Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 34
Закон КР от 9 марта 2023 года № 54 "О нотариате" · гл. 6Статус: действует

Статья 34. Нотариальная палата

1.

Нотариальная палата - самоуправляемое профессиональное сообщество частных нотариусов, основанное на обязательном членстве частных нотариусов Кыргызской Республики, организующая свою деятельность на принципах самоуправления в соответствии с настоящим Законом и уставом Нотариальной палаты.

2.

Нотариальная палата является некоммерческой организацией с самостоятельной организационно-правовой формой - Нотариальная палата Кыргызской Республики.

3.

На территории Кыргызской Республики действует одна Нотариальная палата.

4.

Использование в фирменных наименованиях юридических лиц термина "Нотариальная палата" не допускается.

5.

Нотариальная палата имеет право создавать свои территориальные (областные) представительства. Полномочный представитель территориального (областного) представительства Нотариальной палаты назначается Советом Нотариальной палаты (далее - Совет).

6.

Территориальные (областные) представительства Нотариальной палаты осуществляют свою деятельность на основании положения, утвержденного Советом.

7.

Нотариальная палата обладает имуществом, принадлежащим ей на праве собственности либо на иных основаниях, которое включает в себя основные и оборотные средства, здания, сооружения, оборудование, ценные бумаги и другое имущество, необходимое для осуществления уставных задач.

8.

Источником формирования имущества Нотариальной палаты являются членские взносы, доходы от собственной деятельности и иные поступления, не запрещенные законодательством Кыргызской Республики.

9.

Размер членских взносов определяется решением Нотариальной палаты.

Кыргызча
Нотариалдык палата 1. Нотариалдык палата - ушул Мыйзамга жана Нотариалдык палатанын уставына ылайык өз алдынча башкаруу принциптеринде өз ишин уюштуруучу, Кыргыз Республикасынын жеке нотариустарынын милдеттүү мүчөлүгүнө негизделген жеке нотариустардын өз алдынча башкарылуучу кесиптик коомдоштугу. 2. Нотариалдык палата өз алдынча уюштуруу-укуктук формасы бар коммерциялык эмес уюм болуп эсептелет - Кыргыз Республикасынын Нотариалдык палатасы. 3. Кыргыз Республикасынын аймагында бир Нотариалдык палата иштейт. 4. Юридикалык жактардын фирмалык аталыштарында "Нотариалдык палата" терминин пайдаланууга жол берилбейт. 5. Нотариалдык палата өзүнүн аймактык (облустук) өкүлчүлүктөрүн түзүүгө укуктуу. Нотариалдык палатанын аймактык (облустук) өкүлчүлүгүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Нотариалдык палатанын Кеңеши (мындан ары - Кеңеш) тарабынан дайындалат. 6. Нотариалдык палатанын аймактык (облустук) өкүлчүлүктөрү өз ишин Кеңеш бекиткен жобонун негизинде жүргүзөт. 7. Нотариалдык палата менчик укугунда же башка негиздерде өзүнө таандык мүлккө ээ болот, ал негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттарды, имараттарды, курулмаларды, жабдууларды, баалуу кагаздарды жана уставдык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка мүлктү өзүнө камтыйт. 8. Нотариалдык палатанын мүлкүн түзүүнүн булагы болуп мүчөлүк төгүмдөр, өзүнүн ишинен түшкөн кирешелер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттар эсептелет. 9. Мүчөлүк төгүмдөрдүн өлчөмү Нотариалдык палатанын чечими менен аныкталат.