Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 16
Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2021 года № 35 "Об аквакультуре, рыболовстве и охране водных биологических ресурсов" · гл. 4Статус: действует

Статья 16. Договор о предоставлении права пользования рыбоводным участком водоема

1.

По договору о предоставлении в пользование водоемов уполномоченный орган в сфере рыбного хозяйства предоставляет право пользования рыбоводным участком водоема для осуществления пастбищной аквакультуры и товарного рыбоводства.

2.

В договоре о предоставлении в пользование рыбоводного участка водоема указываются:

1) стороны и предмет договора;

2) срок действия договора;

3) сведения о видовом составе объектов аквакультуры (перечень объектов аквакультуры), подлежащих выращиванию;

4) сведения о технических средствах, предназначенных для содержания и разведения, в том числе выращивания объектов аквакультуры;

5) требования к количественным и качественным показателям объектов аквакультуры, подлежащих выращиванию;

6) плата за рыбохозяйственное использование водоема с указанием размера, индексации, формы платежа, сроков, порядка внесения и пересмотра, ответственности за ее неуплату;

7) основания и условия, определяющие изъятие объектов аквакультуры;

8) направления проведения мероприятий по рыбохозяйственной мелиорации в аквакультуре, включающие:

а) проведение дноуглубительных работ;

б) удаление водной растительности из водного объекта рыбохозяйственного значения;

в) изъятие хищных, малоценных и сорных видов рыб в целях предотвращения выедания объектов аквакультуры в местах их выпуска в водоемы;

г) требования по сохранению водных биоресурсов и среды их обитания при осуществлении аквакультуры на предоставленных в пользование рыбоводных участках.

3.

Передача и переуступка права пользования рыбоводным участком третьим лицам не допускаются.

4.

Порядок, условия, сроки и размер платы за предоставление рыбоводного участка для аквакультуры, а также порядок и основания прекращения прав пользования определяются Правительством Кыргызской Республики.

Кыргызча
Көлмөнүн балык өстүрүү участогун пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишим 1. Балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган көлмөлөрдү пайдаланууга берүү жөнүндө келишим боюнча жайыттык аквакультураны жана товардык балык өстүрүүнү жүзөгө ашыруу үчүн көлмөнүн балык өстүрүү участогун пайдалануу укугун берет. 2. Көлмөнүн балык өстүрүү участогун пайдаланууга берүү жөнүндө келишимде төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 1) келишимдин тараптары жана предмети; 2) келишимдин колдонулуу мөөнөтү; 3) өстүрүлүүгө жатуучу аквакультура объекттеринин түрдүк курамы жөнүндө маалыматтар (аквакультура объекттеринин тизмеги); 4) аквакультура объекттерин багууга жана көбөйтүүгө, анын ичинде өстүрүүгө арналган техникалык каражаттар жөнүндө маалыматтар; 5) өстүрүлүүгө жатуучу аквакультура объекттеринин сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрүнө карата талаптар; 6) көлмөнү балык чарбалык пайдалангандык үчүн акы, анын өлчөмүн, индексациясын, төлөм формасын, мөөнөттөрүн, аны төлөөнүн жана кайра кароонун тартибин, аны төлөбөгөндүк үчүн жоопкерчиликти көрсөтүү менен; 7) аквакультура объекттерин алып коюуну аныктоочу негиздер жана шарттар; 8) аквакультурада балык чарбалык мелиорациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнүн төмөнкүлөрдү камтыган багыттары: а) түбүн тереңдетүү иштерин жүргүзүү; б) балык чарбалык маанидеги суу объектинен суу өсүмдүктөрүн алып салуу; в) аквакультура объекттери суу көлмөлөргө коё берилген жерлерде алардын жеп коюлуусун болтурбоо максатында балыктардын жырткыч, баасы төмөн жана керексиз түрлөрүн алып коюу; г) пайдалануу үчүн берилген балык өстүрүү участокторунда аквакультураны жүзөгө ашырууда суу биоресурстарын жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо боюнча талаптар. 3. Балык өстүрүү участогун пайдалануу укугун үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө жана ыйгарып коюуга тыюу салынат. 4. Аквакультура үчүн балык өстүрүү участогун берүүнүн тартиби, шарттары, мөөнөттөрү жана төлөмдүн өлчөмү, ошондой эле пайдалануу укугун токтотуунун тартиби жана негиздери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.