Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 6
Закон Кыргызской Республики от 17 июля 2000 года № 61 "О внешней миграции" · гл. 1Статус: действует

Статья 6. Разрешение на въезд иностранных граждан или лиц без гражданства в Кыргызскую Республику, их пребывание в Кыргызской Республике, транзитный проезд и выезд из Кыргызской Республики

Граждане иностранного государства, в отношении которых действует безвизовый режим, могут въезжать, выезжать, следовать транзитом, передвигаться и пребывать на территории Кыргызской Республики без оформления визы и в порядке, определяемом Кабинетом Министров Кыргызской Республики, по одному из действительных документов.

Срок пребывания граждан иностранного государства, в отношении которых действует безвизовый режим, не должен превышать суммарно шестьдесят календарных дней в течение каждого периода в сто двадцать календарных дней, если иное не установлено нормативными правовыми актами Кабинета Министров Кыргызской Республики или международными договорами, вступившими в силу в соответствии с законодательством Кыргызской Республики.

На граждан иностранных государств, предусмотренных соответствующим перечнем, утвержденным Кабинетом Министров Кыргызской Республики, распространяется упрощенный визовый режим. Граждане этих иностранных государств имеют право въезжать, выезжать, следовать транзитом, передвигаться и пребывать на территории Кыргызской Республики на основании визы, получаемой по личному обращению при прибытии на территорию Кыргызской Республики.

Иностранный гражданин или лицо без гражданства могут въехать в Кыргызскую Республику и выехать из Кыргызской Республики на основании действительных документов и виз на въезд в Кыргызскую Республику или выезд из Кыргызской Республики, за исключением случаев, предусмотренных частью второй статьи 7 настоящего Закона, если иное не установлено нормативными правовыми актами Кабинета Министров Кыргызской Республики или вступившими в установленном законом порядке в силу международными договорами, участницей которых является Кыргызская Республика.

Иностранные граждане, получившие статус соотечественника с иностранным гражданством, могут многократно въезжать, выезжать, следовать транзитом, передвигаться и пребывать на территории Кыргызской Республики без оформления визы по одному из действительных документов при предъявлении документа соотечественника с иностранным гражданством.

Порядок оформления и выдачи электронной визы (документального подтверждения) определяется Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

Въезд и пребывание иностранных граждан или лиц без гражданства, прибывающих в Кыргызскую Республику на временное или постоянное жительство, осуществляются на основании действительных документов и визы, временного или постоянного вида на жительство, выданных в порядке, установленном Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

Иностранные граждане или лица без гражданства с момента пересечения государственной границы Кыргызской Республики обязаны в течение пяти рабочих дней зарегистрироваться по месту пребывания в порядке, установленном настоящим Законом, если иное не установлено вступившими в установленном законом порядке в силу международными договорами, участницей которых является Кыргызская Республика.

Для осуществления трудовой деятельности в Кыргызской Республике иностранные граждане или лица без гражданства должны иметь разрешение на работу в соответствии с законодательством Кыргызской Республики, за исключением иностранных граждан, получивших статус соотечественника с иностранным гражданством, а также случаев, установленных законодательством в сфере внешней трудовой миграции.

Иностранные граждане, получившие статус соотечественника с иностранным гражданством, с момента пересечения государственной границы Кыргызской Республики обязаны в течение девяноста рабочих дней зарегистрироваться по месту пребывания в порядке, установленном настоящим Законом.

Этнические кыргызы, прибывшие в Кыргызскую Республику, могут зарегистрироваться по юридическому адресу соответствующего органа местного самоуправления, на территории которого они проживают.

Находящиеся в Кыргызской Республике иностранный гражданин или лицо без гражданства могут ходатайствовать о продлении визы, вида на жительство и разрешения на работу.

Иностранные граждане или лица без гражданства обязаны покинуть Кыргызскую Республику по истечении срока действия визы, регистрации, вида на жительство в случае сокращения срока пребывания или аннулирования вида на жительство.

(В редакции Законов Кыргызской Республики от 21 ноября 2002 года № 153, 6 августа 2005 года № 125, 23 мая 2008 года № 98, 24 июля 2013 года № 160, 24 октября 2016 года № 171, 26 июня 2020 года № 64, 24 июля 2020 года № 89, 16 февраля 2023 года № 32, 27 февраля 2023 года № 43, 16 августа 2023 года № 183)

Кыргызча
Чет элдик жарандарды же жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасына киргизүүгө, алардын Кыргыз Республикасында болуусуна, транзиттик өтүүсүнө жана Кыргыз Республикасынан чыгуусуна уруксат Аларга карата визасыз режим колдонулган чет мамлекеттин жарандары визаны жол-жоболоштурбастан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жарактуу документтеринин бири боюнча Кыргыз Республикасынын аймагына кириши, чыгышы, транзит менен жүрүшү, орун которушу мүмкүн. Эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы белгиленбесе, визасыз режим колдонулган чет мамлекеттин жарандарынын болуу мөөнөтү, жүз жыйырма календардык күндөн турган ар бир мезгилдин ичинде суммалык алтымыш календардык күндөн ашпоого тийиш. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тийиштүү тизмеде каралган чет мамлекеттердин жарандары жөнөкөйлөтүлгөн визалык режимди пайдаланышат. Бул чет мамлекеттердин жарандары Кыргыз Республикасынын аймагына келгенде жеке кайрылуусу боюнча алган визанын негизинде Кыргыз Республикасынын аймагына келүүгө, кетүүгө, транзит менен өтүүгө, бир жерден экинчи жерге барууга жана анда болууга укуктуу болот. Ушул Мыйзамдын 7-беренесинин экинчи бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары, эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында же Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде башкалар каралбаса, чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам Кыргыз Республикасына кирүүгө жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө укук берген жарактуу документтердин жана визалардын негизинде Кыргыз Республикасына киришет жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетишет. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алышкан чет өлкөлүк жарандар чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин документин көрсөткөндө, визасын жол-жоболоштурбастан, жарактуу документтердин бири боюнча Кыргыз Республикасынын аймагына көп жолу кирүүгө, кетүүгө, транзит менен өтүүгө, бир жерден экинчи жерге барууга жана анда жүрүүгө мүмкүнчүлүк алат. Электрондук визаны (документтик ырастоону) жол-жоболоштуруу жана берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Кыргыз Республикасына убактылуу же туруктуу жашоого келген чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын кириши жана жашап турушу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте берилген визанын, убактылуу же туруктуу жашоо уруксатынын негизинде ишке ашырылат. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте келген жери боюнча беш жумушчу күндүн ичинде катталууга милдеттүү. Чет өлкөлүк мекендештин статусун алган жарандарды, ошондой эле тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасында эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу үчүн чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштөөгө уруксаты болууга тийиш. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алышкан чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып, токсон жумушчу күндүн ичинде ушул Мыйзамда белгиленген тартипте турган жери боюнча катталууга милдеттүү. Кыргыз Республикасына келген этностук кыргыздар өздөрү жашап жаткан аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органынын юридикалык дареги боюнча каттала алышат. Кыргыз Республикасында турган чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар визаны, жашап туруу мүмкүнчүлүгүн жана иштөөгө уруксатты узартууну өтүнө алат. Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар визанын, каттоонун мөөнөтү бүткөн, жашап туруу мөөнөтү кыскарган же жашоого уруксаты жокко чыгарылган учурда Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө милдеттүү. (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 21-ноябрындагы № 153, 2005-жылдын 6-августундагы № 125, 2008-жылдын 23-майындагы № 98, 2013-жылдын 24-июлундагы № 160, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171, 2020-жылдын 26-июнундагы № 64, 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2023-жылдын 16-февралындагы № 32, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43, 2023-жылдын 16-августундагы № 183 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)