны уюштуруу түзүлгөн келишимдердин негизинде ведомстволук медициналык-санитардык кызматтар, же болбосо мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары тарабынан Министрлер Кабинети белгилөөчү тартипте жүзөгө ашырылат.