Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 19-1
Закон Кыргызской Республики от 17 июля 2000 года № 61 "О внешней миграции" · гл. 1Статус: действует

Статья 19-1. Выдворение

Иностранные граждане и лица без гражданства после отбытия наказания за совершение преступления подлежат выдворению за пределы Кыргызской Республики в порядке, предусмотренном вступившими в установленном законом порядке в силу международными договорами, участницей которых является Кыргызская Республика, и уголовно-исполнительным законодательством Кыргызской Республики, если у них отсутствуют установленные законодательством Кыргызской Республики в сфере внешней миграции основания для пребывания на ее территории.

Вместе с выдворением иностранного гражданина и лица без гражданства за пределы Кыргызской Республики органом внутренних дел или органом национальной безопасности налагается временный или постоянный запрет на въезд в Кыргызскую Республику с обязательным уведомлением пограничной службы и уполномоченного государственного органа по реализации внешней политики.

(Часть 3 утратила силу в соответствии с Законом Кыргызской Республики от 27 февраля 2023 года № 43)

Сроки лишения права въезда и пребывания на территории Кыргызской Республики иностранных граждан и лиц без гражданства в зависимости от вида совершенных преступлений составляют:

- за менее тяжкие - 5 лет;

- за тяжкие - 10 лет;

- за особо тяжкие - пожизненно.

Финансирование расходов по выдворению осуществляется за счет средств:

1) выдворяемых иностранных граждан и лиц без гражданства;

2) приглашающих и/или принимающих организаций или частных лиц;

3) в исключительных случаях - за счет бюджетных средств.

Порядок взаимодействия органов и учреждений, исполняющих наказания и принудительные меры уголовно-правового воздействия, органов миграции, национальной безопасности, внутренних дел, пограничной службы по выдворению иностранных граждан и лиц без гражданства после отбытия наказания за совершение преступления или проступка за пределы Кыргызской Республики, порядок наложения запрета на въезд и пребывание на территории Кыргызской Республики иностранных граждан и лиц без гражданства, порядок финансирования расходов по выдворению иностранных граждан и лиц без гражданства определяются Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

(В редакции Законов Кыргызской Республики от 20 марта 2019 года № 37, 27 февраля 2023 года № 43)

Кыргызча
Чыгарып жиберүү Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар кылмыш жасагандыгы үчүн жазасын өтөгөндөн кийин, эгерде тышкы миграция чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында анын аймагында болуу үчүн белгиленген негиздер болбосо, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жана Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу мыйзамдарында каралган тартипте Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберилүүгө жатат. Чет өлкөлүк жаранды жана жарандыгы жок адамды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүү менен бирге ички иштер органы же улуттук коопсуздук органы тарабынан мамлекеттик чек ара кызматына жана тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга милдеттүү түрдө билдирүү менен Кыргыз Республикасына кирүүгө убактылуу же биротоло тыюу салуу жүктөлөт. (3 бөлүк Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү жана болуу укугунан ажыратуу мөөнөтү жасалган кылмыштардын түрүнө жараша төмөнкүлөрдү түзөт: - анча оор эмес кылмыштар үчүн - 5 жыл; - оор кылмыштар үчүн - 10 жыл; - өзгөчө оор кылмыштар үчүн - өмүр бою. Чыгарып жиберүүдөгү чыгымдарды каржылоо төмөнкү каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт: 1) чыгарылып жаткан чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын; 2) чакырган жана/же кабыл алган уюмдардын же жеке жактардын; 3) өзгөчө учурларда - бюджеттик каражаттардын эсебинен. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын кылмыш же жорук жасагандыгы үчүн жазасын өтөгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүү боюнча жазаны жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин, миграция, улуттук коопсуздук, ички иштер, чек ара кызматынын органдарынын өз ара аракеттенүү тартиби, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө жана болууга тыюу салуу тартиби, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды республиканын сыртына чыгарып жиберүү боюнча чыгымдарды каржылоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 20-мартындагы № 37, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)