Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 41
Закон КР от 19 мая 2018 года № 49 "О недрах" · гл. 5Статус: действует

Статья 41. Обеспечение прозрачности при недропользовании

1.

Реестр участков недр общегосударственного значения и реестр аукционных участков недр размещаются с последующим обновлением в средствах массовой информации и на Интернет-сайте уполномоченного государственного органа по недропользованию.

2.

Объявления о проведении конкурсов и аукционов на право пользования недрами должны публиковаться в международных и республиканских средствах массовой информации и размещаться на Интернет-сайте уполномоченного государственного органа по недропользованию, включая дату и условия проведения конкурсов и аукционов.

3.

Результаты проведенного конкурса или аукциона публикуются на Интернет-сайте уполномоченного государственного органа по недропользованию в течение 30 календарных дней с момента подписания. В протоколе указывается следующая минимальная информация: критерии оценки конкурсных предложений, список участников конкурса или аукциона, победитель конкурса или аукциона с обоснованием выбора победителя конкурса.

4.

В случае прекращения права пользования недрами уполномоченный государственный орган по недропользованию публикует соответствующее извещение в течение 10 дней с момента прекращения права недропользования и указывает способ повторного предоставления права пользования недрами: конкурс, аукцион или правило "первой поданной заявки".

5.

При предоставлении прав пользования недрами по правилу "первой поданной заявки" на участок недр право пользования недрами которого было прекращено уполномоченный государственный орган по недропользованию публикует извещение о подаче новой заявки на лицензию на своем официальном Интернет-сайте в течение 10 дней с момента ее регистрации.

6.

Все лицензии и лицензионные соглашения на право пользования недрами, предоставленные путем проведения конкурса или аукциона, подлежат размещению на Интернет-сайте уполномоченного государственного органа по недропользованию в течение 6 месяцев с момента официального опубликования настоящего Закона.

Уполномоченным государственным органом по недропользованию составляется подробный перечень данных по каждой лицензии, включая наименование лицензиата, географические координаты лицензионной площади, дату подачи заявки на получение лицензии, дату выдачи лицензии, срок действия и вид лицензии, информацию о бенефициарах, а также вид полезного ископаемого. Перечень публикуется на Интернет-сайте уполномоченного государственного органа по недропользованию и обновляется в течение 10 дней с момента выдачи новой лицензии или внесения изменений в текущую лицензию.

Кыргызча
Жер казынасын пайдаланууда ачыктыкты камсыздоо 1. Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелеринин реестри жана жер казынасынын аукциондук тилкелердин реестри жалпыга маалымдоо каражаттарына жана жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Интернет-сайтына кийин жаңылоо менен жайгаштырылат. 2. Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурстарды жана аукциондорду өткөрүү жөнүндө жарыялар, анын ичинде конкурстарды жана аукциондорду өткөрүү датасы жана шарттары эл аралык жана республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланууга жана жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Интернет-сайтына жайгаштырылууга тийиш. 3. Өткөрүлгөн конкурстун же аукциондун натыйжалары жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Интернет-сайтына ага кол коюлган учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде жарыяланат. Протоколдо төмөнкү минималдуу маалымат: конкурстук сунуштарды баалоо критерийлери, конкурстун же аукциондун катышуучуларынын тизмеси, конкурстун жеңүүчүсүн тандап алууну негиздөө менен конкурстун же аукциондун жеңүүчүсү көрсөтүлөт. 4. Жер казынасын пайдалануу укуктары токтогон учурда, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер казынасын пайдалануу укуктары токтогон учурдан тартып 10 күндүн ичинде тийиштүү кабарлоо жарыялайт жана жер казынасын пайдалануу укуктарын кайталап берүү ыкмасын: конкурс, аукцион же "биринчи берилген арыз" эрежесин көрсөтөт. 5. Ал боюнча жер казынасын пайдалануу укугу токтотулган жер казынасынын тилкесине "биринчи берилген арыз" эрежеси боюнча жер казынасын пайдалануу укуктарын берүүдө, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн расмий Интернет-сайтында лицензияга жаңы арыз берүү жөнүндө кабарлоону аны каттаган учурдан тартып 10 күндүн ичинде жарыялайт. 6. Конкурс же аукцион өткөрүү жолу аркылуу берилүүчү жер казынасын пайдаланууга бардык лицензиялар жана лицензиялык макулдашуулар жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Интернет-сайтына ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып 6 айдын ичинде жайгаштырылууга тийиш. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ар бир лицензия боюнча маалыматтардын кен-кесири тизмеги, анын ичинде лицензиаттын аталышы, лицензиялык аянттын географиялык координаттары, лицензия алууга арыз берилген дата, лицензия берилген дата, лицензиянын колдонулушунун мөөнөтү жана түрү, бенефициарлар жөнүндө маалымат, ошондой эле пайдалуу кендин түрү көрсөтүлүп түзүлөт. Тизмек жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Интернет-сайтына жарыяланат жана жаңы лицензия берилген же учурдагы лицензияга өзгөртүү киргизилген учурдан тартып 10 күндүн ичинде жаңыланат.