Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 124
Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике" · ст. 124Статус: действует

Статья 124. Права донора и реципиента органов (части органа) и (или) тканей (части ткани)

1.

Каждый гражданин старше 18 лет, признанный консилиумом врачей-специалистов здоровым, имеет право быть прижизненным донором органов и (или) тканей.

2.

Донор, изъявивший согласие на пересадку своих органов и (или) тканей, вправе:

1) требовать от организаций здравоохранения полной информации о возможных осложнениях для его здоровья в связи с предстоящим вмешательством по изъятию органов (части органа) и (или) тканей (части ткани);

2) проходить медицинское обследование для включения в регистр доноров органов (части органа) и (или) тканей (части ткани) в рамках гарантированного объема бесплатной медицинской помощи и (или) в системе обязательного медицинского страхования;

3) получать лечение, в том числе медикаментозное, в организациях здравоохранения в связи с проведенным вмешательством по изъятию органов (части органа) и (или) тканей (части ткани) в рамках гарантированного объема бесплатной медицинской помощи в системе обязательного медицинского страхования;

4) отказаться до начала хирургического вмешательства по поводу трансплантации.

3.

Реципиент вправе:

1) требовать от организации здравоохранения полной информации о возможных осложнениях для его здоровья в связи с предстоящим вмешательством по трансплантации органов (части органа) и (или) тканей (части ткани);

2) проходить медицинское обследование для включения в регистр потенциальных реципиентов органов (части органа) и (или) тканей (части ткани);

3) получать лечение, в том числе медикаментозное, в организации здравоохранения в связи с проведенным вмешательством по пересадке донорских органов (части органа) и (или) тканей (части ткани) в рамках гарантированного объема бесплатной медицинской помощи;

4) отказаться до начала хирургического вмешательства по поводу трансплантации.

Кыргызча
Органдардын (органдын бөлүгүнүн) жана (же) ткандардын (ткандын бөлүгүнүн) донорунун жана реципиентинин укуктары 1. Врач-адистердин консилиуму тарабынан дени сак деп таанылган 18 жаштан ашкан ар бир жаран органдардын жана (же) ткандардын тирүү донору болууга укуктуу. 2. Өзүнүн органдарын жана (же) ткандарын алмаштырууга макулдугун берген донор төмөнкүлөргө укуктуу: 1) саламаттык сактоо уюмдарынан органдарды (органдын бөлүгүн) жана (же) ткандарды (ткандын бөлүгүн) алуу боюнча алдыда боло турган кийлигишүүгө байланыштуу анын саламаттыгы үчүн мүмкүн болуучу өтүшүп кетүүлөр жөнүндө толук маалыматты талап кылууга; 2) органдардын (органдын бөлүгүнүн) жана (же) ткандардын (ткандын бөлүгүнүн) донорлорунун регистрине киргизүү үчүн акысыз медициналык жардамдын кепилденген көлөмүнүн алкагында жана (же) милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумунда медициналык текшерүүдөн өтүүгө; 3) милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумунда акысыз медициналык жардамдын кепилденген көлөмүнүн алкагында органдарды (органдын бөлүгүн) жана (же) ткандарды (ткандын бөлүгүн) алуу боюнча жүргүзүлгөн кийлигишүүгө байланыштуу саламаттык сактоо уюмдарында дарыланууга, анын ичинде медикаменттер менен дарыланууга; 4) трансплантациялоо боюнча хирургиялык кийлигишүү башталганга чейин баш тартууга. 3. Реципиент төмөнкүлөргө укуктуу: 1) саламаттык сактоо уюмдарынан органдарды (органдын бөлүгүн) жана (же) ткандарды (ткандын бөлүгүн) трансплантациялоо боюнча алдыда боло турган кийлигишүүгө байланыштуу анын саламаттыгы үчүн мүмкүн болуучу өтүшүп кетүүлөр жөнүндө толук маалыматты талап кылууга; 2) органдардын (органдын бөлүгүнүн) жана ткандардын (ткандын бөлүгүнүн) потенциалдуу реципиенттеринин регистрине киргизүү үчүн медициналык текшерүүдөн өтүүгө; 3) акысыз медициналык жардамдын кепилденген көлөмүнүн алкагында донордук органдарды (органдын бөлүгүн) жана (же) ткандарды (ткандын бөлүгүн) алмаштыруу боюнча жүргүзүлгөн кийлигишүүгө байланыштуу саламаттык сактоо уюмдарында дарыланууга, анын ичинде медикаменттер менен дарыланууга; 4) трансплантациялоо боюнча хирургиялык кийлигишүү башталганга чейин баш тартууга.