Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 16
Закон КР от 8 августа 2023 года № 170 "О науке" · гл. 3Статус: действует

Статья 16. Правовые отношения в сфере научно-технической информации

1.

Научно-техническая информация может быть объектом права собственности, владения, использования и распоряжения. В зависимости от участия в создании научно-технической информации она может быть собственностью государства, любых физических и юридических лиц на праве частной собственности.

2.

Ресурсы научно-технической информации государства, предприятий, организаций и граждан, осуществляющих деятельность в сфере научно-технической информации, могут быть объектами товарных отношений, регулируемых законодательством Кыргызской Республики.

3.

Основным документом, регламентирующим отношения между собственником научно-технической информации и потребителем, является договор, заключенный между ними в соответствии с гражданским законодательством Кыргызской Республики.

4.

При осуществлении купли-продажи охрана научно-технической информации, интеллектуальной собственности, авторского права, государственной и коммерческой тайны, законных прав и интересов собственников научно-технической информации и организаций, предоставляющих информационные продукты и услуги, обеспечивается в соответствии с гражданским законодательством Кыргызской Республики.

5.

Иностранные юридические и физические лица, а также лица без гражданства могут участвовать в научно-информационной деятельности на основе действующего законодательства Кыргызской Республики, регламентирующего иностранные инвестиции и предпринимательскую деятельность на территории Кыргызской Республики.

Кыргызча
Илимий-техникалык маалымат чөйрөсүндөгү укуктук мамилелер 1. Илимий-техникалык маалымат менчик укугунун, ээлик кылуунун, пайдалануунун жана тескөөнүн объектиси болушу мүмкүн. Илимий-техникалык маалыматты түзүүгө катышууга жараша ал мамлекеттин, жеке менчик укугундагы кандай болбосун жеке жана юридикалык жактардын менчиги болушу мүмкүн. 2. Мамлекеттин, ишканалардын, уюмдардын жана илимий-техникалык маалымат чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жарандардын илимий-техникалык маалыматтык ресурстары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынуучу товардык мамилелердин объекттери болушу мүмкүн. 3. Илимий-техникалык маалыматтын менчик ээсинин жана керектөөчүнүн ортосундагы мамилелерди жөнгө салуучу негизги документ болуп алардын ортосунда Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишим саналат. 4. Сатып алууну-сатууну жүзөгө ашырууда илимий-техникалык маалыматты, интеллектуалдык менчикти, автордук укукту, мамлекеттик жана коммерциялык сырды, илимий-техникалык маалыматтын менчик ээлеринин жана маалыматтык продуктуларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү уюмдардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык камсыз кылынат. 5. Чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк инвестицияларды жана ишкердик ишти жол-жоболоштуруучу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын негизинде илимий-маалыматтык ишке катыша алышат.