Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 5
Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании" · гл. 2Статус: действует

Статья 5. Государственные гарантии права на образование

Государство гарантирует реализацию, охрану и защиту права граждан на образование путем:

1) создания системы образования, отвечающей интересам личности, общества и государства, направленной на достижение качественного образования для каждого;

2) создания условий для реализации права граждан на получение бесплатного дошкольного, начального, основного и среднего общего образования, а также начального профессионального образования в пределах государственных образовательных стандартов;

3) создания условий для доступа каждого к среднему и высшему профессиональному, а также послевузовскому профессиональному образованию;

4) создания равных возможностей, инклюзивного образования и недопустимости любых проявлений дискриминации при получении образования;

5) создания равных условий для развития различных форм обучения и типов образовательных организаций;

6) создания условий для эффективного взаимодействия государства, местных сообществ, участников образовательного процесса и гражданского общества в вопросах формирования и реализации государственной политики в сфере образования;

7) эффективного и целенаправленного использования бюджетных средств, направляемых на образование;

8) создания условий для издания учебников, в том числе учебников, издаваемых рельефно-точечным шрифтом Брайля, учебных и методических пособий (учебно-методических комплексов и учебно-дидактических материалов).

Кыргызча
Билим алууга укуктун мамлекеттик кепилдиктери Мамлекет төмөнкүлөр аркылуу жарандардын билим алууга болгон укуктарын ишке ашырууга, сактоого жана коргоого кепилдик берет: 1) ар бир адам үчүн сапаттуу билим берүүгө жетишүүгө багытталган, инсандын, коомдун жана мамлекеттин таламдарына жооп берүүчү билим берүү системасын түзүү; 2) жарандардын мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билимди бекер алуу, ошондой эле мамлекеттик билим берүү стандарттарынын чегинде кесиптик башталгыч билим алуу укугун ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү; 3) ар бир адамдын кесиптик орто жана жогорку, ошондой эле жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим алууга жетүүсү үчүн шарттарды түзүү; 4) инклюзивдик билим берүүдө бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана билим алууда басмырлоонун кандай болбосун көрүнүштөрүнө жол бербөө; 5) окутуунун ар кандай формаларын жана билим берүү уюмдарынын түрлөрүн өнүктүрүү үчүн бирдей шарттарды түзүү; 6) билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана ишке ашыруу маселелеринде мамлекеттин, жергиликтүү коомдоштуктардын, билим берүү процессинин катышуучуларынын жана жарандык коомдун натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү үчүн шарттарды түзүү; 7) билим берүүгө багытталуучу бюджеттик каражаттарды натыйжалуу жана максаттуу пайдалануу; 8) окуу китептерин, анын ичинде Брайлдын рельефтик-чекиттик шрифти менен чыгарылуучу окуу китептерин, окуу жана усулдук колдонмолорду (окуу-усулдук комплекстерди жана окуу-дидактикалык материалдарды) басып чыгаруу үчүн шарттарды түзүү.