Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 19-2
Закон КР от 25 мая 2007 года № 72 "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства" · гл. 3Статус: действует

Статья 19-2. Показатели эффективности деятельности уполномоченных органов

1.

В целях повышения эффективности проведения проверок и компетентности уполномоченных органов оцениваются показатели их эффективности.

2.

Количественные показатели по наложенным взысканиям, штрафам или другие показатели, связанные с применением санкций в отношении субъектов проверки, а также частота или количество проведенных проверок, не могут использоваться в качестве критериев показателей эффективности работы уполномоченных органов.

3.

Для оценки используются показатели эффективности, которые отражают достижение целей проверок, а также уровень соблюдения, предотвращения рисков и защиты общественных интересов. Данные, собранные для оценки показателей, должны быть объективными и точными.

4.

Показатели эффективности проведения проверок следует отличать от показателей деятельности уполномоченных органов, которые не имеют отношения к измерению эффективности.

5.

Оценка показателей эффективности работы уполномоченных органов проводится на основании базовых и специальных критериев.

6.

Базовыми критериями выступают результаты, связанные с достижением целей по постепенному снижению уровня риска и улучшению показателей безопасности в конкретной области.

7.

Специальные критерии основываются на показателях планирования проверок и использования адекватных человеческих и технических ресурсов и определяются Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

8.

Оценка показателей эффективности проводится уполномоченным органом по развитию предпринимательства совместно с вышестоящими органами уполномоченных органов на основании критериев, предусмотренных частями 6 и 7 настоящей статьи, в порядке, определяемом Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

(В редакции Закона КР от 7 июля 2023 года № 134)

Кыргызча
Ыйгарым укуктуу органдардын ишинин натыйжалуулук көрсөткүчтөрү 1. Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жана ыйгарым укуктуу органдардын компетенттүүлүгүн жогорулатуу максатында алардын натыйжалуулук көрсөткүчтөрү бааланат. 2. Текшерүүнүн субъекттерине карата жаза чаралары, айыптар боюнча сандык көрсөткүчтөр же санкцияларды колдонуу менен байланышкан башка көрсөткүчтөр, ошондой эле жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыштыгы же саны ыйгарым укуктуу органдардын ишинин натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүнүн чен-өлчөмдөрү катары колдонулушу мүмкүн эмес. 3. Баалоо үчүн текшерүүлөрдүн максаттарына жетүүнү чагылдырган натыйжалуулук көрсөткүчтөрү, ошондой эле коомдук кызыкчылыктарды сактоо, тобокелдиктерин болтурбоо жана коргоо деңгээли пайдаланылат. Көрсөткүчтөрдү баалоо үчүн чогултулган маалыматтар объективдүү жана так болууга тийиш. 4. Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн натыйжалуулукту өлчөөгө тиешеси жок ыйгарым укуктуу органдардын ишинин көрсөткүчтөрүнөн айырмалоо керек. 5. Ыйгарым укуктуу органдардын ишинин натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүн баалоо базалык жана атайын чен-өлчөмдөрдүн негизинде жүргүзүлөт. 6. Базалык чен-өлчөмдөр болуп конкреттүү тармактагы тобокелдик деңгээлин бара-бара төмөндөтүү жана коопсуздук көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча максаттарга жетүү менен байланышкан натыйжалар саналат. 7. Атайын чен-өлчөмдөр текшерүүлөрдү пландоонун жана адекваттуу адамдык жана техникалык ресурстарды пайдалануунун көрсөткүчтөрүнө негизделет жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. 8. Натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн баалоо ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан ыйгарым укуктуу органдардын жогору турган органдары менен бирдикте ушул статьянын 6 жана 7-бөлүктөрүндө каралган чен-өлчөмдөрдүн негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүргүзүлөт. (КР 2023-жылдын 7-июлундагы № 134 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)