Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 37
Закон КР от 9 марта 2023 года № 54 "О нотариате" · гл. 6Статус: действует

Статья 37. Органы управления Нотариальной палаты

1.

Органами управления Нотариальной палаты являются:

1) Общее собрание частных нотариусов;

2) Совет Нотариальной палаты (далее - Совет);

3) Председатель Нотариальной палаты;

4) Ревизионная комиссия Нотариальной палаты (далее - Ревизионная комиссия);

5) Комиссия по этике;

6) иные органы, создание которых предусмотрено уставом Нотариальной палаты.

2.

Высшим органом управления Нотариальной палаты Кыргызской Республики является Общее собрание частных нотариусов.

3.

Общее собрание частных нотариусов признается правомочным, если в его работе принимает участие не менее двух третей от общего числа делегатов. Представительство делегатов на общем собрании определяется из расчета 10 процентов от общего количества зарегистрированных нотариусов с каждого территориального представительства.

4.

Компетенция органов управления Нотариальной палаты регламентируется настоящим Законом и уставом Нотариальной палаты.

5.

Избранным в органы управления Нотариальной палаты, указанные в пунктах 3 и 4 части 1 настоящей статьи, может быть частный нотариус, имеющий стаж работы не менее 7 лет. Право частного нотариуса быть избранным в органы управления Нотариальной палаты не может быть ограничено ее уставом.

6.

Совет (квота частных нотариусов), Ревизионная комиссия избираются Общим собранием частных нотариусов сроком на 4 года. Выборы Совета и Ревизионной комиссии осуществляются тайным голосованием.

7.

Руководство деятельностью Нотариальной палаты осуществляется Советом и Председателем Нотариальной палаты. Совет является органом, осуществляющим общее руководство деятельностью Нотариальной палаты в период между проведениями Общего собрания частных нотариусов, и состоит из 9 членов.

8.

Председатель Нотариальной палаты - исполнительный орган, осуществляющий текущее руководство Нотариальной палатой. Основными функциями Председателя Нотариальной палаты являются представительская, руководящая, организаторская и контролирующая функции.

9.

Председатель Нотариальной палаты избирается и отстраняется от должности Советом. Председатель Нотариальной палаты избирается сроком на 4 года. Представитель Министерства юстиции не может быть избран Председателем Нотариальной палаты.

10.

Совет формируется из числа частных нотариусов, составляющих не менее чем две трети его состава, одну треть составляют представители органа юстиции.

11.

В случае выбытия более трех членов (квота частных нотариусов) из состава Совета по основаниям, предусмотренным настоящим Законом, новые члены Совета должны быть представлены на Общее собрание частных нотариусов в срок не позднее одного месяца с момента образования вакансии на оставшийся срок полномочий Совета в соответствии с процедурой избрания члена Совета.

12.

Выдвижение кандидатов и формирование нового состава начинается за 2 месяца до окончания срока полномочий действующего Совета.

13.

Члены Совета, состоящие на государственной службе, осуществляют свою деятельность на общественных началах и за ними сохраняется заработная плата по основному месту работы.

14.

Ревизионная комиссия является органом, осуществляющим контроль за финансово-хозяйственной деятельностью Нотариальной палаты.

15.

Ревизионная комиссия состоит из трех членов Нотариальной палаты, которая при необходимости вправе привлечь специалистов, обладающих знаниями в области бухгалтерского учета и финансов.

16.

Проверка финансово-хозяйственной деятельности Нотариальной палаты осуществляется по итогам деятельности Нотариальной палаты за год, а также в любое время по инициативе Ревизионной комиссии, Совета или решению Общего собрания частных нотариусов.

17.

Одно и то же лицо не может быть членом Ревизионной комиссии, Комиссии по этике и Совета более двух сроков подряд.

18.

Порядок и периодичность созыва Общего собрания частных нотариусов, а также полномочия Председателя Нотариальной палаты и органов управления Нотариальной палаты определяются уставом Нотариальной палаты.

