Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 35
Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2021 года № 35 "Об аквакультуре, рыболовстве и охране водных биологических ресурсов" · гл. 6Статус: действует

Статья 35. Общественный контроль в области охраны, использования и воспроизводства рыбных запасов

1.

Общественный контроль в сфере охраны, использования и воспроизводства рыбных запасов осуществляется внештатными (общественными) инспекторами рыбоохраны (далее - внештатные инспекторы рыбоохраны).

2.

Формирование сети внештатных инспекторов рыбоохраны осуществляется из представителей общественных объединений, ассоциаций рыбных хозяйств, субъектов рыбных хозяйств, а также граждан.

3.

Порядок организации и деятельности внештатных инспекторов рыбоохраны определяется уполномоченным органом в сфере рыбного хозяйства.

4.

Внештатные инспекторы рыбоохраны имеют право:

1) направлять в уполномоченный орган в сфере рыбного хозяйства материалы по фактам незаконного рыболовства;

2) составлять в установленном порядке акты о нарушениях правил рыболовства и охраны рыбных запасов;

3) передавать акты о нарушениях правил рыболовства и охраны рыбных запасов в уполномоченный орган в сфере рыбного хозяйства, правоохранительные или судебные органы;

4) доставлять лиц, совершивших нарушение правил рыболовства и охраны рыбных запасов, в правоохранительные органы в целях составления протокола.

5.

Общественные объединения и формирования имеют право:

1) разрабатывать и пропагандировать свои программы по охране рыбных запасов;

2) защищать права и интересы рыболовов-любителей;

3) привлекать на добровольных началах граждан к активной рыбоохранной деятельности;

4) выполнять работу по охране и воспроизводству рыбных запасов и улучшению среды их обитания за счет собственных и привлеченных средств, добровольного трудового участия;

5) оказывать содействие уполномоченному органу в сфере рыбного хозяйства в борьбе с браконьерством и другими нарушениями рыбоохранного законодательства;

6) создавать общественные фонды по охране рыбных запасов и расходовать их средства на проведение рыбоохранных мероприятий;

7) получать своевременную и полную информацию о состоянии и использовании водных биоресурсов;

8) участвовать в проверках соблюдения требований рыбоохранного законодательства.

6.

Деятельность общественных объединений и формирований по охране рыбных запасов осуществляется в соответствии с их уставами и положением об охране рыбных запасов и правилами рыболовства.

Кыргызча
Балык запастарын коргоо, пайдалануу жана өндүрүп чыгаруу жаатындагы коомдук контролдоо 1. Балык запастарын коргоо, пайдалануу жана өндүрүп чыгаруу жаатында коомдук контролду балык коргоонун штаттан тышкаркы (коомдук) инспекторлору (мындан ары - балык коргоонун штаттан тышкаркы инспекторлору) жүзөгө ашырат. 2. Балык коргоонун штаттан тышкаркы инспекторлорунун тарамы коомдук бирикмелердин, балык чарбалар ассоциацияларынын, балык чарба субъекттеринин өкүлдөрүнөн, ошондой эле жарандардан түзүлөт. 3. Балык коргоонун штаттан тышкаркы инспекторлорун уюштуруунун жана алардын ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. 4. Балык коргоонун штаттан тышкаркы инспекторлору төмөнкүлөргө укуктуу: 1) мыйзамсыз балык уулоо фактылары боюнча материалдарды балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жөнөтүүгө; 2) балык уулоо жана балык запастарын коргоо эрежелерин бузуулар жөнүндө актыларды белгиленген тартипте түзүүгө; 3) балык уулоо жана балык запастарын коргоо эрежелерин бузуулар жөнүндө актыларды балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга, укук коргоо органдарына же сот органдарына өткөрүп берүүгө; 4) балык уулоо жана балык запастарын коргоо эрежелерин бузууларды жасаган адамдарды укук коргоо органдарына протокол түзүү максатында жеткирүүгө. 5. Коомдук бирикмелер жана түзүлүштөр төмөнкүлөргө укуктуу: 1) балык запастарын коргоо боюнча өз программаларын иштеп чыгууга жана жайылтууга; 2) ышкыбоз балыкчылардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого; 3) активдүү балык коргоо ишине жарандарды ыктыярдуу башталышта тартууга; 4) балык запастарын коргоо жана өндүрүп чыгаруу жана алардын жашоо чөйрөсүн жакшыртуу боюнча жумуштарды өзүнүн жана тартылган каражаттардын, эмгекке ыктыярдуу катышуунун эсебинен аткарууга; 5) браконьерликке жана балык коргоо мыйзамдарын башка бузууларга каршы күрөшүүдө балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга көмөк көрсөтүүгө; 6) балык запастарын коргоо боюнча коомдук фонддорду түзүүгө жана алардын каражаттарын балык коргоо иш-чараларын жүргүзүүгө чыгымдоого; 7) суу биоресурстарынын абалы жана пайдаланылышы жөнүндө өз убагындагы жана толук маалыматтарды алууга; 8) балык коргоо мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын текшерүүгө катышууга. 6. Коомдук бирикмелердин жана түзүлмөлөрдүн балык запастарын коргоо боюнча иши алардын уставдарына жана балык запастарын күзөттөө жөнүндө жобого жана балык уулоо эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат.