Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 19
Закон КР от 13 марта 2014 года № 41 "Об охоте и охотничьем хозяйстве" · гл. 5Статус: действует

Статья 19. Охотничьи питомники, реакклиматизация и гибридизация охотничьих животных

1.

Содержание (разведение, выращивание) охотничьих животных в полувольных условиях или в искусственно созданной среде (неволе) с целью дальнейшего выпуска в охотничьи угодья для охоты и воспроизводства, реализации (продажи) и использования для других целей и реакклиматизация охотничьих животных осуществляются на основе подлежащих обязательной экологической экспертизе проектов, один экземпляр которых предоставляется в уполномоченный государственный орган в сфере охоты и охотничьего хозяйства.

2.

Изъятые из природной среды и содержащиеся в неволе или приобретенные для этой цели охотничьи животные и содержащие их юридические и физические лица (держатели) подлежат регистрации в уполномоченном государственном органе в сфере охоты и охотничьего хозяйства (или его территориальном структурном подразделении). Держатели оформляют в уполномоченном государственном органе в сфере охоты и охотничьего хозяйства (его территориальном структурном подразделении) идентификационные карты (паспорта) на содержащихся животных не позднее 10 дней после приобретения или изъятия животных из природной среды.

3.

Гибридизация (скрещивание), а также создание условий для скрещивания охотничьих животных, принадлежащих к разным видам или подвидам, не допускаются.

4.

Содержание (разведение, выращивание) охотничьих животных в полувольных условиях или искусственно созданной среде (неволе) и реакклиматизация животных осуществляются с учетом научно обоснованных рекомендаций, анализа ожидаемых и возможных воздействий на популяции охотничьих животных, биоразнообразие и состояние экосистем.

5.

Интродукция чужеродных видов и подвидов охотничьих животных запрещается.

Кыргызча
Аңчылык питомниктери, аңчылык жаныбарларын кайра аклиматташтыруу жана гибриддештирүү 1. Аңчылык жана көбөйтүү, сатуу жана башка максаттар үчүн пайдалануу жана аңчылык жаныбарларын кайра аклиматташтыруу үчүн андан ары мергенчилик кылуучу жерлерине чыгаруу менен аңчылык жаныбарларын жарым-жартылай эркин шарттарда же жасалма түзүлгөн чөйрөдө (колдо) багуу (көбөйтүү, өстүрүү) милдеттүү экологиялык экспертизага жаткан долбоорлордун негизинде жүзөгө ашырылып, алардын бир нускасы аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет. 2. Жаратылыш чөйрөсүнөн алынган жана колдо багылган же ушул максат үчүн сатып алынган аңчылык жаныбарлары жана аларды багуучу юридикалык жана жеке жактар (күтүүчүлөр) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда (анын аймактык түзүмдүк бөлүмүндө) каттоого жатат. Күтүүчүлөр сатып алгандан же жаныбарларды жаратылыш чөйрөсүнөн алгандан кийин 10 күндөн кечиктирбестен багуудагы жаныбарларга идентификациялык карталарды (паспортторду) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда (анын аймактык түзүмдүк бөлүмүндө) жол-жоболоштурат. 3. Ар кайсы түрлөргө же түрчөлөргө таандык болгон аңчылык жаныбарларын гибриддештирүүгө (аргындаштырууга), ошондой эле аргындаштыруу үчүн шарттарды түзүүгө жол берилбейт. 4. Аңчылык жаныбарларын жарым-жартылай эркин шарттарда же жасалма түзүлгөн чөйрөдө (колдо) багуу (көбөйтүү, өстүрүү) жана жаныбарларды кайра аклиматташтыруу илимий негизделген сунуштамаларды, аңчылык жаныбарларынын популяцияларына, экотутумдардын биологиялык ар түрдүүлүгүнө жана абалына карата күтүлгөн жана мүмкүн болуучу таасирлерди талдоону эске алуу менен жүзөгө ашырылат. 5. Аңчылык жаныбарларынын чоочун түрлөрүн жана түрчөлөрүн интродукциялоого тыюу салынат.