Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 10
Закон КР от 13 марта 2014 года № 41 "Об охоте и охотничьем хозяйстве" · гл. 3Статус: действует

Статья 10. Охотпользователь

1.

Охотпользователь ведет охотхозяйственную деятельность на охотничьих угодьях, на которых ему предоставлено право ведения охотхозяйственной деятельности в соответствии с Договором о ведении охотхозяйственной деятельности, заключенным с уполномоченным государственным органом в сфере охоты и охотничьего хозяйства.

2.

Права и обязанности охотпользователей регламентируются настоящим Законом и Договором о ведении охотхозяйственной деятельности.

3.

Охотпользователь имеет право:

1) пользоваться охотничьими животными, предоставленными ему в пользование в пределах установленных лимитов и норм добычи и на основании разрешений на специальное пользование охотничьими ресурсами;

2) передавать охотникам права пользования охотничьими животными путем выдачи и реализации им соответствующих разрешительных документов;

3) собственности на добытые в законном порядке охотничьи животные и иную продукцию охоты;

4) производить переработку и реализацию добытой продукции;

5) составлять протоколы о нарушениях законодательства и нанесении ущерба объектам животного мира и их среде обитания;

6) предъявлять в установленном законодательством Кыргызской Республики порядке иски к юридическим и физическим лицам, действие которых повлекло упущение выгоды и нанесение охотпользователю имущественного ущерба;

7) обжаловать в установленном законодательством Кыргызской Республики порядке решения государственных органов и их должностных лиц, нарушающие его права на пользование объектами животного мира;

8) осуществлять по согласованию с землепользователями, научными организациями и учреждениями, уполномоченным государственным органом в сфере охоты и охотничьего хозяйства мероприятия по улучшению среды обитания объектов животного мира;

9) объединяться с другими охотпользователями с целью совместного ведения охотхозяйственной деятельности.

4.

Охотпользователь обязан:

1) обеспечивать наличие (иметь) в штате своих сотрудников квалифицированных специалистов в сфере ведения охотничьего хозяйства и осуществлять охотхозяйственную деятельность только на основании охотхозяйственных планов и в соответствии с законодательством Кыргызской Республики;

2) проводить обозначение (столбы, аншлаги и прочее) границ охотничьих угодий, на которых ему предоставлено право ведения охотхозяйственной деятельности;

3) пользоваться в установленном порядке только теми видами охотничьих животных, которые ему разрешены;

4) разъяснять охотникам нормы, правила и иные требования, установленные законодательством в сфере охоты и охотничьего хозяйства, и обеспечивать их соблюдение;

5) самостоятельно ограничивать пользование охотничьими ресурсами в целях обеспечения их сохранения и воспроизводства;

6) беспрепятственно допускать должностных лиц государственных органов, осуществляющих в установленном порядке государственный охотничий контроль и надзор, для проведения проверок соблюдения охотпользователем Договора о ведении охотхозяйственной деятельности и своевременно выполнять вынесенные предписания;

7) своевременно вносить установленную плату за пользование охотничьими животными;

8) предотвращать жестокое обращение с охотничьими животными при пользовании ими;

9) возмещать в установленном порядке ущерб, причиненный по его вине охотничьим ресурсам и среде их обитания;

10) проводить мониторинг охотничьих ресурсов и среды их обитания, учет добычи охотничьих животных на охотничьих угодьях, на которых ему предоставлено право ведения охотхозяйственной деятельности, и своевременно предоставлять соответствующие данные уполномоченному государственному органу в сфере охоты и охотничьего хозяйства (его территориальным структурным подразделениям);

11) содействовать сохранению и воспроизводству охотничьих ресурсов;

12) обеспечивать круглогодичную охрану диких животных и среды их обитания в границах охотничьих угодий, на которых ему предоставлено право ведения охотхозяйственной деятельности;

13) в течение 5 календарных дней информировать уполномоченный государственный орган в сфере охоты и охотничьего хозяйства, ветеринарные и санитарно-эпидемиологические службы о выявлении заболеваний, об ухудшении состояния охотничьих ресурсов; осуществлять мероприятия по профилактике и борьбе с заболеваниями и оказанию помощи животным в случае стихийных бедствий и чрезвычайных ситуаций природного и техногенного характера;

14) выявлять и пресекать случаи нарушений (браконьерства);

15) ежегодно представлять уполномоченному государственному органу в сфере охоты и охотничьего хозяйства и государственному органу в области официальной статистики отчеты по установленным формам, содержащие информацию по охотхозяйственной деятельности.

5.

Охотпользователь в соответствии с законодательством Кыргызской Республики несет ответственность за состояние охотничьих ресурсов в охотничьих угодьях, на которых ему предоставлено право ведения охотхозяйственной деятельности, и за свои противоправные действия (бездействие). Охотпользователь не несет ответственность за ухудшение состояния охотничьих ресурсов, причиной которого явились непреодолимые обстоятельства (форс-мажор).

