Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 100-9
Закон КР от 9 марта 2023 года № 54 "О нотариате" · гл. 15-1Статус: действует

Статья 100-9. Отмена нотариального приказа

1.

Возражения должника с просьбой об отмене нотариального приказа рассматриваются в течение трех дней со дня их поступления нотариусу.

2.

Нотариус отменяет нотариальный приказ, вынесенный по требованиям, указанным в пунктах 1, 2, 4-6 статьи 100-2 настоящего Закона, если должник в своих возражениях заявит о наличии спора о праве или иных обстоятельствах, препятствующих вынесению приказа, о чем выносится постановление. В постановлении об отмене нотариального приказа нотариус разъясняет взыскателю, что заявленное требование может быть предъявлено в суд в порядке искового производства. Копии постановления об отмене нотариального приказа направляются сторонам приказного производства не позднее трех дней после его вынесения.

3.

При отмене нотариального приказа уплаченная взыскателем государственная пошлина возвращается в порядке, предусмотренном законодательством о государственной пошлине, либо по заявлению взыскателя засчитывается при обращении в суд.

(В редакции Закона КР от 4 июня 2025 года № 111)

Кыргызча
Нотариалдык буйрукту жокко чыгаруу 1. Нотариалдык буйрукту жокко чыгаруу жөнүндө карызкордун каршы пикирлери ал нотариуска келип түшкөн күндөн тартып үч күндүн ичинде каралат. 2. Эгерде карызкор өзүнүн каршы пикирлеринде укук жөнүндө талаш-тартыштын бар экендиги же буйрук чыгарууга тоскоолдук кылган башка жагдайлар жөнүндө билдирсе, нотариус ушул Мыйзамдын 100-2-беренесинин 1, 2, 4-6-пункттарында көрсөтүлгөн талаптар боюнча чыгарылган нотариалдык буйрукту жокко чыгарат, бул жөнүндө токтом чыгарылат. Нотариалдык буйрукту жокко чыгаруу жөнүндө токтомдо нотариус өндүрүп алуучуга билдирилген талап доо өндүрүшү тартибинде сотко берилиши мүмкүн экендиги жөнүндө түшүндүрөт. Нотариалдык буйрукту жокко чыгаруу жөнүндө токтомдун көчүрмөлөрү буйрук өндүрүшүнүн тараптарына ал чыгарылгандан кийин үч күндөн кечиктирбестен жөнөтүлөт. 3. Нотариалдык буйрук жокко чыгарылганда мамлекеттик алым жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте өндүрүп алуучу төлөгөн мамлекеттик алым кайтарып берилет, же болбосо сотко кайрылганда өндүрүп алуучунун арызы боюнча эсепке алынат. (КР 2025-жылдын 4-июнундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)