Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 3
Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики" · гл. 1Статус: действует

Статья 3. Полномочия Жогорку Кенеша

1.

К полномочиям Жогорку Кенеша относятся:

1) назначение выборов Президента Кыргызской Республики (далее - Президент);

2) внесение предложения Президенту о проведении референдума в порядке, установленном Конституцией;

3) внесение изменений и дополнений в Конституцию в порядке, установленном Конституцией;

4) принятие законов;

5) повторное рассмотрение законов, возвращенных с возражениями Президента;

6) официальное толкование законов;

7) ратификация и денонсация международных договоров в порядке, определяемом законом;

8) решение вопросов об изменении государственных границ Кыргызской Республики;

9) утверждение республиканского бюджета;

10) заслушивание ежегодного отчета Кабинета Министров об исполнении республиканского бюджета;

11) рассмотрение вопросов административно-территориального устройства Кыргызской Республики;

12) издание актов об амнистии;

13) осуществление контроля за исполнением законов и решений Жогорку Кенеша;

14) дача согласия на назначение Председателя Кабинета Министров, его заместителей и членов Кабинета Министров;

15) избрание по представлению Президента и на основании предложения Совета по делам правосудия судей Конституционного суда Кыргызской Республики (далее - Конституционный суд) и Верховного суда Кыргызской Республики (далее - Верховный суд) не менее половиной голосов от общего числа депутатов Жогорку Кенеша; освобождение их от занимаемой должности по представлению Президента в случаях, предусмотренных Конституцией, конституционными законами и настоящим Регламентом;

16) дача согласия на назначение кандидатов, представленных Президентом, председателями Конституционного суда и Верховного суда из состава судей сроком на 5 лет не менее половиной голосов от общего числа депутатов Жогорку Кенеша;

17) дача согласия по представлению Президента на основании предложения Совета судей на освобождение от занимаемой должности председателей Конституционного суда и Верховного суда в случаях, предусмотренных конституционными законами;

18) утверждение состава Совета по делам правосудия в порядке, предусмотренном конституционным законом и настоящим Регламентом;

19) избрание по представлению Президента председателя Национального банка Кыргызской Республики (далее - Национальный банк); освобождение его от должности в случаях, предусмотренных законом;

20) избрание по представлению Президента половины состава Центральной избирательной комиссии, другой половины - по собственной инициативе; освобождение их от должности в случаях, предусмотренных законом;

21) избрание по представлению Президента одной трети состава Счетной палаты, две трети - по собственной инициативе; освобождение их от должности в случаях, предусмотренных законом;

22) избрание Акыйкатчы (Омбудсмена) и освобождение его от должности в случаях, предусмотренных законом; дача согласия на привлечение его к уголовной ответственности;

23) избрание заместителей Акыйкатчы (Омбудсмена) по представлению Акыйкатчы (Омбудсмена) и освобождение их от должности в случаях, предусмотренных законом; дача согласия на привлечение их к уголовной ответственности;

24) избрание, в случаях, предусмотренных законом, досрочный отзыв членов Координационного совета Национального центра Кыргызской Республики по предупреждению пыток и других жестоких, бесчеловечных или унижающих достоинство видов обращения и наказания (далее - Национальный центр) из числа депутатов Жогорку Кенеша;

25) дача согласия на назначение, освобождение и привлечение к уголовной ответственности по представлению Президента Генерального прокурора Кыргызской Республики (далее - Генеральный прокурор) не менее чем половиной голосов от общего числа депутатов Жогорку Кенеша;

26) одобрение большинством не менее двух третей голосов от общего числа депутатов Жогорку Кенеша инициативы одной трети от общего числа депутатов Жогорку Кенеша об освобождения от должности Генерального прокурора в случаях, предусмотренных законом;

27) введение чрезвычайного положения в порядке и случаях, предусмотренных конституционным законом; утверждение или отмена указов Президента по этому вопросу;

28) решение вопросов войны и мира; введение военного положения; объявление состояния войны; утверждение или отмена указов Президента по этим вопросам;

29) решение вопроса о возможности использования Вооруженных Сил Кыргызской Республики за ее пределами при необходимости выполнения межгосударственных договорных обязательств по поддержанию мира и безопасности;

