Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 27
Закон КР от 8 августа 2023 года № 170 "О науке" · гл. 6Статус: действует

Статья 27. Государственное финансирование научной и научно-технической деятельности

1.

Государственное финансирование научных и научно-технических программ и проектов осуществляется из средств республиканского бюджета в следующих формах:

1) базовое финансирование;

2) программно-целевое;

3) грантовое финансирование.

2.

Базовое финансирование выделяется научным и научно-техническим организациям по нормативам на текущее обеспечение научной инфраструктуры и имущества, в том числе зданий, оборудования и материалов, оплату труда сотрудников.

3.

Программно-целевое финансирование осуществляется на реализацию национальных и государственных научных и научно-технических программ и проектов по результатам конкурсного отбора.

4.

Грантовое финансирование осуществляется в соответствии с приоритетами научных направлений, определяемыми Советом на поддержку научных и инновационных проектов по результатам конкурсного отбора.

5.

Порядок реализации базового, программно-целевого и грантового финансирования научной и научно-технической деятельности определяется Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

6.

Финансирование научных и научно-технических программ, реализуемых на основе межгосударственных и межотраслевых научно-технических договоров и соглашений, осуществляется в порядке долевого участия на договорной основе между заинтересованными сторонами.

Кыргызча
Илимий жана илимий-техникалык ишти мамлекеттик каржылоо 1. Илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду мамлекеттик каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынан төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат: 1) базалык каржылоо; 2) программалык-максаттык; 3) гранттык каржылоо. 2. Базалык каржылоо илимий жана илимий-техникалык уюмдарга илимий инфратүзүмдү жана мүлктү, анын ичинде имараттарды, жабдууларды жана материалдарды учурда камсыз кылууга, кызматкерлердин эмгек акысын төлөөгө ченематтар боюнча бөлүнөт. 3. Программалык-максаттуу каржылоо конкурстук тандоонун натыйжалары боюнча улуттук жана мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга жүзөгө ашырылат. 4. Гранттык каржылоо конкурстук тандоонун натыйжалары боюнча илимий жана инновациялык долбоорлорду колдоого Кеңеш тарабынан аныкталуучу илимий багыттардын артыкчылыктарына ылайык жүзөгө ашырылат. 5. Илимий жана илимий-техникалык ишти базалык, программалык-максаттуу жана гранттык каржылоону ишке ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. 6. Мамлекеттер аралык жана тармактар аралык илимий-техникалык келишимдердин жана макулдашуулардын негизинде ишке ашырылуучу илимий жана илимий-техникалык программаларды каржылоо кызыкдар тараптардын ортосундагы келишимдик негизде үлүштүк катышуу тартибинде жүзөгө ашырылат.