Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 21
Закон КР от 31 марта 2016 года № 32 "О порядке проведения проверок деятельности органов местного самоуправления" · гл. 3Статус: действует

Статья 21. Порядок согласования с органами прокуратуры соответствующего района, города внеплановых проверок деятельности органов местного самоуправления

1.

Согласование с органами прокуратуры соответствующего района, города внеплановой проверки деятельности органов местного самоуправления проводится в оперативном порядке по запросу уполномоченных государственных органов при наличии у них оснований для проведения внеплановой проверки.

2.

Для проведения внеплановой проверки уполномоченные государственные органы направляют в органы прокуратуры соответствующего района, города запрос о проведении внеплановой проверки деятельности органов местного самоуправления с копией документов, послуживших основанием для проведения внеплановой проверки.

3.

Должностные лица органов прокуратуры для проведения внеплановой проверки деятельности органов местного самоуправления получают согласие Генерального прокурора, прокуроров соответствующих области, района, города при наличии у них оснований для проведения внеплановой проверки. При этом должностные лица органов прокуратуры при осуществлении проверок деятельности органов местного самоуправления, независимо от вида проверок, направляют сообщения органам прокуратуры соответствующего района, города для внесения их в единый учёт всех видов проверок в порядке, установленном Генеральной прокуратурой.

4.

Запросы уполномоченных государственных органов о проведении внеплановых проверок рассматриваются органами прокуратуры в оперативном порядке в день поступления такого запроса.

5.

Органы прокуратуры рассматривают поступившие запросы от уполномоченных государственных органов, в том числе от должностных лиц органов прокуратуры, на предмет соответствия их требованиям настоящего Закона и законодательства Кыргызской Республики. При наличии несоответствий органы прокуратуры вправе отказать уполномоченным государственным органам, в том числе должностным лицам органов прокуратуры, в проведении внеплановой проверки.

6.

Органы прокуратуры вправе отказать запросам о проведении внеплановой проверки в следующих случаях:

1) если основания, указанные в предложении, не соответствуют основаниям, предусмотренным в статье 8 настоящего Закона;

2) если уполномоченным государственным органом не соблюдены требования части 3 статьи 8 настоящего Закона;

3) если предмет и основание внеплановой проверки, указанные в запросе уполномоченного государственного органа, относятся к подведомственности других уполномоченных государственных органов;

4) если деятельность органа местного самоуправления, указанная в запросе, по тому же предмету и по тому же основанию проверяется иным уполномоченным государственным органом;

5) если по предмету и основаниям, указанным в запросе уполномоченного государственного органа, проведена соответствующая внеплановая проверка и не истек установленный законом срок проведения следующей проверки;

6) если по предмету и основаниям, указанным в запросе уполномоченного государственного органа, органом местного самоуправления приняты исчерпывающие меры;

7) если доводы заявителя, указанные в запросе уполномоченного государственного органа, являются повторными и в которых не приводятся новые факты или вновь открывшиеся обстоятельства, а также по ним имеются исчерпывающие материалы проверок;

8) если по тому же предмету и по тому же основанию, указанному в запросе уполномоченного государственного органа, проводится судебный процесс;

9) если по основаниям, указанным в запросе уполномоченного государственного органа, имеется окончательное вступившее в законную силу решение суда;

10) если орган местного самоуправления, указанный в запросе, в соответствии с законодательством не подведомственно уполномоченному государственному органу по территориальной принадлежности.

Кыргызча
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүүнү тийиштүү райондун, шаардын прокуратура органдары менен макулдашуунун тартиби 1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландан тышкары текшерүүнү тийиштүү райондун, шаардын прокуратура органдары менен макулдашуу пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү үчүн негиздер болгондо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча ыкчам тартипте жүргүзүлөт. 2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү жөнүндө тийиштүү райондун, шаардын прокуратура органдарына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болгон документтердин көчүрмөсү менен суроо-талап жиберет. 3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү үчүн прокуратура органдарынын кызмат адамдары пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү үчүн негиздер болгондо Башкы прокуратурадан, тийиштүү областтын, райондун, шаардын прокурорлорунан макулдук алат. Мында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүнү жүзөгө ашырууда текшерүүлөрдүн түрүнө карабастан, прокуратура органдарынын кызмат адамдары Башкы прокуратура белгилеген тартипте текшерүүлөрдүн бардык түрлөрүнүн бирдиктүү эсебине киргизүү үчүн билдирүүлөрдү тиешелүү райондун, шаардын прокуратура органдарына жиберет. 4. Пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптарын прокуратура органдары мындай суроо-талап келип түшкөн күнү ыкчам тартипте карайт. 5. Прокуратура органдары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан, анын ичинде прокуратура органдарынын кызмат адамдарынан келип түшкөн суроо-талаптардын ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүү предметин карайт. Ылайык келбегендик болгондо прокуратура органдары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, анын ичинде прокуратура органдарынын кызмат адамдарынын пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүүсүнөн баш тартууга укуктуу. 6. Прокуратура органдары пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү жөнүндө суроо-талаптардан баш тартууга төмөнкүдөй учурларда укуктуу: 1) эгерде сунушта көрсөтүлгөн негиздер ушул Мыйзамдын 8-беренесинде каралган негиздөөлөргө ылайык келбесе; 2) эгерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптары сакталбаса; 3) эгерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптарында көрсөтүлгөн пландан тышкаркы текшерүүнүн предмети жана негиздөөсү башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга караштуулугуна кирсе; 4) эгерде суроо-талапта көрсөтүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши ушул эле предмет жана ушул эле негиздөө боюнча башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан текшерилип жатса; 5) эгерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабында көрсөтүлгөн пландан тышкаркы текшерүүнүн предмети жана негиздөөсү боюнча тийиштүү пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлсө жана кийинки текшерүүнү жүргүзүүгө чейин мыйзамда белгиленген мөөнөт бүтө элек болсо; 6) эгерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабында көрсөтүлгөн предмет жана негиздөөлөр боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аларды чечүү жана четтетүү боюнча толук чараларды көрсө; 7) эгерде арыз берүүчүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабында көрсөтүлгөн жүйөлөрү кайталанма болуп саналса жана аларда жаңы фактылар же жаңы ачылган жагдайлар келтирилбесе, ошондой эле алар боюнча текшерүүнүн толук материалдары болсо; 8) эгерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабында көрсөтүлгөн ошол эле предмет жана ошол эле негиздөөлөр боюнча сот процесси өтүп жатса; 9) эгерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштарында көрсөтүлгөн негиздөөлөр боюнча соттун мыйзамдуу түрдө биротоло күчүнө кирген чечими болсо; 10) эгерде суроо-талапта көрсөтүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мыйзамдарга ылайык аймактык таандуулугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында болбосо.