30) установление воинских званий, дипломатических рангов и иных специальных званий Кыргызской Республики;

31) учреждение государственных наград, государственных премий и почетных званий Кыргызской Республики;

32) заслушивание ежегодных посланий, информации Президента и выступлений представителей иностранных государств, международных организаций;

33) заслушивание ежегодного доклада председателя Центральной избирательной комиссии;

34) заслушивание ежегодного и специальных докладов Акыйкатчы (Омбудсмена);

35) заслушивание ежегодного и специальных докладов Национального центра;

36) заслушивание ежегодных отчетов Генерального прокурора, председателей Национального банка, Счетной палаты;

37) рассмотрение информации Верховного суда о деятельности судебной системы Кыргызской Республики, предоставляемой в письменном (электронном) виде;

38) выдвижение обвинений против Президента; принятие решения об отрешении Президента от должности в порядке, предусмотренном Конституцией;

39) создание государственной медицинской комиссии в случае невозможности осуществления Президентом своих обязанностей по болезни;

40) принятие решения о досрочном освобождении Президента от должности на основании заключения государственной медицинской комиссии не менее чем двумя третями голосов от общего числа депутатов Жогорку Кенеша;

41) заслушивание раз в два года доклада о воздействии законодательства на развитие местного самоуправления в Кыргызской Республике, вносимого на рассмотрение Жогорку Кенеша объединением органов местного самоуправления (ассоциацией, союзом), которое объединяет не менее половины от общего числа органов местного самоуправления;

42) избрание Торага (Торайым) Жогорку Кенеша (далее - Торага), его заместителей, председателей комитетов и их заместителей; образование комитетов, временных комиссий и формирование их составов; заслушивание ежегодных отчетов должностных лиц Жогорку Кенеша, их отзыв;

43) принятие решения о самороспуске.

2.

Полномочия Жогорку Кенеша, предусмотренные пунктами 3-9, 11-12, 30-31 части 1 настоящей статьи, реализуются посредством принятия законов, другие полномочия, за исключением пунктов 32 и 41 - постановлений.

3.

Заслушивание ежегодных отчетов и докладов должностных лиц государственных органов, указанных в настоящей статье, осуществляется с учетом положений Конституции и законов о самостоятельности и независимости государственных органов и их должностных лиц.

4.

Жогорку Кенеш реализует иные полномочия, предусмотренные Конституцией и законами Кыргызской Республики.