(В редакции Закона КР от 8 июля 2019 года № 83)

Кыргызча
Аңчылыкты пайдалануучу 1. Аңчылыкты пайдалануучу аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү жөнүндө түзүлгөн Келишимге ылайык, ага мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу берилген аңчылык жерлерде мергенчилик чарба иштерин жүргүзөт. 2. Аңчылыкты пайдалануучулардын укуктары жана милдеттери ушул Мыйзам жана Мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү жөнүндө келишим менен жөнгө салынат. 3. Аңчылыкты пайдалануучу төмөнкүлөргө укуктуу: 1) белгиленген лимиттердин жана олжолоо ченемдеринин чектеринде жана аңчылык ресурстарын атайын пайдаланууга уруксаттардын негизинде, ага пайдаланууга берилген аңчылык жаныбарларын пайдаланууга; 2) тиешелүү уруксат документтерин берүү жана сатуу жолу менен аңчыларга аңчылык жаныбарларын пайдалануу укугун берүүгө; 3) мыйзамдуу тартипте олжолонгон аңчылык жаныбарларын жана аңчылыктын башка продукциясын менчигине алууга; 4) олжолонгон продукцияны кайра иштетүүнү жана сатууну жүргүзүүгө; 5) мыйзамдардын бузулгандыгы жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине жана алардын жашоо чөйрөсүнө залал келтирүү жөнүндө протоколдорду түзүүгө; 6) аракеттери пайданы жоготууга жана аңчылыкты пайдалануучуга мүлктүк зыян келтирүүгө алып келген юридикалык жана жеке жактарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте доо коюуга; 7) мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын аңчылыкты пайдалануучунун жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууга анын укугун бузган чечимдерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга; 8) жерди пайдалануучулар, илимий уюмдар жана мекемелер, аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин жашоо чөйрөсүн жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга; 9) мергенчилик чарба иштерин биргелешип жүргүзүү максатында башка аңчылыкты пайдалануучулар менен биригүүгө. 4. Аңчылыкты пайдалануучу төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) өзүнүн кызматкерлеринин штатында мергенчилик чарбасын жүргүзүү чөйрөсүндөгү квалификациялуу адистердин болушун камсыз кылууга жана мергенчилик чарба иштерин мергенчилик чарба пландарынын негизинде гана жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырууга; 2) өзүнө мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу берилген мергенчилик кылуучу жерлердин чек араларын белгилөөнү жүргүзүүгө (мамылар, аншлагдар жана башкалар); 3) аңчылык жаныбарларынын ага уруксат берилген түрлөрүн гана белгиленген тартипте пайдаланууга; 4) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген ченемдерди, эрежелерди жана башка талаптарды аңчыларга түшүндүрүүгө жана алардын сакталышын камсыз кылууга; 5) аларды сактоону жана көбөйтүүнү камсыз кылуу максатында аңчылык ресурстарын пайдаланууну өз алдынча чектөөгө; 6) аңчылыкты пайдалануучунун мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү жөнүндө Келишимди сактоосуна текшерүү жүргүзүү үчүн мамлекеттик мергенчилик контролду жана көзөмөлдү белгиленген тартипте жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын тоскоолдуксуз киргизүүгө жана берилген жазма буйрукту өз убагында аткарууга; 7) аңчылык жаныбарларын пайдалануу үчүн белгиленген акыны өз убагында төлөөгө; 8) аларды пайдаланууда аңчылык жаныбарларына ырайымсыз мамиле жасоону болтурбоого; 9) аңчылык ресурстарына жана алардын жашоо чөйрөсүнө анын күнөөсү боюнча келтирилген залалдын ордун белгиленген тартипте толтурууга; 10) ага мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу берилген мергенчилик кылуучу жерлердеги аңчылык ресурстарына жана алардын жашоо чөйрөсүнө мониторинг жүргүзүүгө, аңчылык жаныбарларын олжолоонун эсебин алууга жана аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (анын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнө) тийиштүү маалыматтарды өз убагында берүүгө; 11) аңчылык ресурстарын сактоого жана көбөйтүүгө көмөк көрсөтүүгө; 12) ага мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу берилген мергенчилик кылуучу жерлердин чек араларында жапайы жаныбарларды жана алардын жашоо чөйрөсүн жыл бою кайтарууну камсыз кылууга; 13) ылаңдардын айкындалгандыгы жөнүндө, аңчылык ресурстарынын абалы начарлагандыгы жөнүндө 5 календардык күндүн ичинде аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ветеринардык жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтарга маалымдоого; ылаңдардын алдын алуу, аларга каршы күрөшүү жана табигый кырсыктар жана табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар учурунда жаныбарларга жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга; 14) укук бузуулар (браконьердик кылуу) учурларын айкындоого жана аларга бөгөт коюуга; 15) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга мергенчилик чарба иштери боюнча маалыматтарды камтыган, белгиленген форма боюнча отчетторду жыл сайын берүүгө. 5. Аңчылыкты пайдалануучу ага мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу берилген мергенчилик кылуучу жерлердеги аңчылык ресурстарынын абалы үчүн жана өзүнүн укукка каршы аракеттери (аракетсиздиги) үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Аңчылыкты пайдалануучу себебин болтурбоого болбой турган жагдайлар (форс-мажор) болгондо аңчылык ресурстарынын абалынын начарлагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт. (КР 2019-жылдын 8-июлундагы № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)