Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 27
Закон КР от 31 марта 2016 года № 32 "О порядке проведения проверок деятельности органов местного самоуправления" · гл. 4Статус: действует

Статья 27. Ответственность уполномоченных органов при проведении проверок

1.

Уполномоченные государственные органы и их должностные лица в случае ненадлежащего исполнения своих функций и служебных обязанностей при проведении проверок, совершения противоправных действий (бездействия) несут ответственность в соответствии с уголовным законодательством Кыргызской Республики и законодательством Кыргызской Республики о правонарушениях.

2.

Неподтверждение в судебном порядке результатов проверки о нарушениях органом местного самоуправления законодательства Кыргызской Республики является основанием для применения уполномоченным государственным органом соответствующих мер в отношении должностного лица, проводившего проверку.

3.

О мерах, принятых в отношении должностных лиц, виновных в нарушении законодательства Кыргызской Республики при проведении проверок, уполномоченные государственные органы обязаны в месячный срок сообщить в органы местного самоуправления, права и законные интересы которых нарушены.

4.

Ущерб, причиненный органам местного самоуправления в результате неправомерных действий уполномоченных государственных органов либо их должностных лиц, нарушивших права органов местного самоуправления, а также вследствие ненадлежащего осуществления этими уполномоченными государственными органами либо их должностными лицами предусмотренных законодательством Кыргызской Республики обязанностей по отношению к органам местного самоуправления, подлежит возмещению этими должностными лицами в порядке, установленном законодательством Кыргызской Республики.

(В редакции Закона КР от 6 апреля 2023 года № 79)

Кыргызча
Текшерүүлөрдү жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу органдардын жоопкерчилиги 1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана анын кызмат адамдары текшерүүлөрдү жүргүзүүдө өздөрүнүн функцияларын жана кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаган, укукка сыйбаган аракеттерди (аракетсиздикти) жасаган учурда Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. 2. Сот тартибинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы жөнүндө текшерүүнүн натыйжалары тастыкталбагандыгы текшерүү жүргүзгөн кызмат адамына карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан тийиштүү чараларды колдонуу үчүн негиз болуп саналат. 3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууда күнөөлүү кызмат адамдарына карата кабыл алган чаралар жөнүндө бир айлык мөөнөттө укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына билдирүүгө милдеттүү. 4 Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар же болбосо алардын кызмат адамдары тарабынан укукка сыйбаган аракеттердин натыйжасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарын бузган, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттерин талаптагыдай жүзөгө ашырбоонун натыйжасында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар же алардын кызмат адамдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына келтирген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ошол кызмат адамдары тарабынан толтурулууга жатат. (КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)