Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 1
Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики" · гл. 1Статус: действует

Статья 1. Термины, используемые в настоящем Регламенте

В настоящем Регламенте нижеприведенные определения и понятия имеют следующие значения:

1) альтернативные законопроекты - законопроекты, поступившие в Жогорку Кенеш от разных субъектов законодательной инициативы, направленные на регулирование одних и тех же общественных отношений;

2) база данных законопроектов - свод официально поступивших и зарегистрированных в Жогорку Кенеше проектов нормативных правовых актов;

3) государственные (национальные) интересы - интересы, обусловленные потребностями выживания, безопасности и развития страны, а также ценностями исторического и культурного наследия, образом жизни, устремлениями и стимулами деятельности субъектов государственной политики, которые служат приумножению национальной мощи государства и повышению благосостояния большинства граждан;

4) законодательное предложение - предложения фракции, депутатской группы, комитета, депутата, избранного по одномандатному округу, или Жогорку Кенеша Кабинету Министров Кыргызской Республики (далее - Кабинет Министров) о разработке проекта закона или иного нормативного правового акта;

5) избранный депутат - кандидат в депутаты Жогорку Кенеша, зарегистрированный Центральной комиссией по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики (далее - Центральная избирательная комиссия) в качестве депутата, но еще не вступивший в свои полномочия (после официального опубликования результатов выборов либо в порядке замещения вакантного мандата);

6) конфликт интересов - ситуация, при которой имущественные или другие личные интересы депутатов при исполнении возложенных на них обязанностей входят в противоречие с общественными и государственными (национальными) интересами;

7) Координационный совет Жогорку Кенеша (далее - Координационный совет) - постоянный орган Жогорку Кенеша, созданный для коллективного решения вопросов эффективной организации деятельности Жогорку Кенеша;

8) лингвистическая экспертиза проекта закона - сравнительно-редакционная экспертиза текстов проекта закона на государственном и официальном языках на аутентичность и внутреннюю согласованность, оценка соответствия текста проекта закона нормам современного кыргызского и русского языков с учетом особенностей правил юридической техники и дача рекомендаций по устранению грамматических, лексических, стилистических, логических, редакционно-технических ошибок и ошибок в использовании терминов;

9) личный интерес - материальная или иная выгода, которую стремятся получить или получают прямо или косвенно, для себя или своих близких должностные лица, депутаты Жогорку Кенеша в результате выполнения своих служебных обязанностей;

10) общественный интерес - интерес любого лица (лиц), связанный с обеспечением благополучия, стабильности, безопасности и устойчивого развития общества;

11) общественная экспертиза - экспертиза, проводимая независимыми общественными или экспертными организациями, национальными или международными экспертами;

12) открытое голосование - способ голосования, при котором фиксируются волеизъявление и результаты поименного голосования депутатов за один из вариантов ответа ("за", "против");

13) проект закона (законопроект) - проект нормативного правового акта, официально внесенный субъектами законодательной инициативы на рассмотрение Жогорку Кенеша;

13-1) объединенный проект закона (законопроект) - проект закона, который объединяет в себе два или более проектов законов, связанных между собой по предмету или содержанию. Объединенный проект закона может быть подготовлен путем объединения отдельных статей, разделов или глав проектов законов, а также путем внесения изменений в один проект закона с учетом положений других проектов законов;

13-2) проект постановления - проект нормативного правового акта, принимаемого Жогорку Кенешем по вопросам, находящимся в ведении Жогорку Кенеша;

14) протокол заседания - документ, фиксирующий ход заседания от начала до завершения;

15) стенограмма заседания - документ, представляющий воспроизведенную с аудиозаписи дословную устную речь участников заседаний Жогорку Кенеша, фракции, депутатской группы, комитета, комиссии, а также иных мероприятий, организованных Жогорку Кенешем;

16) субъект права законодательной инициативы - субъект, обладающий правом вносить от своего имени на рассмотрение Жогорку Кенеша проекты законов;

17) тайное голосование - вид голосования, при котором голосование участников осуществляется анонимно и исключается контроль за волеизъявлением голосующего за один из вариантов ответа ("за", "против");

18) число присутствующих на заседании депутатов - количество депутатов Жогорку Кенеша, зарегистрировавшихся перед проведением голосования.

Термины, используемые в настоящем Регламенте, но не содержащиеся в настоящей статье, используются в соответствии с их общепринятым значением.

(В редакции Законов КР от 19 апреля 2023 года N 92, 18 декабря 2024 года № 205)

Кыргызча
Ушул Регламентте колдонулуучу терминдер Ушул Регламентте төмөндө келтирилген аныктамалар жана түшүнүктөр төмөнкүдөй маанилерге ээ: 1) альтернативдүү мыйзам долбоорлору - бир эле коомдук мамилелерди жөнгө салууга багытталган, мыйзам чыгаруу демилгесинин ар кыл субъекттеринен Жогорку Кеңешке келип түшкөн мыйзам долбоорлору; 2) мыйзам долбоорлорунун маалымат базасы - Жогорку Кеңешке расмий келип түшкөн жана анда катталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жыйындысы; 3) мамлекеттик (улуттук) кызыкчылыктар - өлкөнүн жашап кетүү, коопсуздук жана өнүгүү муктаждыктары, ошондой эле мамлекеттин улуттук кубаттуулугун арттырууга жана жарандардын көпчүлүгүнүн турмуш жыргалчылыгын арттырууга кызмат кылуучу, тарыхый жана маданий мурастарынын баалуулуктары, жашоо ыңгайы, мамлекеттик саясат субъекттеринин ишинин умтулуулары жана шыктандыруулары менен шартталган кызыкчылыктар; 4) мыйзам чыгаруу сунушу - мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө фракциянын, депутаттык топтун, комитеттин, бир мандаттуу округ боюнча шайланган депутаттын же Жогорку Кеңештин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине (мындан ары - Министрлер Кабинети) сунушу; 5) шайланган депутат - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан депутат катары катталган, бирок өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга али кирише элек (шайлоонун натыйжалары расмий жарыялагандан кийин же болбосо бошогон мандатты ээлөө тартибинде) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер; 6) кызыкчылыктардын кагылышуусу - өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууда депутаттардын мүлктүк же башка жеке кызыкчылыктары коомдук жана мамлекеттик (улуттук) кызыкчылыктарга карама-каршы келген кырдаал; 7) Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши (мындан ары - Координациялык кеңеш) - Жогорку Кеңештин ишин натыйжалуу уюштуруу маселелерин жамааттык чечүү үчүн түзүлгөн Жогорку Кеңештин туруктуу органы; 8) мыйзам долбоорунун лингвистикалык экспертизасы - мамлекеттик жана расмий тилдердеги мыйзам долбоорунун тексттеринин бири-бирине дал келүүсү жана ички шайкештиги жагынан салыштырма-редакциялык экспертиза жүргүзүү, юридикалык техниканын эрежелеринин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен мыйзам долбоорунун текстинин азыркы кыргыз жана орус тилдеринин ченемдерине шайкештигин баалоо жана грамматикалык, лексикалык, стилистикалык, логикалык, редакциялык-техникалык каталарды жана терминдерди колдонуудагы каталарды четтетүү боюнча сунуштамаларды берүү; 9) жеке кызыкчылык - өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруунун натыйжасында Жогорку Кеңештин кызмат адамдары, депутаттары өзү же өзүнүн жакындары үчүн түз же кыйыр түрдө алууга умтулган же алып жаткан материалдык же башка пайда; 10) коомдук кызыкчылык - коомдун бакубаттуулугун, туруктуулугун, коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу менен байланышкан кандай гана болбосун жактын (жактардын) кызыкчылыгы; 11) коомдук экспертиза - көз карандысыз коомдук же эксперттик уюмдар, улуттук же эл аралык эксперттер тарабынан жүргүзүлүүчү экспертиза; 12) ачык добуш берүү - депутаттардын жооптун варианттарынын бири ("макул", "каршы") үчүн атын атап добуш берүүдөгү эрк билдирүүсү жана натыйжасы белгиленген добуш берүү ыкмасы; 13) мыйзамдын долбоору (мыйзам долбоору) - мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери тарабынан Жогорку Кеңештин кароосуна расмий киргизилген ченемдик укуктук актынын долбоору; 13-1) бириктирилген мыйзам долбоору (мыйзам долбоору) - предмети же мазмуну боюнча өз ара байланышкан эки же андан көп мыйзам долбоорлорун өзүнө бириктирген мыйзам долбоору. Бириктирилген мыйзам долбоору мыйзам долбоорлорунун айрым беренелерин, бөлүмдөрүн же главаларын бириктирүү жолу менен, ошондой эле башка мыйзам долбоорлорунун жоболорун эске алуу менен бир мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен даярдалышы мүмкүн; 13-2) токтом долбоору - Жогорку Кеңештин карамагындагы маселелер боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актынын долбоору; 14) жыйналыштын протоколу - жыйналышты башталышынан тартып аяктаганына чейин анын жүрүшүн белгилөөчү документ; 15) жыйналыштын стенограммасы - Жогорку Кеңештин, фракциянын, депутаттык топтун, комитеттин, комиссиянын жыйналыштарынын, ошондой эле Жогорку Кеңеш уюштурган башка иш-чаралардын катышуучуларынын оозеки сүйлөгөн сөздөрүнүн аудио жазылмасынан көчүрүлүп, сөзмө-сөз жазуу түрүндө түшүрүлгөн документ; 16) мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекти - өзүнүн атынан мыйзамдардын долбоорлорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү укугуна ээ болгон субъект; 17) жашыруун добуш берүү - катышуучулар анонимдүү добуш берген жана жооптун варианттарынын бири ("макул", "каршы") боюнча добуш берүүчүнүн эрк билдирүүсү контролдонбогон добуш берүүнүн түрү; 18) жыйналышка катышып жаткан депутаттардын саны - добуш берүүнү өткөрүүнүн алдында каттоодон өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны. Ушул Регламентте колдонулуучу, бирок ушул беренеде камтылбаган терминдер алардын жалпы кабыл алынган маанилерине ылайык колдонулат. (КР 2023-жылдын 19-апрелиндеги N 92, 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205 Мыйзамдарынын редакциясларына ылайык)