Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 20
Закон КР от 31 марта 2016 года № 32 "О порядке проведения проверок деятельности органов местного самоуправления" · гл. 3Статус: действует

Статья 20. Порядок согласования с Генеральной прокуратурой плана проведения плановых проверок деятельности органов местного самоуправления

1.

Для проведения плановой проверки деятельности органов местного самоуправления уполномоченный государственный орган направляет в Генеральную прокуратуру на согласование проект ежегодного плана не позднее 10 декабря года, предшествующего году проведения проверок.

2.

Проект плана уполномоченного государственного органа, в том числе органов прокуратуры, по проведению плановой проверки, рассматривается Генеральной прокуратурой на предмет соответствия ее требованиям настоящего Закона и иным нормативным правовым актам Кыргызской Республики в течение 10 рабочих дней.

3.

По результатам рассмотрения проекта плана уполномоченного государственного органа по проведению плановой проверки органов местного самоуправления Генеральная прокуратура обязана согласовать проект плана либо отказать в его согласовании, направив свои замечания и предложения по нему уполномоченному государственному органу.

4.

Уполномоченный государственный орган повторно направляет в Генеральную прокуратуру для согласования проект плана проведения проверки с учетом поступивших замечаний и предложений Генеральной прокуратуры.

5.

Генеральная прокуратура обязана согласовать проект плана по проведению плановой проверки органов местного самоуправления уполномоченным государственным органом в течение 5 рабочих дней со дня поступления скорректированного плана проверок.

6.

План проведения проверок деятельности органов местного самоуправления, осуществляемых уполномоченными государственными органами (территориальными, структурными подразделениями) утверждается руководителем уполномоченного государственного органа не позднее 30 декабря года, предшествующего году проведения проверок.

7.

План проведения проверок деятельности органов местного самоуправления, осуществляемых органами прокуратуры (территориальными подразделениями) утверждается Генеральной прокуратурой не позднее 30 декабря года, предшествующего году проведения проверок.

8.

Утвержденные ежегодные планы уполномоченных государственных органов, в том числе органов прокуратуры, подлежат размещению на официальных сайтах Генеральной прокуратуры и соответствующих уполномоченных государственных органов в течение 10 рабочих дней со дня утверждения.

(В редакции Закона КР от 6 апреля 2023 года № 79)

Кыргызча
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине пландык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн планын Башкы прокуратура менен макулдашуунун тартиби 1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине пландык текшерүү жүргүзүү үчүн текшерүүлөр жүргүзүлө турган жылдан мурунку жылдын 10-декабрынан кечиктирбестен, ар жылдык пландын долбоорун Башкы прокуратурага макулдашууга жиберет. 2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын ичинде прокуратура органдарынын пландык текшерүү жүргүзүү боюнча планынын долбоору анын ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүсүнүн предмети жагында 10 жумушчу күндүн ичинде Башкы прокуратура тарабынан каралат. 3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине пландык текшерүү жүргүзүү боюнча долбоорун кароонун натыйжалары боюнча Башкы прокуратура бул пландын долбооруна макулдук берүүгө же болбосо өзүнүн сын-пикирлерин жана сунуштарын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүү менен бул пландын долбоорун макулдашуудан баш тартууга милдеттүү. 4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Башкы прокуратурадан келип түшкөн сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен, текшерүү жүргүзүү планынын долбоорун макулдашуу үчүн Башкы прокуратурага кайра жиберет. 5. Башкы прокуратура ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген текшерүүлөрдүн такталган планы келип түшкөн күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде жергиликтүү башкаруу органдарынын ишине пландык текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча пландын долбоорун макулдашууга милдеттүү. 6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын (аймактык, түзүмдүк бөлүктөрдүн) текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу планын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси текшерүү жүргүзүлүүчү жылдан мурдагы жылдын 30-декабрынан кечиктирбестен бекитет. 7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине прокуратура органдарынын (аймактык бөлүктөрүнүн) текшерүү жүргүзүүсүнүн планын текшерүү жүргүзүлүүчү жылдан мурдагы жылдын 30-декабрынан кечиктирбестен Башкы прокуратура бекитет. 8. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, анын ичинде прокуратура органдарынын бекитилген ар жылдык пландары алар бекитилген күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде Башкы прокуратуранын жана тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын расмий сайттарында жайгаштырылууга жатат. (КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)