Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 42
Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании" · гл. 12Статус: действует

Статья 42. Охрана здоровья обучающихся

1.

Юридические и физические лица (индивидуальные предприниматели), предоставляющие услуги образования, а также родители (законные представители) и органы местного самоуправления создают условия, гарантирующие охрану и укрепление здоровья обучающихся.

2.

Мероприятия по охране здоровья и профилактике заболеваний обучающихся включают:

1) организацию скрининговых исследований;

2) проведение обязательных профилактических медицинских осмотров, в том числе с привлечением выездных бригад специалистов;

3) направление обучающихся на углубленное медицинское обследование по результатам профилактических осмотров;

4) организацию оздоровительных мероприятий;

5) внедрение в образовательных организациях здоровьесберегающих технологий, направленных на укрепление здоровья, формирование здорового образа жизни, профилактику заболеваний, внедрение и соблюдение принципов здорового питания, охрану репродуктивного здоровья;

6) охрану психического здоровья, профилактику суицидального поведения и зависимостей, вызванных потреблением табачных изделий, немедицинским употреблением психоактивных веществ, а также патологическим влечением к азартным играм;

7) вакцинацию согласно календарю профилактических прививок;

8) организацию и проведение семинаров, тренингов и лекций по профилактике заболеваний, пропаганде и формированию здорового образа жизни среди обучающихся;

9) вовлечение родителей и педагогических работников в охрану здоровья обучающихся с проведением образовательных и информационно-разъяснительных программ и мероприятий;

10) соблюдение требований санитарных правил и инфекционного контроля;

11) оказание первой помощи при неотложных состояниях до прибытия медицинских работников, оказывающих скорую медицинскую помощь.

3.

Организация профилактической медицинской помощи осуществляется в рамках программ государственных гарантий территориальными организациями здравоохранения, оказывающими первичную медико-санитарную помощь.

4.

Организация деятельности профилактической медицинской помощи осуществляется местными государственными администрациями и органами местного самоуправления совместно с уполномоченным государственным органом в сфере образования и государственными организациями общественного здравоохранения в порядке, определяемом уполномоченным государственным органом в сфере здравоохранения.

Кыргызча
Билим алуучулардын ден соолугун коргоо 1. Билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү юридикалык жана жеке жактар (жеке ишкерлер), ошондой эле ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары билим алуучулардын ден соолугун коргоого жана чыңдоого кепилдик берүүчү шарттарды түзөт. 2. Билим алуучулардын ден соолугун коргоо жана оорулардын алдын алуу боюнча чаралар төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) скринингдик изилдөөлөрдү уюштуруу; 2) милдеттүү алдын алуучу медициналык текшерүүлөрдөн, анын ичинде адистердин көчмө бригадаларын тартуу менен өткөрүү; 3) билим алуучуларды алдын алуу текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча тереңдетилген медициналык текшерүүдөн өткөрүүгө жиберүү; 4) саламаттыкты чыңдоо иш-чараларын уюштуруу; 5) ден соолукту чыңдоого, сергек жашоо образын түзүүгө, оорулардын алдын алууга, таза тамактануу принциптерин киргизүүгө жана сактоого, репродуктивдүү ден соолукту коргоого багытталган ден соолукту сактоочу технологияларды билим берүү уюмдарына киргизүү; 6) психикалык саламаттыкты коргоо, суициддик жүрүм-турумдун жана тамеки заттарын колдонуудан, психоактивдүү заттарды медициналык эмес шарттарда пайдалануудан, ошондой эле кумар оюндарына патологиялык азгырылуудан улам пайда болгон көз карандуулуктун алдын алуу; 7) алдын алуучу эмдөө календарына ылайык эмдөөгө; 8) оорулардын алдын алуу, билим алуучулар арасында сергек жашоо образын пропагандалоо жана калыптандыруу боюнча семинарларды, тренингдерди жана лекцияларды уюштуруу жана өткөрүү; 9) билим берүү жана маалыматтык-түшүндүрүү программаларын жана иш-чараларын өткөрүү аркылуу ата-энелерди жана педагогикалык кызматкерлерди билим алуучулардын саламаттыгын коргоого тартуу; 10) санитардык эрежелердин жана инфекциялык контролдун талаптарын сактоо; 11) кечиктирилгис жагдайларда шашылыш медициналык жардам көрсөтүүчү медициналык кызматкерлер келгенге чейин биринчи жардам көрсөтүү. 3. Медициналык алдын алуу жардамын уюштуруу баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоонун аймактык уюмдары тарабынан мамлекеттик кепилдиктердин программаларынын алкагында жүзөгө ашырылат. 4. Медициналык алдын алуу жардамдын ишин уюштуруу жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана коомдук саламаттык сактоонун мамлекеттик уюмдары менен бирдикте саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу тартипте жүзөгө ашырылат. 13-глава. Педагогикалык кызматкердин статусу