Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 55
Закон КР от 19 мая 2018 года № 49 "О недрах" · гл. 8Статус: действует

Статья 55. Переходные положения

1.

Недропользователи, получившие лицензии на право пользования недрами до вступления в силу Закона Кыргызской Республики "О недрах" от 9 августа 2012 года № 160, вправе скорректировать координаты угловых точек лицензионных площадей в соответствии с действующими техническими проектами вне зависимости от стадии выполнения лицензионных условий (проектирование или проведение работ).

2.

Лицензии на право пользования недрами, не соответствующие положениям статьи 31 настоящего Закона, выданные до вступления в силу настоящего Закона, сохраняют свое действие до окончания срока, на который они были выданы без права продления.

3.

Владельцы лицензии на право пользования недрами с целью сбора минералогических, палеонтологических коллекций для коммерческих целей, сбора каменного материала для декоративных целей и использования в качестве поделочных камней и строительных материалов в течение 6 месяцев со дня вступления в силу настоящего Закона обязаны подать заявление о переоформлении своей лицензии на иной вид пользования недрами, предусмотренный настоящим Законом.

Уполномоченный государственный орган по недропользованию в течение 3 месяцев с момента получения заявки на переоформление вида пользования недрами обязан переоформить указанную в заявке лицензию на право пользования недрами при условии, если данный объект не пролицензирован.

Лицензии на право пользования недрами с целью сбора минералогических, палеонтологических коллекций для коммерческих целей, сбора каменного материала для декоративных целей и использования в качестве поделочных камней и строительных материалов, по которым в указанный в настоящей части срок их владельцами не было подано заявки на переоформление их на иной вид пользования недрами, подлежат аннулированию.

4.

Расчет сбора за удержание лицензии на право пользования недрами с целью сбора минералогических, палеонтологических коллекций для коммерческих целей, сбора каменного материала для декоративных целей и использования в качестве поделочных камней и строительных материалов осуществляется с момента переоформления лицензии в соответствии с частью 3 настоящей статьи.

5.

Лицензии, на основании которых осуществляется право пользования недрами в руслах или на берегах пограничных рек, действуют до конца срока их действия. Срок действия лицензий на право пользования недрами, указанные в настоящей части, не подлежит продлению.

6.

Пользователи недр, владеющие лицензиями на право пользования недрами с целью разведки песчано-гравийной смеси и суглинков (за исключением пользователей недр, подпадающих под действие части 5 настоящей статьи), имеют право продолжить работу на основании лицензии на право пользования недрами с последующей трансформацией лицензии на право пользования недрами с геологоразведки на разработку месторождения полезного ископаемого в соответствии с нормами настоящего Закона и его подзаконных нормативных правовых актов.

7.

Права пользования недрами, выданные до вступления в силу настоящего Закона, сохраняют имеющийся у них срок действия и могут быть продлены только однократно с соблюдением требований, установленных статьей 21 настоящего Закона.

(В редакции Законов КР от 8 июля 2019 года № 81, 23 марта 2020 года № 29)

Кыргызча
Өткөөл жоболор 1. 2012-жылдын 9-августундагы № 160 "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алган жер казынасын пайдалануучулар лицензиялык шарттарды аткаруунун стадиясына (жумуштарды долбоорлоо же жүргүзүү) карабастан, колдонуудагы техникалык долбоорлорго ылайык лицензиялык аянттардын бурчтук чекиттеринин координаттарын тактап алууга укуктуу. 2. Ушул Мыйзамдын 31-беренесинин жоболоруна ылайык келбеген, ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин берилген жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялар өзүнүн колдонулушун алар узартуу укугу жок берилген мөөнөт аяктаганга чейин сактап калат. 3. Коммерциялык максаттар үчүн минералогиялык, палеонтологиялык коллекцияларды чогултуу, декоративдик максаттар үчүн таш материалдарын жыйноо жана жасалма таштар жана курулуш материалдары катарында пайдалануу максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын ээлери ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 6 айдын ичинде ушул Мыйзамда каралган жер казынасын пайдалануунун башка түрүнө өзүнүн лицензиясын кайра жол-жоболоштуруу тууралуу арыз берүүгө милдеттүү. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер казынасын пайдалануунун түрүн кайра жол-жоболоштурууга буйрутма алган учурдан тартып 3 айдын ичинде, эгерде аталган объект лицензияланбаса, буйрутмада көрсөтүлгөн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кайра жол-жоболоштурууга милдеттүү. Коммерциялык максаттар үчүн минералогиялык, палеонтологиялык коллекцияларды чогултуу, декоративдик максаттар үчүн таш материалдарын чогултуу жана ушул бөлүктө көрсөтүлгөн менчик ээлери тарабынан жер казынасын пайдалануунун башка түрүнө лицензияны кайра жол-жоболоштурууга өз мөөнөтүндө буйрутма берилбеген жасалма таш жана курулуш материалдары катарында пайдалануу максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялар жокко чыгарылууга тийиш. 4. Коммерциялык максаттар үчүн минералогиялык, палеонтологиялык коллекцияларды чогултуу, декоративдик максаттар үчүн таш материалдарын чогултуу жана жасалма таштар жана курулуш материалдары катары пайдалануу максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны токтотуп тургандыгы үчүн жыйымдын эсеби ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык лицензия кайра жол-жоболоштурулган учурдан тартып жүзөгө ашырылат. 5. Чек арага чектеш суулардын нуктарындагы же жээктериндеги жер казынасын пайдаланууга укуктарды жүзөгө ашыруунун негизинде берилген лицензиялар алардын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат. Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды колдонуу мөөнөтү узартылбайт. 6. Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топуракты (буга ушул берененин 5-бөлүгүнүн колдонулушуна туура келбеген жер казынасын пайдалануучулар кирбейт) чалгындоо максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиясы бар жер казынасын пайдалануучулар кийин ушул Мыйзамдын ченемдерине жана ченемдик укуктук актыларга ылайык пайдалуу кендер жаткан жерлерди геологиялык чалгындоо менен жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны трансформациялоо аркылуу жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын негизинде иштерди улантууга укуктуу. 7. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин берилген жер казынасын пайдалануу укуктары аларда болгон колдонуу мөөнөтүн сактайт жана ушул Мыйзамдын 21-беренесинде белгиленген талаптарды сактоо менен бир жолу гана узартылышы мүмкүн. (КР 2019-жылдын 8-июлундагы № 81, 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)