Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 75
Закон КР от 9 марта 2023 года № 54 "О нотариате" · гл. 10Статус: действует

Статья 75. Порядок выдачи свидетельства о праве на наследство

1.

Свидетельство о праве на наследство выдается наследникам, принявшим наследство, в соответствии с нормами гражданского законодательства Кыргызской Республики.

2.

Наследник, пропустивший срок для принятия наследства, может быть включен в свидетельство о праве на наследство с согласия всех других наследников, принявших наследство. Это согласие должно быть заявлено в письменной форме до выдачи свидетельства о праве на наследство.

3.

Свидетельство о праве на наследство выдается всем наследникам вместе или каждому в отдельности в зависимости от их желания.

4.

Нотариус сообщает о выдаче свидетельства о праве на наследство на имя несовершеннолетнего или недееспособного наследника органам опеки и попечительства по месту жительства наследника для охраны его имущественных интересов.

5.

При переходе имущества по праву наследования государству свидетельство о праве на наследство выдается соответствующему государственному органу.

Кыргызча
Мураска укук жөнүндө күбөлүктөрдү берүү тартиби 1. Мураска укук жөнүндө күбөлүк Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын ченемдерине ылайык мурасты кабыл алган мураскорлорго берилет. 2. Мурасты кабыл алуу үчүн мөөнөттү өткөрүп жиберген мураскор мурасты кабыл алган башка бардык мураскорлордун макулдугу менен мураска укук жөнүндө күбөлүккө киргизилиши мүмкүн. Бул макулдук мураска укук жөнүндө күбөлүк берилгенге чейин жазуу жүзүндө билдирилүүгө тийиш. 3. Мураска укук жөнүндө күбөлүк мураскорлордун каалоосуна жараша алардын бардыгына бирге же ар бирине өзүнчө берилет. 4. Нотариус мураскордун мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо үчүн ал жашаган жер боюнча камкордукка алуучу жана көзөмөлдүк кылуучу органдарга жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз мураскордун атына мураска укук жөнүндө күбөлүк берилгендиги жөнүндө билдирет. 5. Мурастоо укугу боюнча мүлк мамлекетке өткөн учурда мураска укук жөнүндө күбөлүк тийиштүү мамлекеттик органга берилет.