Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 8
Закон КР от 13 марта 2014 года № 41 "Об охоте и охотничьем хозяйстве" · гл. 3Статус: действует

Статья 8. Охотничий минимум и государственное охотничье удостоверение

1.

Физические лица, имеющие намерение стать охотниками и держателями ловчих хищных птиц, а также руководителями юридических лиц, претендующих на звание охотпользователей, обязаны обладать знаниями и навыками в сфере охоты и охотхозяйственной деятельности, в частности, знанием охотничьего минимума.

2.

Разработка охотничьего минимума организуется уполномоченным государственным органом в сфере охоты и охотничьего хозяйства с привлечением научных и иных необходимых специалистов. Охотничий минимум утверждается уполномоченным государственным органом в сфере охоты и охотничьего хозяйства, размещается на его сайте и издается в виде печатных изданий.

3.

Изучение охотничьего минимума может осуществляться физическими лицами как самостоятельно, так и организованным образом, с последующей сдачей экзамена по нему для получения государственного охотничьего удостоверения.

4.

Прием экзамена по охотничьему минимуму и выдача физическим лицам государственных охотничьих удостоверений организуются и осуществляются уполномоченным государственным органом в сфере охоты и охотничьего хозяйства либо его территориальными структурными подразделениями. Государственное охотничье удостоверение выдается физическим лицам, сдавшим экзамен по охотничьему минимуму.

5.

Охотничий минимум содержит вопросы, ответы и комментарии к ним и состоит из основной и дополнительных частей. Знание основной части охотничьего минимума обязательно для всех физических лиц, имеющих намерение стать охотниками, держателями ловчих хищных птиц или руководителем охотпользователя; знание соответствующих дополнительных частей обязательно для руководителей охотпользователей и держателей ловчих хищных птиц.

6.

Физическим лицам, сдавшим экзамен по охотничьему минимуму, выдаются государственные охотничьи удостоверения с указанием соответствующих специальных категорий "А", "Б" и "Л". Категория "А" подтверждает знание физическим лицом основной части охотничьего минимума, обязательного для всех лиц, получающих государственные охотничьи удостоверения. Дополнительные категории "Б" и "Л" подтверждают знание физическим лицом сведений, соответственно, для руководителя охотпользователя и держателей ловчих хищных птиц. Получение физическими лицами государственных охотничьих удостоверений категорий "А"; "А" и "Б"; "А" и "Л" либо "А", "Б" и "Л" не ограничивается и осуществляется исходя из их желания и результатов сдачи экзамена по охотничьему минимуму либо является обязательным исходя из направленности их дальнейших действий (деятельности).

7.

Государственное охотничье удостоверение является документом, имеет единую форму, учетную серию и номер. Государственные охотничьи удостоверения, выданные в установленном порядке, действительны для предъявления на всей территории Кыргызской Республики и могут быть признаны на территориях других государств.

8.

Государственное охотничье удостоверение изымается у охотника при выявлении допущенных им фактов нарушений (браконьерства) государственными охотничьими инспекторами или иными лицами, наделенными правами государственных охотничьих инспекторов. Изъятое государственное охотничье удостоверение передается в установленном порядке уполномоченному государственному органу в сфере охоты и охотничьего хозяйства или его территориальному структурному подразделению по месту выявления фактов нарушений (браконьерства). Возврат государственного охотничьего удостоверения осуществляется после оплаты предъявленных охотнику-нарушителю штрафных и исковых сумм. В случае неоднократного (более 3 раз) изъятия государственного охотничьего удостоверения охотник лишается своего статуса до повторной сдачи (пересдачи) экзамена по охотничьему минимуму.

9.

Сдача экзамена по охотничьему минимуму и выдача государственного охотничьего удостоверения осуществляются на платной основе.

10.

Порядок сдачи и пересдачи экзамена по охотничьему минимуму, форма и содержание государственных охотничьих удостоверений, порядок их оформления, выдачи, изъятия, возврата, аннулирования (признания недействительными), размер платы за сдачу экзамена и получение государственного охотничьего удостоверения устанавливаются Правительством Кыргызской Республики.