Кыргызча
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары 1. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет: 1) Кыргыз Республикасынын Президентин (мындан ары - Президент) шайлоону дайындоо; 2) референдум өткөрүү жөнүңдө сунушту Конституцияда белгиленген тартипте Президентке киргизүү; 3) Конституцияда белгиленген тартипте Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү; 4) мыйзамдарды кабыл алуу; 5) Президенттин каршы пикирлери менен кайра кайтарылган мыйзамдарды кайрадан кароо; 6) мыйзамдарды расмий чечмелөө; 7) эл аралык келишимдерди мыйзамда аныкталган тартипте ратификациялоо жана денонсациялоо; 8) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араларын өзгөртүү жөнүндө маселелерди чечүү; 9) республикалык бюджетти бекитүү; 10) республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Министрлер Кабинетинин ар жылдык отчетун угуу; 11) Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароо; 12) мунапыс жөнүндө актыларды чыгаруу; 13) мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу; 14) Министрлер Кабинетинин Төрагасын, анын орун басарларын жана Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү; 15) Президенттин сунушу боюнча жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунушунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин добушу менен Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун (мындан ары - Конституциялык сот) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары - Жогорку сот) судьяларын шайлоо; Конституцияда, конституциялык мыйзамдарда жана ушул Регламентте каралган учурларда Президенттин сунушу боюнча аларды ээлеген кызмат ордунан бошотуу; 16) Президент, Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагалары судьялардын курамынан сунуш кылган талапкерлерди 5 жылдык мөөнөткө дайындоого Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин добушу менен макулдук берүү; 17) конституциялык мыйзамдарда каралган учурларда Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде Президенттин сунушу боюнча Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын ээлеген кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү; 18) Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамын конституциялык мыйзамда жана ушул Регламентте каралган тартипте бекитүү; 19) Президенттин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) төрагасын шайлоо; мыйзамда каралган учурларда аны кызмат ордунан бошотуу; 20) Борбордук шайлоо комиссиясынын курамынын жарымын - Президенттин сунушу боюнча, башка жарымын өз демилгеси боюнча шайлоо; мыйзамда каралган учурларда аларды кызмат ордунан бошотуу; 21) Эсептөө палатасынын курамынын үчтөн бирин - Президенттин сунушу боюнча, үчтөн экисин өз демилгеси боюнча шайлоо; мыйзамда каралган учурларда аларды кызмат ордунан бошотуу; 22) мыйзамда каралган учурларда Акыйкатчыны (Омбудсменди) шайлоо жана аны кызмат ордунан бошотуу; аны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү; 23) мыйзамда каралган учурларда Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунушу боюнча Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын шайлоо жана аларды кызмат ордунан бошотуу; аларды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү; 24) Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун (мындан ары - Улуттук борбор) Координациялык кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо, мыйзамда каралган учурларда мөөнөтүнөн мурда кайра чакыртып алуу; 25) Президенттин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорун (мындан ары - Башкы прокурор) дайындоого, бошотууга жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин добушу менен макулдук берүү; 26) мыйзамда каралган учурларда Башкы прокурорду кызмат ордунан бошотуу жөнүндө Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгесин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүк добушу менен жактыруу; 27) конституциялык мыйзамда каралган тартипте жана учурларда өзгөчө абалды киргизүү; бул маселе боюнча Президенттин жарлыктарын бекитүү же жокко чыгаруу; 28) согуш жана тынчтык маселелерин чечүү; согуш абалын киргизүү; согуштук абалды жарыялоо; бул маселелер боюнча Президенттин жарлыктарын бекитүү же жокко чыгаруу; 29) тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чектеринен тышкары жерлерде пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечүү; 30) Кыргыз Республикасынын аскердик наамдарын, дипломатиялык рангдарын жана башка атайын наамдарын белгилөө; 31) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын, мамлекеттик сый акыларын жана ардак наамдарын уюштуруу; 32) Президенттин ар жылдык кайрылууларын, маалыматтарын жана чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүн угуу; 33) Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын ар жылдык баяндамасын угуу; 34) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ар жылдык жана атайын баяндамаларын угуу; 35) Улуттук борбордун ар жылдык жана атайын баяндамаларын угуу; 36) Башкы прокурордун, Улуттук банктын, Эсептөө палатасынын төрагаларынын ар жылдык отчетторун угуу; 37) Кыргыз Республикасынын сот системасынын иши жөнүндө Жогорку соттун жазуу (электрондук) түрүндө берилүүчү маалыматын кароо; 38) Президентке каршы айып коюу; Конституцияда каралган тартипте Президентти кызмат ордунан четтетүү жөнүндө чечим кабыл алуу; 39) Президент оорусуна байланыштуу өз милдетин аткара албай калган учурда мамлекеттик медициналык комиссияны түзүү; 40) мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин добушу менен Президентти мөөнөтүнөн мурда кызмат ордунан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алуу; 41) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесин бириктирген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирикмеси (ассоциациясы, бирлиги) тарабынан Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө мыйзамдардын таасири жөнүндө баяндаманы эки жылда бир жолу угуу; 42) Жогорку Кеңештин Төрагасын (Төрайымын) (мындан ары - Төрага), анын орун басарларын, комитеттердин төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоо; комитеттерди, убактылуу комиссияларды түзүү жана алардын курамдарын түзүү; Жогорку Кеңештин кызмат адамдарынын ар жылдык отчетторун угуу, аларды кайра чакыртып алуу; 43) өзүн-өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл алуу. 2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-9, 11-12, 30-31-пункттарында каралган Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары - мыйзамдарды, башка ыйгарым укуктары, 32 жана 41-пункттарды кошпогондо, токтомдорду кабыл алуу аркылуу ишке ашырылат. 3. Ушул беренеде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын ар жылдык отчетторун жана баяндамаларын угуу Конституциянын жана мыйзамдардын мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын өз алдынчалыгы жана көз карандысыздыгы жөнүндө жоболорун эске алуу менен жүзөгө ашырылат. 4. Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.