Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 105
Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики" · гл. 19Статус: действует

Статья 105. Основания для проведения парламентского расследования

1.

Для осуществления парламентского контроля Жогорку Кенеш в рамках своих полномочий вправе проводить парламентское расследование, если это связано с угрозой:

1) государственному суверенитету;

2) национальной безопасности;

3) общественному порядку;

4) территориальной целостности;

5) здоровью и нравственности населения;

6) политическим, экономическим и другим государственным интересам.

2.

Парламентскому расследованию подлежат действия (бездействие):

1) юридических лиц с участием государственных органов и органов местного самоуправления;

2) организаций, финансируемых из республиканского и местных бюджетов;

3) частных компаний, деятельность которых имеет важное значение для экономики Кыргызской Республики.

3.

Парламентское расследование проводится в отношении незаконных действий, к которым относятся:

1) проведение незаконных сделок, подпадающих под понятия "легализация", "отмывание денег";

2) поддержка незаконных террористических формирований;

3) нецелевое использование или хищение государственных средств;

4) действия, нанесшие государству ущерб в особо крупных размерах;

5) иные незаконные действия.

4.

Жогорку Кенеш вправе назначить парламентское расследование по обоснованной письменной инициативе:

1) Торага;

2) комитета;

3) фракции;

4) депутатской группы;

5) временной комиссии;

6) депутата, избранного по одномандатному округу и не вошедшего во фракции и депутатские группы;

7) Акыйкатчы (Омбудсмена);

8) председателя Координационного совета Национального центра и директора Национального центра.

5.

Постановление о назначении парламентского расследования принимается большинством голосов от общего числа депутатов.

Кыргызча
Парламенттик териштирүүнү жүргүзүү үчүн негиздер 1. Парламенттик контролду жүзөгө ашыруу үчүн Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарынын чегинде парламенттик териштирүү жүргүзүүгө укуктуу, эгерде ал төмөнкүлөргө коркунуч келтирүү менен байланыштуу болсо: 1) мамлекеттик эгемендүүлүккө; 2) улуттук коопсуздукка; 3) коомдук тартипке; 4) аймактык бүтүндүккө; 5) калктын ден соолугуна жана адеп-ахлагына; 6) саясий, экономикалык жана башка мамлекеттик кызыкчылыктарга. 2. Төмөндөгүлөрдүн аракеттери (аракетсиздиги) парламенттик териштирилүүгө тийиш: 1) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан юридикалык жактардын; 2) республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу уюмдардын; 3) Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн иши маанилүү болуп саналган жеке компаниялардын. 3. Парламенттик териштирүү мыйзамсыз аракеттерге карата жүргүзүлөт, аларга төмөндөгүлөр кирет: 1) "легалдаштыруу", "акчаларды адалдоо" түшүнүгүнө туура келген мыйзамсыз бүтүмдөрдү жүргүзүү; 2) мыйзамсыз террористтик түзүлүштөрдү колдоо; 3) мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу же уурдоо; 4) мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдөгү зыяндарды келтирген аракеттер; 5) башка мыйзамсыз аракеттер. 4. Жогорку Кеңеш төмөнкүлөрдүн жазуу жүзүндөгү негизделген демилгеси боюнча парламенттик териштирүүнү дайындоого укуктуу: 1) Төраганын; 2) комитеттин; 3) фракциянын; 4) депутаттык топтун; 5) убактылуу комиссиянын; 6) бир мандаттуу округ боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттын; 7) Акыйкатчынын (Омбудсмендин); 8) Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин төрагасынын жана Улуттук борбордун директорунун. 5. Парламенттик териштирүүнү дайындоо жөнүндө токтом депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.