Кыргызча
Мергенчилик минимуму жана мамлекеттик мергенчилик ырастама 1. Аңчы жана алгыр жырткыч куштарды күтүүчү, ошондой эле аңчылыкты пайдалануучулардын наамын алууга талапкер болгон юридикалык жактардын жетекчилери болууга ниеттенген жеке жактар аңчылык жана мергенчилик чарбалык иш чөйрөсүндөгү билимдерге жана көндүмдөргө, атап айтканда, мергенчилик минимуму билимине ээ болууга милдеттүү. 2. Мергенчилик минимумун иштеп чыгуу илимий жана башка зарыл адистерди тартуу менен аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан уюштурулат. Мергенчилик минимум аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет, анын сайтында жайгаштырылат жана басылмалар түрүндө чыгарылат. 3. Мергенчилик минимумду окуп-үйрөнүү кийин мамлекеттик мергенчилик ырастама алуу үчүн ал боюнча экзамен тапшыруу менен, жеке жактар тарабынан өз алдынча да, уюмдашылган түрдө да жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 4. Мергенчилик минимуму боюнча экзамен алуу жана жеке жактарга мамлекеттик мергенчилик ырастамаларын берүү аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же болбосо анын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан уюштурулат жана жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик мергенчилик ырастама мергенчилик минимум боюнча экзамен тапшырган жеке жактарга берилет. 5. Мергенчилик минимуму суроолорду, аларга жоопторду жана чечмелөөлөрдү камтыйт жана негизги жана кошумча бөлүктөрдөн турат. Мергенчилик минимумдун негизги бөлүгүн билүү мергенчи, алгыр жырткыч куштарды күтүүчү же аңчылыкты пайдалануучунун жетекчиси болууга ниеттенген бардык жеке жактар үчүн милдеттүү; тиешелүү кошумча бөлүктөрүн билүү аңчылыкты пайдалануучулардын жетекчилери жана алгыр жырткыч куштарды күтүүчүлөр үчүн милдеттүү. 6. Мергенчилик минимуму боюнча экзамен тапшырган жеке жактарга "А", "Б" жана "Л" тиешелүү атайын категорияларын көрсөтүү менен мамлекеттик мергенчилик ырастама берилет. "А" категориясы жеке жактын мамлекеттик мергенчилик ырастамасын алуучу бардык жактар үчүн милдеттүү болгон мергенчилик минимумдун негизги бөлүгүн билгендигин ырастайт. "Б" жана "Л" кошумча категориялары жеке жактын тиешелүүлүгүнө жараша аңчылыкты пайдалануучулардын жетекчилери жана алгыр жырткыч куштарды күтүүчүлөр үчүн маалыматтарды билгендигин ырастайт. Жеке жактар тарабынан мамлекеттик мергенчилик ырастамасынын "А"; "А" жана "Б"; "А" жана "Л" же болбосо, "А", "Б" жана "Л" категорияларын алышы чектелбейт жана алардын каалоосуна жана мергенчилик минимуму боюнча экзамен тапшырышынын натыйжаларына жараша жүзөгө ашырылат же болбосо алардын андан аркы аракеттеринин (ишинин) багытталгандыгына жараша милдеттүү болуп саналат. 7. Мамлекеттик мергенчилик ырастама документ болуп саналат, бирдиктүү формага, эсептик серияга жана номерге ээ. Белгиленген тартипте берилген мамлекеттик мергенчилик ырастамалар Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында көрсөтүлүү үчүн жарактуу жана башка мамлекеттердин аймактарында да таанылышы мүмкүн. 8. Мергенчи жол берген укук бузуу (браконьерлик) фактылары табылганда, анын мамлекеттик мергенчилик ырастамасы мамлекеттик мергенчилик инспекторлору же мамлекеттик мергенчилик инспекторлорунун укуктары берилген башка жактар тарабынан алынып коюлат. Алынып коюлган мамлекеттик мергенчилик ырастама аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же укук бузуу (браконьерлик) фактысы табылган жердеги анын аймактык түзүмдүк бөлүмүнө белгиленген тартипте өткөрүп берилет. Мамлекеттик мергенчилик ырастаманы кайтарып берүү укук бузган мергенчиге коюлган айыптык жана доолук суммалар төлөнгөндөн кийин жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик мергенчилик ырастама бир нече жолу (3 жолудан көп) алынып коюлган учурда, аңчы өз статусунан мергенчилик минимум боюнча экзаменди кайталап (кайрадан) тапшырганга чейин ажыратылат. 9. Мергенчилик минимуму боюнча экзамен тапшыруу жана мамлекеттик мергенчилик ырастамасын берүү акы төлөө негизинде жүзөгө ашырылат. 10. Мергенчилик минимуму боюнча экзамен тапшыруунун жана кайрадан тапшыруунун тартиби, мамлекеттик мергенчилик ырастамалардын формасы жана мазмуну, аларды жол-жоболоштуруунун, берүүнүн, алып коюунун, кайтарып берүүнүн, жокко чыгаруунун (жараксыз деп таануунун) тартиби, экзамен тапшыруу жана мамлекеттик мергенчилик ырастамасын алуу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.