Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 2
Закон КР от 25 мая 2007 года № 72 "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства" · гл. 1Статус: действует

Статья 2. Основные понятия, применяемые в настоящем Законе

Уполномоченные органы - органы исполнительной власти, уполномоченные законами Кыргызской Республики и постановлениями Кабинета Министров Кыргызской Республики на осуществление проверок субъектов предпринимательства, перечень которых разрабатывается Кабинетом Министром Кыргызской Республики и утверждается Жогорку Кенешем Кыргызской Республики.

См.:

постановление Кабинета Министров КР от 17 декабря 2021 года N 310 "Об одобрении Перечня уполномоченных органов, имеющих право на проведение проверок субъектов предпринимательства";

постановление Жогорку Кенеша КР от 2 февраля 2023 года N 933-VII "Об утверждении Перечня уполномоченных органов, имеющих право на проведение проверок субъектов предпринимательства"

Проверка - любая форма государственного контроля или надзора за деятельностью субъектов проверки, проводимая с целью предотвращения и иным образом управления рисками для обеспечения безопасности жизни, здоровья, окружающей среды, имущественных интересов граждан, юридических лиц и государства.

Плановая проверка - проверка, проводимая уполномоченным органом в соответствии с утвержденным им планом осуществления проверок деятельности субъектов проверки.

Внеплановая проверка - проверка деятельности субъектов проверки, проводимая по основаниям, предусмотренным статьей 7 настоящего Закона.

Контрольная проверка - проверка устранения субъектами проверки нарушений, отмеченных предыдущей проверкой.

Перепроверка - проверка, проводимая на основании жалобы субъекта предпринимательства на результаты плановой проверки и для уточнения некоторых моментов, связанных с проведенной плановой проверкой, которые не отражены либо неясно отражены в акте.

Субъекты проверки - юридические лица, индивидуальные предприниматели, филиалы и представительства, зарегистрированные в порядке, установленном законодательством Кыргызской Республики.

Риск - вероятность возникновения негативных последствий от осуществления предпринимательской деятельности и предполагаемый размер ущерба вследствие их действия, а также вероятность невыполнения (выполнения не в полном объеме, выполнения не должным образом) субъектами проверки своих обязанностей, предусмотренных законодательством Кыргызской Республики.

Критерии оценки степени риска - совокупность количественных и (или) качественных показателей, связанных с непосредственной деятельностью субъекта проверки, позволяющих отнести субъекты предпринимательства к различным степеням риска.

Проверочные листы - это исчерпывающий перечень требований к деятельности субъектов проверки, предусмотренных законами Кыргызской Республики и постановлениями Кабинета Министров Кыргызской Республики, несоблюдение которых напрямую влечет угрозу жизни и здоровью человека, окружающей среде, имущественным интересам граждан, юридических лиц и государства. При этом указанные требования должны иметь конкретные ссылки на структурные элементы нормативных правовых актов, в том числе на наименьший структурный элемент.

Объект проверки - деятельность или часть деятельности субъекта проверки, осуществляемая им в соответствующей области риска.

(В редакции Законов КР от 17 октября 2008 года № 231, 22 июля 2011 года № 121, 14 апреля 2016 года № 41, 7 июля 2023 года № 134, 7 августа 2024 года № 162 )

Кыргызча
Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр Ыйгарым укуктуу органдар - ишкердиктин субъекттерин текшерүүнү жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунда ыйгарым укук берилген, тизмегин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети иштеп чыгуучу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекитүүчү аткаруу бийлик органдары. Караңыз: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 310 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин жактыруу жөнүндө" токтому; КР Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 2-февралындагы № 933-VII "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому; Текшерүү - өмүрдүн, ден соолуктун, айлана-чөйрөнүн, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тобокелдиктерди болтурбоо жана башкача башкаруу максатында жүргүзүлгөн текшерүүнүн субъекттеринин ишин мамлекеттик контролдоонун же көзөмөлдөөнүн ар кандай формасы. . Пландуу текшерүү - ыйгарым укуктуу органдын текшерүүнүн субъекттеринин иштерин текшерүүнү жүзөгө ашыруунун өзү тарабынан бекитилген планга ылайык жүргүзүлүүчү текшерүү. Пландан тышкары текшерүү - ушул Мыйзамдын 7-статьясында каралган негиздер боюнча жүргүзүлүүчү текшерүүнүн субъекттеринин иштерин текшерүү. Контролдук текшерүү - текшерүүнүн субъекттеринин мурдагы текшерүүдө белгиленген укук бузууларын четтетүүсүн текшерүү. Кайра текшерүү - пландуу текшерүүнүн натыйжаларына карата ишкердиктин субъекттеринин даттануусунун негизинде жана пландуу текшерүүнү жүргүзүү менен байланышкан, актыда чагылдырылбаган же болбосо так чагылдырылбаган айрым учурларды тактоо үчүн жүргүзүлүүчү текшерүү. Текшерүүнүн субъекттери - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган юридикалык жактар, жеке ишкерлер, филиалдар жана өкүлчүлүктөр. Тобокелдик ишкердикти жүргүзүүдөгү натыйжалардын пайда болушу жана алар келтирүүчү зыяндын болжолдуу ченеми, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн текшерүүнүн субъекттеринин өз милдеттерин аткарбагандыгы (толук көлөмдө же тийиштүү даражада аткарбагандыгы). Тобокелдиктин даражасын баалоо чен-өлчөмдөрү - текшерүүнүн субъекттеринин иши менен түздөн-түз байланышкан текшерүүнүн субъекттеринин тобокелдиктин ар кандай даражаларына алып барууга мүмкүндүк берүүчү сандык жана/же сапаттык көрсөткүчтөрдүн жыйындысы. Текшерүү барактары - бул текшерүүнүн субъекттеринин ишине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунда каралган, аларды сактабоо адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктарына түздөн-түз коркунуч келтирген талаптардын толук тизмеги. Мында, көрсөтүлгөн талаптар ченемдик укуктук актылардын түзүмдүк элементтерине, анын ичинде эң кичинекей түзүмдүк элементине конкреттүү шилтемелер болушу керек. Текшерүүнүн объекти - тобокелдиктин тиешелүү тармагында жүзөгө ашырылуучу текшерүүнүн субъектинин иши же ишинин бөлүгү. (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2011-жылдын 22-июлундагы № 121, 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41, 2023-жылдын 7-июлундагы № 134, ,2024-жылдын 7-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)