Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 20
Закон КР от 25 мая 2007 года № 72 "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства" · гл. 3Статус: действует

Статья 20. Ответственность уполномоченных органов при проведении проверок

1.

Уполномоченный государственный орган и их должностные лица в случае ненадлежащего исполнения своих функций и служебных обязанностей при проведении проверок, совершении противоправных действий (бездействия) несут ответственность в соответствии с гражданским и уголовным законодательством Кыргызской Республики.

2.

Должностные лица уполномоченных государственных органов, совершившие противоправные действия (бездействие) при проведении проверок субъектов проверки, не вправе занимать какую-либо должность в уполномоченных государственных органах после установления их вины в судебном порядке.

3.

Неподтверждение в судебном порядке результатов проверки о нарушениях субъектом предпринимательства законодательства Кыргызской Республики и установление в судебном порядке вины должностного лица, проводившего проверку, влекут освобождение его от занимаемой должности.

4.

О мерах, принятых в отношении должностных лиц, виновных в нарушении законодательства Кыргызской Республики, уполномоченные государственные органы обязаны в месячный срок сообщить субъекту проверки, права и законные интересы которого нарушены.

5.

Убытки, причиненные субъекту проверки, включая упущенную выгоду, в результате неправомерных действий уполномоченных государственных органов либо их должностных лиц, нарушивших права субъекта проверки, а также вследствие ненадлежащего осуществления этими уполномоченными государственными органами либо их должностными лицами предусмотренных законодательством Кыргызской Республики обязанностей по отношению к субъектам проверки, подлежат возмещению этими должностными лицами и уполномоченными государственными органами.

(В редакции Законов КР от 14 апреля 2016 года № 41, 6 июня 2017 года № 98, 7 июля 2023 года № 134)

Кыргызча
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын текшерүүлөрдү жүргүзгөн учурдагы жоопкерчилиги 1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана алардын кызмат адамдары текшерүүлөрдү жүргүзүүдө өздөрүнүн иш-милдеттерин жана кызматтык милдеттерин талаптагыдай эмес аткарган, укукка каршы аракеттерди (аракетсиздикти) жасаган учурда Кыргыз Республикасынын жарандык жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат. 2. Текшерүүнүн субъекттерине текшерүү жүргүзгөн учурда укукка каршы аракеттерди (аракетсиздикти) жасаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары алардын күнөөсү сот тартибинде аныкталгандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда кандайдыр бир кызмат ордун ээлөөгө укугу жок. 3. Ишкердик субъекти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар жөнүндө текшерүүлөрдүн натыйжалары сот тартибинде тастыкталбаганда жана текшерүү жүргүзгөн кызмат адамынын күнөөсү сот тартибинде белгиленгенде аны ээлеген кызмат ордунан бошотууга алып келет. 4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушуна күнөөлүү болгон кызмат адамдарына карата көрүлгөн чаралар жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулган текшерүүнүн субъектине бир айлык мөөнөттө кабар берүүгө милдеттүү. 5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын же болбосо алардын кызмат адамдарынын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар текшерүүнүн субъектинин укуктарын бузган укукка жат аракеттеринин натыйжасында, ошондой эле бул ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын же болбосо алардын кызмат адамдарынын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар текшерүүнүн субъекттерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттерин талаптагыдай эмес аткаруусунан улам текшерүүнүн субъектине келтирилген чыгаша, анын ичинде колдон чыгарылган пайда бул органдар жана кызмат адамдары тарабынан өндүрүп берилүүгө тийиш. (КР 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41, 2017-жылдын 6-июнундагы № 98, 2023-жылдын 7-июлундагы № 134 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)