Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 10
Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе" · гл. 2Статус: действует

Статья 10. Резерв кадров государственной гражданской службы и муниципальной службы

1.

Резерв кадров государственной гражданской службы и муниципальной службы (далее - резерв кадров) - группа кандидатов на замещение административных должностей.

2.

Резерв кадров на младшие должности формируется уполномоченным государственным органом в порядке, определяемом Президентом Кыргызской Республики. Резерв кадров на старшие и главные должности формируется каждым государственным органом и органом местного самоуправления самостоятельно.

3.

Резерв кадров состоит из кандидатов на младшие, старшие и главные должности.

В резерв кадров включаются:

1) служащие, занимающие административные должности в данном органе;

2) лица, освобожденные от должности в связи с реорганизацией органа, сокращением штата, продолжительной нетрудоспособностью по состоянию здоровья;

3) граждане Кыргызской Республики, прошедшие открытый конкурсный отбор для включения в резерв кадров, отвечающие квалификационным требованиям, предусмотренным настоящим Законом и законодательством;

3-1) граждане Кыргызской Республики, имеющие инвалидность, отвечающие квалификационным требованиям, предусмотренным настоящим Законом, на основе личного заявления во внеконкурсном порядке;

4) выпускники президентского лицея "Акылман", завершившие обучение по образовательным программам высшего профессионального или среднего профессионального образования и получившие диплом или иной заменяющий его документ, на основе личного заявления во внеконкурсном порядке;

5) выпускники зарубежных высших учебных заведений, получившие образование в рамках международной стипендии Президента "Эл умуту" и диплом или иной заменяющий его документ, на основе личного заявления во внеконкурсном порядке;

6) выпускники высших учебных заведений Кыргызской Республики, имеющих особый статус, окончившие их с отличием, на основе личного заявления во внеконкурсном порядке;

7) должностные лица и сотрудники, проработавшие в органах Евразийского экономического союза более двух лет, на основании личного заявления, поданного в течение шести месяцев со дня освобождения от должности;

8) лица, замещавшие политические государственные и муниципальные должности в соответствующем государственном органе или органе местного самоуправления, за исключением депутатов местных кенешей, на основании личного заявления, поданного в течение шести месяцев со дня освобождения от должности.

Лица, указанные в пунктах 4, 5 и 6 настоящей части, зачисляются в резерв кадров государственных органов и органов местного самоуправления, перечень которых определяется решением Кабинета Министров

4.

Порядок проведения открытого конкурса для включения в резерв кадров, его формирования, в том числе во внеконкурсном порядке, и функционирования определяется Президентом.

(В редакции Законов КР от 18 апреля 2025 года № 78, 10 июля 2025 года № 141, 14 апреля 2026 года № 48 , 29 июня 2026 года № 95)

Кыргызча
Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резерви 1. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резерви (мындан ары - кадрлар резерви) - административдик кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин тобу. 2. Кенже кызмат орундарына кадрлар резерви Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт. Улук жана башкы кызмат орундарына кадрлар резерви ар бир мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан өз алдынча түзүлөт. 3. Кадрлар резерви кенже, улук жана башкы кызмат орундарына талапкерлерден турат. Кадрлар резервине төмөнкүлөр кирет: 1) бул органда административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчылар; 2) органды кайра уюштурууга, штатты кыскартууга, ден соолугунун абалы боюнча узак мөөнөттүү эмгекке жарамсыздыкка байланыштуу кызмат ордунан бошотулган адамдар; 3) ушул Мыйзамда жана мыйзамдарда каралган квалификациялык талаптарга жооп берген, кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурстук тандоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары; 3-1) майыптыгы бар, ушул Мыйзамда каралган квалификациялык талаптарга жооп берүүчү Кыргыз Республикасынын жарандары жеке арызынын негизинде конкурстан тышкаркы тартипте; 4) "Акылман" президенттик лицейинин жогорку кесиптик же орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча окууну аяктаган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган бүтүрүүчүлөрү жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте; 5) Президенттин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясынын алкагында билим алган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте; 6) Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар жогорку окуу жайларын артыкчылык менен аяктаган бүтүрүүчүлөр жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте; 7) Евразия экономикалык бирлигинин органдарында эки жылдан ашык иштеген кызмат адамдары жана кызматкерлер кызмат ордунан бошотулган күндөн тартып алты айдын ичинде берилген жеке арызынын негизинде; 8) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо, тиешелүү мамлекеттик органда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар кызмат ордунан бошотулган күндөн тартып алты айдын ичинде берилген жеке арызынын негизинде. Ушул бөлүктүн 4, 5 жана 6-пункттарында көрсөтүлгөн адамдар Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталуучу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрлар резервине киргизилет. 4. Кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, кадрлар резервин түзүүнүн, анын ичинде конкурстан тышкары тартипте түзүүнүн жана анын иштешинин тартиби Президент тарабынан аныкталат. (КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 10-июлундагы № 141 , 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 48 , 2026-жылдын 29-июнундагы № 95 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)