Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 15
Закон КР от 8 августа 2023 года № 170 "О науке" · гл. 3Статус: действует

Статья 15. Национальная система научно-технической информации

1.

Национальная система научно-технической информации Кыргызской Республики включает в себя следующие ресурсы:

1) совокупность фондов научно-технических книг, журналов и брошюр, периодических и продолжающихся изданий, патентной и нормативно-технической документации;

2) отчеты о научных исследованиях и технических разработках, диссертации, переводы и дубликаты зарубежной научно-технической литературы и документов;

3) базы и банки данных, включая необходимый справочно-поисковый аппарат и соответствующие технические средства хранения, обработки и передачи информации, имеющиеся в собственности, распоряжении, пользовании государственных органов и служб научно-технической информации, научных и международных организаций, библиотек, коммерческих центров, предприятий, учреждений и организаций независимо от форм собственности, деятельность которых связана с научно-технической информацией.

2.

Национальная система научно-технической информации, созданная на средства государства, содержащая государственные ресурсы научно-технической информации, является общественным достоянием и приватизации не подлежит.

3.

Ресурсы национальной системы научно-технической информации подлежат учету и регистрации в порядке, установленном законодательством Кыргызской Республики.

4.

Порядок формирования, обмена, предоставления и использования государственных ресурсов научно-технической информации регламентируется уполномоченным государственным органом.

Кыргызча
Илимий-техникалык маалыматтын улуттук системасы 1. Кыргыз Республикасынын илимий-техникалык маалыматтын улуттук системасы өзүнө төмөнкүдөй ресурстарды камтыйт: 1) илимий-техникалык китептердин, журналдардын жана брошюралардын, мезгилдүү жана улантылуучу басылмалардын, патенттик жана ченемдик-техникалык документтердин фонддорунун жыйындысын; 2) илимий изилдөөлөр жана техникалык иштеп чыгуулар жөнүндө отчетторду, диссертацияларды, чет өлкөлүк илимий-техникалык адабияттардын жана документтердин котормолорун жана дубликаттарын; 3) маалыматтар базасы жана банкы, анын ичинде зарыл болгон маалымдама-издөө аппараты жана мамлекеттик органдардын жана илимий-техникалык маалымат жана кызматтарынын, илимий жана эл аралык уюмдардын, китепканалардын, коммерциялык борборлордун, менчигинин түрүнө карабастан иши илимий-техникалык маалымат менен байланышкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын менчигинде, тескөөсүндө, пайдалануусунда болгон маалыматтарды сактоонун, иштетүүнүн жана берүүнүн тиешелүү техникалык каражаттары. 2. Мамлекеттин каражатына түзүлгөн, илимий-техникалык маалыматтын мамлекеттик ресурстарын камтыган илимий-техникалык маалыматтын улуттук системасы коомдук кенч болуп саналат жана менчиктештирилүүгө тийиш эмес. 3. Илимий-техникалык маалыматтын улуттук системасынын ресурстары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эсепке алынууга жана катталууга тийиш. 4. Илимий-техникалык маалыматтын мамлекеттик ресурстарын түзүүнүн, алмашуунун, берүүнүн жана пайдалануунун тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жол-жоболоштурулат.