(В редакции Закона КР от 30 июля 2025 года № 171)

Кыргызча
Нотариалдык палатанын башкаруу органдары 1. Нотариалдык палатанын башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат: 1) Жеке нотариустардын жалпы чогулушу; 2) Нотариалдык палатанын кеңеши (мындан ары - Кеңеш); 3) Нотариалдык палатанын Төрагасы; 4) Нотариалдык палатанын Текшерүү комиссиясы (мындан ары - Текшерүү комиссиясы); 5) Этика боюнча комиссия; 6) аларды түзүү Нотариалдык палатанын уставында каралган башка органдар. 2. Кыргыз Республикасынын Нотариалдык палатасынын жогорку башкаруу органы болуп Жеке нотариустардын жалпы чогулушу саналат. 3. Жеке нотариустардын жалпы чогулушу, эгерде анын ишине делегаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, укуктуу деп таанылат. Делегаттардын өкүлчүлүгү жалпы чогулушта ар бир аймактык өкүлчүлүктө катталган нотариустардын жалпы санынын 10 пайызынын эсебинде аныкталат. 4. Нотариалдык палатанын башкаруу органдарынын компетенциясы ушул Мыйзам жана Нотариалдык палатанын уставы менен жөнгө салынат. 5. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн Нотариалдык палатанын башкаруу органдарына 7 жылдан кем эмес иш стажы бар жеке нотариус шайланышы мүмкүн. Нотариалдык палатанын башкаруу органдарына шайланууга жеке нотариустун укугу анын уставы менен чектелбейт. 6. Кеңеш (жеке нотариустардын квотасы), Текшерүү комиссиясы Жеке нотариустардын жалпы чогулушунда 4 жылдык мөөнөткө шайланат. Кеңешти жана Текшерүү комиссиясын шайлоо жашыруун добуш берүү менен жүзөгө ашырылат. 7. Нотариалдык палатанын ишине жетекчиликти Нотариалдык палатанын Кеңеши жана Төрагасы жүзөгө ашырат. Кеңеш Жеке нотариустардын жалпы чогулушу өткөрүүнүн ортосундагы мезгилде Нотариалдык палатанын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашыруучу орган болуп саналат жана 9 мүчөдөн турат. 8. Нотариалдык палатанын Төрагасы - Нотариалдык палатага учурдагы жетекчиликти жүзөгө ашыруучу аткаруу органы. Нотариалдык палатанын Төрагасынын негизги функциялары болуп өкүлчүлүк кылуу, жетектөө, уюштуруу жана контролдоо функциялары саналат. 9. Нотариалдык палатанын Төрагасы Кеңеш тарабынан шайланат жана кызматтан четтетилет. Нотариалдык палатанын Төрагасы төрт жылдык мөөнөткө шайланат. Юстиция министрлигинин өкүлү Нотариалдык палатанын Төрагасы болуп шайлана албайт. 10. Кеңеш анын курамынын үчтөн экисинен кем эмесин түзгөн жеке нотариустардын ичинен түзүлөт, үчтөн бирин юстиция органдарынын өкүлдөрү түзөт. 11. Ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча Кеңештин курамынан үчтөн ашык мүчө (жеке нотариустардын квотасы) чыгып калган учурда Кеңештин жаңы мүчөлөрү Кеңештин мүчөсүн шайлоо жол-жобосуна ылайык Кеңештин ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө бош орундар пайда болгон учурдан тартып бир айдан кечиктирилбеген мөөнөттө Жеке нотариустардын жалпы чогулушуна сунуш кылынууга тийиш. 12. Талапкерлерди көрсөтүү жана жаңы курамды түзүү иштеп жаткан Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин 2 ай калганда башталат. 13. Кеңештин мамлекеттик кызматта турган мүчөлөрү өз ишин коомдук башталыштарда жүргүзөт жана аларга негизги иш орду боюнча эмгек акысы сакталат. 14. Текшерүү комиссиясы Нотариалдык палатанын финансы-чарбалык ишине контролду жүзөгө ашыруучу орган болуп саналат. 15. Текшерүү комиссиясы Нотариалдык палатанын үч мүчөсүнөн турат, ал зарыл болгон учурда бухгалтердик эсеп жана финансы жагынан билими бар адистерди ишке тартууга укуктуу. 16. Нотариалдык палатанын финансы-чарбалык ишин текшерүү Нотариалдык палатанын бир жылдагы ишинин жыйынтыктары боюнча, ошондой эле Текшерүү комиссиясынын, Кеңештин демилгеси же Жеке нотариустардын жалпы чогулушунун чечими боюнча каалаган учурда жүргүзүлөт. 17. Бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык Текшерүү комиссиясынын, Этика боюнча комиссиянын жана Кеңештин мүчөсү боло албайт. 18. Жеке нотариустардын жалпы чогулушун чакыруу тартиби жана мезгилдүүлүгү, ошондой эле Нотариалдык палатанын Төрагасынын жана Нотариалдык палатанын башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары Нотариалдык палатанын уставы менен аныкталат. (КР 2025-жылдын 30-июлундагы N 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)