Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 9
Закон КР от 3 декабря 2021 года № 147 "Об аудиторской деятельности" · гл. 2Статус: действует

Статья 9. Конфиденциальность информации

1.

Сведения и документы, полученные аудитором/аудиторской организацией при проведении аудита, являются конфиденциальной информацией. Обязательство соблюдения конфиденциальности информации остается в силе и после прекращения договора на проведение аудита. Любые сведения и документы, полученные и/или составленные аудиторами, аудиторскими организациями и их работниками при осуществлении аудиторской деятельности и оказании прочих связанных с аудиторской деятельностью услуг, являются конфиденциальными, за исключением:

1) сведений, разглашенных лицом, которому оказывались аудиторские услуги, или с его согласия;

2) сведений о заключении договора на оказание аудиторских услуг;

3) сведений о величине аудиторского вознаграждения.

2.

Аудиторская организация, аудитор обязаны соблюдать требования по обеспечению конфиденциальности информации, устанавливаемые стандартами аудита и Кодексом этики.

3.

Аудиторская организация и аудитор обязаны обеспечивать сохранность сведений и документов, получаемых и/или составляемых ими при проведении аудита, и не вправе передавать эти документы и/или их копии третьим лицам, за исключением заказчика, уполномоченного государственного органа, профессионального аудиторского объединения, либо разглашать содержащиеся в них сведения без письменного согласия как лица, в отношении которого осуществлялся аудит, так и заказчика, уполномоченного органа, профессионального аудиторского объединения, если им не является аудируемый субъект, за исключением случаев, предусмотренных настоящим Законом, вступившим в законную силу судебным актом или обоснованным запросом, в порядке и случаях, предусмотренных уголовным законодательством Кыргызской Республики.

4.

Уполномоченный государственный орган, профессиональные аудиторские объединения, их члены и работники, а также иные лица, получившие доступ к сведениям и/или документам, составляющим конфиденциальную информацию, обязаны соблюдать требования к обеспечению конфиденциальности таких сведений и/или документов.

Кыргызча
Маалыматтын купуялыгы 1. Аудит жүргүзүүдө аудитор/аудитордук уюм тарабынан алынган маалыматтар жана документтер купуя маалымат болуп саналат. Маалыматтардын купуялуулугун сактоо милдеттенмеси аудит жүргүзүү келишими токтотулгандан кийин да күчүндө калат. Аудитордук ишти жүргүзүүдө жана аудитордук иш менен байланышкан башка кызматтарды көрсөтүүдө аудитор, аудитордук уюм жана алардын кызматкерлери тарабынан алынган жана/же түзүлгөн ар кандай маалыматтар жана документтер купуя болуп саналат, буга төмөнкүлөр кирбейт: 1) аудитордук кызматтар көрсөтүлүп келген жак жарыялаган же анын макулдугу менен жарыяланган маалыматтар; 2) аудитордук кызматтарды көрсөтүү келишимин түзүү жөнүндө маалыматтар; 3) аудитордук сый акылардын көлөмү жөнүндө маалыматтар. 2. Аудитордук уюм, аудитор аудиттин стандарттарында жана Этика кодексинде белгиленген маалыматтардын купуялыгын камсыз кылуу боюнча талаптарды сактоого милдеттүү. 3. Аудитордук уюм жана аудитор аудит жүргүзүүдө алынган жана/же түзүлгөн маалыматтардын жана документтердин сакталышын камсыз кылууга милдеттүү жана буйрутмачыны, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды жана кесиптик аудитордук бирикмени кошпогондо, бул документтерди жана/же алардын көчүрмөлөрүн үчүнчү жактарга берүүгө, же болбосо аларда камтылган маалыматтарды, ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларында же негиздүү суроо-талаптарда каралган учурларды кошпогондо, аудит жүргүзүлгөн жактын, ошондой эле аудиттелүүчү субъект болуп саналбаган буйрутмачынын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана кесиптик аудитордук бирикменин жазуу жүзүндөгү макулдугусуз ачыкка чыгарууга укугу жок. 4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, кесиптик аудитордук бирикмелер, алардын мүчөлөрү жана кызматкерлери, ошондой эле купуя маалыматты түзгөн маалыматтарды жана/же документтерди алуу мүмкүнчүлүгүн алышкан башка жактар мындай маалыматтардын жана/же документтердин купуялуулугун камсыз кылууга карата талаптарды сактоого милдеттүү.