Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 28
Закон КР от 8 августа 2023 года № 170 "О науке" · гл. 6Статус: действует

Статья 28. Фонд науки уполномоченного государственного органа

1.

Для содействия развитию науки, научно-технической и научно-инновационной деятельности, внедрения перспективных разработок в производство создается Фонд науки уполномоченного государственного органа.

2.

Средства Фонда науки уполномоченного государственного органа образуются за счет:

1) республиканского бюджета;

2) внебюджетных фондов;

3) добровольных средств физических и юридических лиц;

4) иностранных и отечественных инвестиций;

5) иных поступлений, не запрещенных законодательством Кыргызской Республики.

3.

Средства Фонда науки уполномоченного государственного органа направляются на:

1) финансирование фундаментальных и прикладных научных исследований, научно-технических программ и проектов, целевых научных исследований по приоритетным направлениям науки и научно-технической деятельности;

2) финансирование грантов по государственному заказу на научные исследования научных и научно-технических работников, научных коллективов и организаций на конкурсной основе;

3) поддержку развития межотраслевых научно-исследовательских и опытно-конструкторских работ;

4) реализацию программ подготовки научных кадров по перспективным и новым направлениям науки и научно-технической деятельности, включая подготовку кадров за рубежом;

5) публикацию, приобретение и обеспечение научной и научно-технической информацией (журналы, электронные материалы и другие);

6) проведение и участие в научных форумах (конгрессы, конференции, симпозиумы и другие);

7) создание научной инфраструктуры.

4.

Научным и научно-техническим организациям, образовательным организациям высшего профессионального образования независимо от форм собственности, научным и научно-техническим работникам, их коллективам обеспечивается равный доступ к участию в конкурсе на получение гранта за счет средств Фонда науки уполномоченного государственного органа.

5.

Положение о Фонде науки уполномоченного государственного органа утверждается Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

Кыргызча
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Илим фонду 1. Илимди, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти өнүктүрүүгө көмөктөшүү, келечектүү иштеп чыгууларды өндүрүшкө киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Илим фонду түзүлөт. 2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Илим фондунун каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт: 1) республикалык бюджеттин; 2) бюджеттен тышкаркы фонддордун; 3) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу каражаттарынын; 4) чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестициялардын; 5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка келип түшүүлөрдүн. 3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Илим фондунун каражаттары төмөнкүлөргө багытталат: 1) илимдин жана илимий-техникалык иштин артыкчылыктуу багыттары боюнча фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү, илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду, максаттуу илимий изилдөөлөрдү каржылоо; 2) конкурстук негизде илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин, илимий жамааттардын жана уюмдардын илимий изилдөөлөрүнө мамлекеттик тапшырык боюнча гранттарды каржылоого; 3) тармактар аралык илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди өнүктүрүүнү колдоого; 4) илимдин жана илимий-техникалык иштин келечектүү жана жаңы багыттары боюнча илимий кадрларды даярдоо программаларын ишке ашырууга, анын ичинде кадрларды чет өлкөлөрдө даярдоого; 5) илимий жана илимий-техникалык маалыматтарды (журналдарды, электрондук материалдарды жана башкаларды) жарыялоо, сатып алуу жана камсыз кылуу; 6) илимий форумдарды (конгресстер, конференциялар, симпозиумдар жана башкалар) өткөрүү жана аларга катышуу; 7) илимий инфратүзүмдү түзүү. 4. Илимий жана илимий-техникалык уюмдарга, менчигинин түрүнө карабастан кесиптик жогорку билим берүү уюмдарына, илимий жана илимий-техникалык кызматкерлерге, алардын жамааттарына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Илим фондунун каражаттарынын эсебинен грант алуу үчүн конкурска катышууга бирдей жеткиликтүүлүк камсыз кылынат. 5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Илим фонду жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.