Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 24
Закон КР от 31 марта 2016 года № 32 "О порядке проведения проверок деятельности органов местного самоуправления" · гл. 4Статус: действует

Статья 24. Права и обязанности уполномоченных государственных органов и проверяющих должностных лиц

1.

Проверяющие должностные лица имеют право:

1) требовать от руководителя или уполномоченного должностного лица органа местного самоуправления документацию, информацию, разъяснения по вопросам, непосредственно связанным с предметом проверки;

2) в случае необходимости делать выписки и снимать копии документов;

3) посещать объекты, проводить осмотр помещений, имущества, если они имеют отношение к предмету проверки;

4) выдавать обязательные для исполнения предписания об устранении выявленных нарушений законодательства;

5) принимать меры по привлечению к ответственности должностных лиц органов местного самоуправления в случае отказа устранения нарушений законодательства Кыргызской Республики или неустранения нарушений законодательства в установленные сроки;

6) оказывать методическую и/или практическую помощь органам местного самоуправления, их должностным лицам по вопросам, связанным с предметом проверки;

7) (утратил силу в соответствии с Законом 6 апреля 2023 года № 79)

2.

Проверяющие должностные лица обязаны:

1) до начала проверки предъявить служебное удостоверение и передать руководителю органа местного самоуправления или уполномоченному должностному лицу органа местного самоуправления один экземпляр решения (распоряжения, приказа, предписания) уполномоченного государственного органа о проведении проверки и ознакомить его с предметом проверки;

2) проводить проверки в строгом соответствии с предметом проверки, обозначенным в решении (распоряжении, приказе, предписании) уполномоченного государственного органа о проведении проверки и в соответствии с настоящим Законом;

3) проводить проверки в рабочее время органов местного самоуправления;

4) проводить проверки при необходимости в присутствии руководителя органа местного самоуправления или должностного лица органа местного самоуправления, уполномоченного руководителем, или специалиста органа местного самоуправления, чьи вопросы подвергаются проверке;

5) предоставлять по требованию руководителя или уполномоченного должностного лица органа местного самоуправления заявление (если проверка инициируется на основании заявления), а также иные документы, на основании и в соответствии с которыми проводится проверка, а также требования законодательства исполнение и соблюдение которых возложены на органы местного самоуправления;

6) получать копии, выписки документов, необходимых для проведения проверки;

7) обосновывать нарушения законодательства, выявленные в ходе проверки, с указанием конкретных норм действующего законодательства Кыргызской Республики;

8) произвести запись в книге учета проверок о проводимой проверке;

9) не распространять конфиденциальную информацию, полученную в результате проверки;

10) исполнять иные обязанности, предусмотренные настоящим Законом.

3.

Уполномоченные государственные органы обязаны:

1) осуществлять финансирование всех затрат, связанных с проведением проверок за счет средств республиканского бюджета;

2) не использовать противоречия и несоответствия законодательства Кыргызской Республики, устанавливающие требования, подлежащие проверке, против органов местного самоуправления;

3) в случае выявления противоречий и несоответствий в законодательстве Кыргызской Республики направлять соответствующим государственным органам предложения по их устранению или усовершенствованию;

4) давать разъяснения органам местного самоуправления по соблюдению и правильному исполнению требований законодательства Кыргызской Республики, подлежащих проверке;

5) оказывать методическую и/или практическую помощь органам местного самоуправления в целях предупреждения, недопущения и пресечения нарушений законодательства Кыргызской Республики.

(В редакции Закона КР от 6 апреля 2023 года № 79)

Кыргызча
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана текшерүүчү кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери 1. Текшерүүчү кызмат адамдары төмөнкүдөй укуктарга ээ: 1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинен же ыйгарым укуктуу кызмат адамынан текшерүү предметине түздөн-түз байланышы бар документтерди, маалыматтарды, түшүндүрмөлөрдү талап кылууга; 2) зарыл болгон учурларда документтерден көчүрмө алууга жана документтердин көчүрмөлөрүн чыгарууга; 3) эгерде текшерүүнүн предметине тиешеси бар болсо, объекттерге барууга, жайларды, мүлктөрдү карап чыгууга; 4) айкындалган мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө жазма эскертүүлөрдү милдеттүү аткаруу үчүн берүүгө; 5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууну четтетүүдөн баш тарткан же мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө четтетпеген учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрүүгө; 6) текшерүү предметине байланышкан маселелер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, алардын кызмат адамдарына усулдук жана/же практикалык жардамдарды көрсөтүүгө; 7) (КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 2. Текшерүүчү кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) текшерүү башталардан мурда кызматтык ырастамасын көрсөтүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына текшерүү жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин (тескемесинин, буйругунун, жазма эскертүүсүнүн) бир нускасын берүүгө жана аны текшерүүнүн предмети менен тааныштырууга; 2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечиминде (тескемесинде, буйругунда, жазма эскертүүсүндө) белгиленген текшерүү жүргүзүүнүн предметине жана ушул Мыйзамга ылайык так текшерүү жүргүзүүгө; 3) текшерүүнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жумуш убактысында жүргүзүүгө; 4) зарылдык болгондо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын маселелери текшерилип жаткан адисинин катышуусунда текшерүүнү жүргүзүүгө; 5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу кызмат адамынын талабы боюнча текшерүүнү жүргүзүүгө негиз болгон же текшерүү жүргүзүлүп жаткан арыздарды (эгерде текшерүү арыздын негизинде демилгеленип жатса), ошондой эле башка документтерди, ошондой эле аткарылуусу жана сакталуусу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн мыйзамдардын талаптарын көрсөтүүгө; 6) текшерүүнү жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтердин көчүрмөлөрүн, документтерден үзүндү көчүрмөлөрдү алууга; 7) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын конкреттүү ченемдерин көрсөтүү менен текшерүүнүн жүрүшүндө айкындалган мыйзам бузууларды негиздөөгө; 8) жүргүзүлгөн текшерүү жөнүндө текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине жазып калтырууга; 9) текшерүүнүн жүрүшүндө алынган купуя маалыматтарды жайылтпоого; 10) ушул Мыйзамда каралган башка милдеттерди аткарууга. 3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) текшерүүлөрдү жүргүзүүгө байланышкан бардык сарптоолорду финансылоону республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырууга; 2) текшерүүгө жаткан талаптарды белгилеген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды жана ылайык келбестиктерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына каршы пайдаланбоого; 3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында карама-каршылыктар жана ылайык келбестиктер белгилүү болгон учурда аларды четтетүү же өркүндөтүү боюнча сунуштарды тийиштүү мамлекеттик органдарга жиберүүгө; 4) текшерүүгө жаткан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында талаптарын сактоо жана туура аткаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына түшүндүрмөлөрдү берүүгө; 5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, аларга жол бербөө жана бөгөт коюу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына усулдук жана/же практикалык жардам көрсөтүүгө. (КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)