Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 18
Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2021 года № 35 "Об аквакультуре, рыболовстве и охране водных биологических ресурсов" · гл. 4Статус: действует

Статья 18. Ветеринарно-санитарные требования к объектам аквакультуры

1.

При проектировании, строительстве и эксплуатации сооружений для выращивания объектов аквакультуры должны соблюдаться требования законодательства в сфере ветеринарной и санитарно-эпидемиологической безопасности.

2.

Владельцы объектов аквакультуры обязаны обеспечить оптимальные условия содержания и кормления объектов аквакультуры в соответствии с ветеринарно-санитарными требованиями и нормами.

3.

Перевозка объектов аквакультуры должна осуществляться по согласованию с уполномоченными государственными органами в области ветеринарного и санитарно-эпидемиологического контроля.

4.

Ввоз объектов аквакультуры на территорию Кыргызской Республики осуществляется в соответствии с актами, составляющими право Евразийского экономического союза, документами Международного эпизоотического бюро (МЭБ) и законодательством в сфере ветеринарии.

5.

Продукция из объектов аквакультуры должна соответствовать санитарным требованиям безопасности для здоровья населения.

6.

Вакцины и другие средства защиты объектов аквакультуры от болезней допускаются к применению на основании ветеринарного заключения о соответствии данных средств нормативно-технической документации.

7.

Уполномоченные органы в сфере ветеринарного и санитарно-эпидемиологического контроля осуществляют:

1) контроль за возникновением, распространением и ликвидацией болезней, общих для человека и объектов аквакультуры;

2) контроль за возникновением, распространением и ликвидацией болезней, передаваемых человеку через объекты аквакультуры.

8.

Владельцы и производители объектов аквакультуры несут ответственность за здоровье, содержание, выпуск и использование объектов аквакультуры.

9.

На владельцев и производителей объектов аквакультуры и продукции из них возлагается обязанность проведения мероприятий, обеспечивающих предупреждение болезней объектов аквакультуры, ветеринарную и санитарно-эпидемиологическую безопасность.

10.

Завезенные на территорию Кыргызской Республики объекты аквакультуры, предназначенные для дальнейшего разведения, содержания и выращивания в условиях аквакультуры, должны находиться в карантинных изоляторах.

11.

Запрещается совместно размещать в карантинных изоляторах объекты аквакультуры разного возраста, разных видов, завезенных из разных стран и в разное время.

12.

Ввезенные на территорию Кыргызской Республики объекты аквакультуры размещаются в условиях карантинного изолятора с учетом биологических потребностей и биотехнологических особенностей разведения и/или выращивания.

13.

В карантинных изоляторах ведется учет условий содержания объектов аквакультуры в соответствии с ветеринарно-санитарными требованиями.

Кыргызча
Аквакультура объекттерине карата ветеринардык-санитардык талаптар 1. Аквакультура объекттерин өстүрүү үчүн курулмаларды долбоорлоодо, курууда жана иштетүүдө ветеринардык жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптары сакталууга тийиш. 2. Аквакультура объекттерине ээлик кылуучулар аквакультура объекттерин ветеринардык-санитардык талаптарга жана ченемдерге ылайык карап-багуунун жана тоюттандыруунун оптималдык шарттарын камсыз кылууга милдеттүү. 3. Аквакультура объекттерин ташуу ветеринардык жана санитардык-эпидемиологиялык контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылышы керек. 4. Кыргыз Республикасынын аймагына аквакультура объекттерин алып келүү Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актыларга, Эл аралык эпизоотикалык бюронун (ЭЭБ) документтерине жана ветеринария чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат. 5. Аквакультура объекттеринен алынуучу продукция калктын саламаттыгы үчүн коопсуздуктун санитариялык талаптарына туура келиши керек. 6. Аквакультура объекттерин оорулардан коргоочу вакциналарды жана башка каражаттарды колдонууга бул каражаттардын ченемдик-техникалык документтерге ылайык келиши жөнүндө ветеринариялык корутундунун негизинде жол берилет. 7. Ветеринариялык жана санитариялык-эпидемиологиялык контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар төмөнкүлөрдү камсыз кылат: 1) адам жана аквакультура объекттери үчүн жалпы оорулардын келип чыгуусуна, жайылуусуна жана жоюлушуна контролду; 2) аквакультура объекттери аркылуу адамга жугуучу оорулардын келип чыгуусуна, жайылуусуна жана жоюлушуна контролду. 8. Аквакультура объекттеринин ээлик кылуучулары жана өндүрүүчүлөрү аквакультура объекттеринин саламаттыгы, карап-багылуусу, коё берилүүсү жана пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартат. 9. Аквакультура объекттеринин жана алардан алынуучу продукциялардын ээлик кылуучуларына жана өндүрүүчүлөрүнө аквакультура объекттеринин ооруларынын алдын алууну, ветеринардык жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуучу иш-чараларды жүргүзүү жүктөлөт. 10. Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген, аквакультура шартында көбөйтүлүүгө, карап-багылууга жана өстүрүлүүгө арналган аквакультура объекттери карантиндик изоляторлордо турууга тийиш. 11. Карантиндик изоляторлордо ар кыл жаш курактагы, ар кыл түрдөгү, ар түрдүү мамлекеттерден жана ар башка убактарда алып келинген аквакультура объекттерин бирге жайгаштырууга тыюу салынат. 12. Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген аквакультура объекттери карантиндик изолятордун шартында аларды көбөйтүүнүн жана/же өстүрүүнүн биологиялык керектөөлөрүн жана биотехнологиялык өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен жайгаштырылат. 13. Карантиндик изоляторлордо аквакультура объекттерин ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык багып-кармоо шарттарынын эсеби жүргүзүлөт.