Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 126
Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике" · ст. 126Статус: действует

Статья 126. Условия и порядок трансплантации органов и (или) тканей человека

1.

Трансплантация органов (части органа) и (или) тканей (части ткани) проводится от донора реципиенту и состоит из следующих этапов: изъятие, консервация, хранение, транспортировка и пересадка органов (части органа) и (или) тканей (части ткани).

2.

Изъятие органов (части органа) и (или) тканей (части ткани) в целях дальнейшей трансплантации человеку (потенциальному реципиенту) производится у живого человека (прижизненного донора) и может быть применено только в случае, если другие медицинские средства и методы оказались неэффективными и не могут гарантировать сохранение жизни больного (реципиента) либо восстановление его здоровья.

3.

Изъятие органов и (или) тканей у прижизненного донора допустимо только в случае наличия юридически оформленного согласия донора с учетом того, что его здоровью, по заключению консилиума врачей-специалистов, не будет причинен значительный вред.

4.

Операции по трансплантации органов и (или) тканей реципиентам проводятся на основе медицинских показаний в соответствии с общими правилами проведения хирургических операций. Медицинское заключение о необходимости трансплантации органов и (или) тканей человека дается консилиумом врачей организации здравоохранения, осуществляющих трансплантацию органов и (или) тканей человека, в порядке, утверждаемом Кабинетом Министров.

5.

При трансплантации органов (части органа) и (или) тканей (части ткани) запрещается:

1) принудительное изъятие у человека и принуждение человека к предоставлению своего органа (части органа) и (или) тканей (части ткани);

2) купля-продажа органов (части органа) и (или) тканей (части ткани) человека, за исключением препаратов и пересадочных материалов, для приготовления которых использованы тканевые компоненты;

3) изъятие органов (части органа) и (или) тканей (части ткани) у прижизненного донора, являющегося несовершеннолетним или недееспособным лицом (за исключением случаев пересадки костного мозга).

6.

Если здоровью донора причинен вред, связанный с операцией забора органов и (или) тканей, он обеспечивается бесплатным стационарным и (или) амбулаторным лечением.

7.

Перечень инфекционных заболеваний, при которых разрешается трансплантация органов (части органа) и (или) тканей (части ткани) от донора, утверждается уполномоченным государственным органом в сфере здравоохранения.

8.

Для обеспечения трансплантации органов (части органа) и (или) тканей (части ткани) формируется регистр:

1) потенциальных реципиентов органов (части органа) и (или) тканей (части ткани);

2) доноров органов (части органа) и (или) тканей (части ткани);

3) доноров гемопоэтических стволовых клеток (костного мозга).

9.

Порядок формирования и ведения регистра, а также порядок поиска и активации донора гемопоэтических стволовых клеток, в том числе из международных регистров, и транспортировки гемопоэтических стволовых клеток до реципиента определяются Кабинетом Министров.

Кыргызча
Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоонун шарттары жана тартиби 1. Органдарды (органдын бөлүгүн) жана (же) ткандарды (ткандын бөлүгүн) трансплантациялоо донордон реципиентке жүргүзүлөт жана төмөнкү этаптардан турат: органдарды (органдын бөлүгүн) жана (же) ткандарды (ткандын бөлүгүн) алуу, консервациялоо, сактоо, ташуу жана алмаштыруу. 2. Адамга (потенциалдуу реципиентке) андан ары трансплантациялоо максатында органдарды (органдын бөлүгүн) жана (же) ткандарды (ткандын бөлүгүн) алуу тирүү адамдан (тирүү донордон) жүргүзүлөт жана медициналык башка каражаттар жана методдор оорулуунун (реципиенттин) өмүрүн сактоого же болбосо анын саламаттыгын калыбына келтирүүгө натыйжасыз болгон жана кепилдик бере албаган учурда гана колдонулушу мүмкүн. 3. Тирүү донордун органдарын жана (же) ткандарын алууга врач-адистердин консилиумунун корутундусу боюнча донордун ден соолугуна олуттуу зыян келтирилбестигин эске алуу менен донордун юридикалык жактан таризделген макулдугу болгон учурда гана жол берилет. 4. Органдарды жана (же) ткандарды реципиенттерге трансплантациялоо боюнча операциялар хирургиялык операцияларды жасоонун жалпы эрежелерине ылайык медициналык көрсөткүчтөрдүн негизинде жүргүзүлөт. Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо зарылдыгы жөнүндө медициналык корутунду адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоону жүзөгө ашыруучу саламаттык сактоо уюмунун врачтарынын консилиуму тарабынан Министрлер Кабинети бекиткен тартипте берилет. 5. Органдарды (органдын бөлүгүн) жана (же) ткандарды (ткандын бөлүгүн) трансплантациялоодо төмөнкүлөргө тыюу салынат: 1) адамды өзүнүн органын (органдын бөлүгүн) жана (же) ткандарын (ткандын бөлүгүн) берүүгө мажбурлоого жана адамдан мажбурлап алууга; 2) даярдоо үчүн ткандык компоненттер колдонулган препараттарды жана алмаштыруучу материалдарды кошпогондо, адамдын органдарын (органдын бөлүктөрүн) жана (же) ткандарын (ткандардын бөлүктөрүн) сатууга-сатып алууга; 3) жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз адам болуп саналган тирүү донордон органдарды (органдын бөлүгүн) жана (же) ткандарды (ткандын бөлүгүн) алууга (жүлүндү алмаштыруу учурларын кошпогондо). 6. Эгерде донордун саламаттыгына органдарды жана (же) ткандарды алуу операциясы менен байланышкан зыян келтирилсе, ал акысыз стационардык жана (же) амбулатордук дарылоо менен камсыз кылынат. 7. Донордон органдарды (органдын бөлүгүн) жана (же) ткандарды (ткандын бөлүгүн) трансплантациялоого уруксат берилген жугуштуу оорулардын тизмеси саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет. 8. Органдарды (органдын бөлүгүн) жана (же) ткандарды (ткандын бөлүгүн) трансплантациялоону камсыздоо үчүн төмөнкүлөрдү каттоо түзүлөт: 1) органдардын (органдын бөлүгүнүн) жана (же) ткандардын (ткандын бөлүгүнүн) потенциалдуу реципиенттерин; 2) органдардын (органдын бөлүгүнүн) жана (же) ткандардын (ткандын бөлүгүнүн) донорлорун; 3) гемопоэтикалык өзөк клеткаларынын (жүлүндүн) донорлорун. 9. Каттоону түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби, ошондой эле гемопоэтикалык өзөк клеткаларынын донорун, анын ичинде эл аралык каттоолордон издөөнүн жана активдештирүүнүн жана гемопоэтикалык өзөк клеткаларын реципиентке чейин жеткирүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.