Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 100-7
Закон КР от 9 марта 2023 года № 54 "О нотариате" · гл. 15-1Статус: действует

Статья 100-7. Содержание нотариального приказа

1.

В нотариальном приказе указываются:

1) номер приказного производства и дата вынесения приказа;

2) фамилия, имя и отчество нотариуса, вынесшего приказ;

3) сведения о взыскателе, предусмотренные пунктом 2 части 2 статьи 100-4 настоящего Закона;

4) сведения о должнике, предусмотренные пунктом 3 части 2 статьи 100-4 настоящего Закона;

5) закон или иной нормативный правовой акт, на основании которого удовлетворено требование;

6) размер денежных сумм, подлежащих взысканию, или обозначение движимого имущества, подлежащего истребованию, с указанием его стоимости;

7) размер неустойки, если ее взыскание предусмотрено законом или договором;

8) сумма государственной пошлины, подлежащая взысканию с должника в пользу взыскателя или соответствующего бюджета;

9) срок и порядок подачи возражения против заявленного требования.

2.

В нотариальном приказе о взыскании алиментов на несовершеннолетних детей, помимо сведений, указанных в пунктах 1-5 и 8 части 1 настоящей статьи, указываются фамилия, имя, отчество и дата рождения каждого ребенка, на содержание которого присуждены алименты; размер платежей, взыскиваемых ежемесячно с должника и срок их взыскания и дата, с которой подлежат взысканию алименты.

3.

Нотариальный приказ подписывается нотариусом и заверяется гербовой печатью установленного образца.

(В редакции Закона КР от 4 июня 2025 года № 111)

Кыргызча
Нотариалдык буйруктун мазмуну 1. Нотариалдык буйрукта төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 1) буйрук өндүрүшүнүн номери жана буйрук чыккан дата; 2) буйрукту чыгарган нотариустун фамилиясы, аты жана атасынын аты; 3) ушул Мыйзамдын 100-4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган өндүрүп алуучу жөнүндө маалыматтар; 4) ушул Мыйзамдын 100-4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган карызкор жөнүндө маалыматтар; 5) талапты канааттандырууга негиз берген мыйзам же башка ченемдик укуктук акт; 6) өндүрүлүүгө тийиш болгон акчалай сумманын өлчөмү же талап кылынууга тийиш болгон кыймылдуу мүлктү анын наркын көрсөтүү менен белгилөө; 7) үстөктүн өлчөмү, эгерде аны өндүрүп алуу мыйзамда же келишимде каралса; 8) өндүрүп алуучунун же тиешелүү бюджеттин пайдасына карызкордон өндүрүп алынууга тийиш мамлекеттик алымдын суммасы; 9) билдирилген талапка каршы пикир берүүнүн мөөнөтү жана тартиби. 2. Жашы жете элек балдарга алимент өндүрүп алуу жөнүндө нотариалдык буйрукта ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-5 жана 8-пункттарында көрсөтүлгөн маалыматтардан тышкары, багуу үчүн алимент ыйгарылган ар бир баланын фамилиясы, аты, атасынын аты жана туулган датасы; карызкордон ай сайын өндүрүлүүчү төлөмдөрдүн өлчөмдөрү, аларды өндүрүп алуунун мөөнөтү жана алимент өндүрүлүүгө тийиш болгон дата көрсөтүлөт. 3. Нотариалдык буйрукка нотариус кол коет жана белгиленген үлгүдөгү гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт.