Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 109
Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики" · гл. 19Статус: действует

Статья 109. Парламентский запрос

1.

В целях осуществления контрольных функций в рамках своих полномочий Торага, фракция, депутатская группа, комитет или группа депутатов вправе инициировать вопрос о направлении парламентского запроса по вопросам, представляющим общественный интерес, по вопросам проводимой Кабинетом Министров социально-экономической политики, а также практики применения законов и решений Жогорку Кенеша.

2.

Парламентский запрос направляется руководителям государственных органов, органов местного самоуправления, юридических лиц, имеющих долю государственного участия в своем капитале, а также организаций, финансируемых из государственного бюджета.

3.

Парламентский запрос направляется инициаторами в Координационный совет для включения в повестку дня заседания Жогорку Кенеша и по результатам его рассмотрения принимается постановление.

4.

К парламентскому запросу инициатор прилагает обоснование, а также, в случае необходимости, иные документы и материалы. В запросе указывается срок предоставления ответа, который по просьбе вышеуказанных должностных лиц может быть продлен Координационным советом, но не более чем на 10 дней.

5.

Парламентский запрос в течение 3 рабочих дней направляется Координационным советом должностным лицам, указанным в запросе.

6.

Парламентские запросы рассматриваются Жогорку Кенешем в порядке очередности их поступления.

7.

Ответы на парламентские запросы оглашаются на заседании Жогорку Кенеша. Копии письменного ответа направляются всем депутатам в течение 3 рабочих дней после его получения.

8.

Ответ на парламентский запрос рассматривается по процедуре полного обсуждения, если Жогорку Кенеш не примет иного решения.

9.

По итогам обсуждения ответа на парламентский запрос Жогорку Кенеш может выразить свою позицию, приняв постановление.

Кыргызча
Парламенттик суроо-талап 1. Өз ыйгарым укуктарынын чектеринде контролдук функцияларды жүзөгө ашыруу максатында Төрага, фракция, депутаттык топ, комитет же депутаттардын тобу коомдук кызыкчылыкты билдирген маселелер боюнча, Министрлер Кабинети тарабынан жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык саясаттын, ошондой эле мыйзамдарды жана Жогорку Кеңештин чечимдерин колдонуу практикасынын маселелери боюнча парламенттик суроо-талапты жөнөтүү жөнүндө маселени демилгелөөгө укуктуу. 2. Парламенттик суроо-талап мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өз капиталында мамлекеттик катышуу үлүшү бар юридикалык жактардын, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдардын жетекчилерине жөнөтүлөт. 3. Парламенттик суроо-талап Жогорку Кеңештин жыйналышынын күн тартибине киргизүү үчүн демилгечилер тарабынан Координациялык кеңешке жөнөтүлөт жана аны кароонун натыйжалары боюнча токтом кабыл алынат. 4. Парламенттик суроо-талапка демилгечи негиздемени, ошондой эле зарыл болгон учурда башка документтерди жана материалдарды тиркейт. Суроо-талапта жообун берүүнүн мөөнөтү көрсөтүлөт, ал жогоруда көрсөтүлгөн кызмат адамдарынын өтүнүчү боюнча Координациялык кеңеш тарабынан узартылышы, бирок 10 күндөн ашык эмес мөөнөткө узартылышы мүмкүн. 5. Парламенттик суроо-талап Координациялык кеңеш тарабынан 3 жумуш күндүн ичинде суроо-талапта көрсөтүлгөн кызмат адамдарына жөнөтүлөт. 6. Жогорку Кеңеш парламенттик суроо-талаптарды алардын келип түшкөн кезегинин тартибинде карайт. 7. Парламенттик суроо-талаптарга жооптор Жогорку Кеңештин жыйналышында жарыя кылынат. Жазуу жүзүндөгү жооптун көчүрмөлөрү аны алгандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде бардык депутаттарга жөнөтүлөт. 8. Эгерде Жогорку Кеңеш башка чечим кабыл албаса, парламенттик суроо-талапка жооп толук талкуулоо жол-жобосу боюнча каралат. 9. Парламенттик суроо-талапка жоопту талкуулоонун жыйынтыктары боюнча Жогорку Кеңеш токтом кабыл алып, өзүнүн көз карашын билдире алат.