Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 33
Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе" · гл. 7Статус: действует

Статья 33. Конфликт интересов

1.

Конфликт интересов возникает в случаях, когда частные (личные) интересы служащего могут повлиять на выполнение им обязанностей или функций, что приводит или может привести к нарушению прав и интересов граждан, организаций или государства.

Порядок управления конфликтом интересов в государственных органах и органах местного самоуправления осуществляется в соответствии с законодательством о конфликте интересов.

2.

Руководитель государственного органа, органа местного самоуправления обязан принять меры по предотвращению конфликта интересов.

3.

Руководитель государственного органа, органа местного самоуправления при наличии риска возникновения конфликта интересов обязан инициировать проведение служебного расследования.

4.

По результатам служебного расследования руководитель государственного органа, органа местного самоуправления принимает меры по устранению конфликта интересов.

5.

Непринятие мер руководителем государственного органа, органа местного самоуправления в случае обращения служащего, находящегося в его непосредственном подчинении, по вопросу предотвращения конфликта интересов является основанием для освобождения руководителя от должности в связи с утратой доверия.

Кыргызча
Кызыкчылыктардын кагылышуусу 1. Кызматчынын жеке (өзүнүн) кызыкчылыгы анын милдеттерин же функцияларын аткарууга таасир тийгизиши мүмкүн болгон учурларда кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыгат, бул жарандардын, уюмдардын же мамлекеттин укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келет же алып келиши мүмкүн. Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу тартиби кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат. 2. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү. 3. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси кызыкчылыктардын кагылышуусунун келип чыгуу тобокелдиги бар болсо, кызматтык териштирүү жүргүзүүнү демилгелөөгө милдеттүү. 4. Кызматтык териштирүүнүн натыйжалары боюнча мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүү боюнча чараларды көрөт. 5. Кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо маселеси боюнча түздөн-түз баш ийүүдөгү кызматчы кайрылган учурда мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан чараларды көрбөө ишенимди жоготкондугуна байланыштуу жетекчини кызмат ордунан бошотуу үчүн негиз болуп саналат.